АКШ менен Өзбекстандын мамилеси күчөп барууда

254
0

АКШ менен Өзбекстандын мамилеси күчөп барууда

“Өзбекстан менен АКШ ортосундагы мамиле Шавкат Мирзиёевдин президенттиги доорунда жаңы баскычка көтөрүлдү”, – деп кабарлады АКШ мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Хизер Науерт.

Науерттин билдиришинче, Өзбекстан менен АКШ ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлүп барууда жана бул нерседе Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиёев жүргүзүп жаткан реформалар өтө маанилүү.

Хизер Науерт өз билдирүүсүндө,  АКШнын мамлекеттик эмес уюмдарына Өзбекстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө 15 жылдан кийин уруксат берилгендигин эки өлкө ортосундагы мамиле жакшырып бара жаткандыгына мисал кылып келтирди. Науерттин билдиришинче, АКШнын билим берүү системасы боюнча “Councils” аттуу мамлекеттик эмес уюмуна Өзбекстанда ишмердүүлүгүн баштоого уруксат берилген.

Туркистон:

Өзбекстан стратегиялык чекитте жайгашкандыгы жана региондо көптөгөн кен-байлыктарга ээ экендиги о.э. Ислам динине бекем этикад кылуучу калкы менен Орто Азиядагы башка өлкөлөрдөн айырмаланып турат.

Өзбекстанда Каримов режими доорунда Исламга каршы “катуу союл” саясат жүргүзүлдү. Т.а. динине бекем турган адамдар куугунтукталып, камакка алынды, сүргүн кылынды жана өлтүрүлдү. Сакал койгон эркектер куугунтукталып, хижаб кийген аялдар акааратталды, ал тургай мечиттерде азанды үн күчөткүчтөр менен айтууга тыюу салынды.

Американын Ислам жана мусулмандарга каршы саясаты болсо мындан бир аз айырмаланат. Ал “катуу союл” саясатынын ордуна, көбүрөөк айла-амал, алдоо жана адаштыруу ыкмаларына таянат. Муътадил (мээлүүн) Ислам, демократиялык Ислам, илманий (светтик) Ислам тарапкерлерин пайда кылып, айлакердик менен күрөшөт. Тышкы көрүнүшү Исламий болгон, диний көрүнүштөрдү жактай турган, мечиттерди ачып бере турган, эркектерге сакал коюп, аялдарга хижаб кийүүгө уруксат бере турган илманий «Түркия модели» сыяктуу Исламга кеңири шарттарды түзүп берет. Бирок, Америка бул аркылуу Исламдын пайдубалы болгон «Лаа илаха иллаллах, Мухаммадур расулуллох» түшүнүгүнө катуу сокку берүү максатын көздөйт. Ошондуктан, мусулмандар Американын мындай демократиялык Ислам, илманий Ислам, муътадил Ислам деген айла-амалдарына алданбашы керек о.э. ар бир кырдаалга «Лаа илаха иллаллах, Мухаммадур расулуллох» позициясынан туруп баа бериши керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here