Трамп: АКШ Дүйнөлүк соода уюмунан чыгышы мүмкүн

357
0

Трамп: АКШ Дүйнөлүк соода уюмунан чыгышы мүмкүн

Дональд Трамп эгерде Дүйнөлүк соода уюмунда (ДСУ) оң тарапка өзгөрүү болбосо, АКШ андан чыгышы мүмкүндүгүн билдирди.

  Президент Трамп “Bloomberg” агенттигине берген интервьюсунда:  “Эгерде алар өз ишин жакшыртпаса, мен ДСУдан чыгамын”, – деди. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.

О.э. Трамп ДСУ көптөгөн жылдардан бери АКШга өтө жаман мамиледе болуп жатканын кошумчалаган.

Июль айынын башында “Axios” порталында жарыя кылынган маалыматка ылайык, АКШ админстрациясы ДСУ талаптарын четке кагууга мүмкүнчүлүк берүүчү мыйзам долбоорун киргизүүнү пландаштырууда. Эгерде документ кабыл алынса, президент конгресстин макулдашына муктаж болбостон, бир тараптуу көрүнүштө импорттук товарларга бажы төлөмүн киргизүү укугуна ээ болот.

О.э. жаңы норма ДСУнун негизги принциптерин четке кагуу укугун берет. Мыйзам чыгаруу мекемесиндеги булактын билдиришинче, аталган документтин кабыл алынышы, өлкөнүн Дүйнөлүк соода уюмунан чыгуусуна барабар.

Трамп ушул кабар жарыя кылынгандан үч аптадан кийин Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолугушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында Трамп АКШ менен Европа Союзу Дүйнөлүк соода уюмун реформа кылуу боюнча биргеликте иш баштай тургандыгын убада кылды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here