Вашингтон Россиянын жаңы куралдарына карата чектөөлөрдү киргизет

379
0

Вашингтон Россиянын жаңы куралдарына карата чектөөлөрдү киргизет

АКШнын жаңы коргоо мыйзамы, Россия президенти Владимир Путин тарабынан жарыя кылынган акыркы үлгүдөгү куралдарды чектөө чараларын камтыйт.

Мыйзамга ылайык, АКШ президенти Дональд Трамп 31-декабрдан кечиктирбестен стратегиялык куралдарды чектөө боюнча Вашингтондун Москва менен өткөргөн диалогу жөнүндө конгресске отчёт сунушташы керек. Бул чектөө       Россиянын жаңы иштелип чыккан куралдарын, өзгөчө Россиянын “сармат” континенттер аралык ракетасы, “Х 101” ядролук канаттуу ракетасы жана орустар “Посейдон” деп атоочу “Статос 6” суу астында жүрүүчү кемесин да камтышы керек.

АКШ админстрациясы өз отчётунда бул маселе боюнча Россиянын позициясы кандай болууда жана Вашингтон тараптан бирер саясий, экономикалык жана аскерий чаралар талап кылынабы же жокпу, ушул тууралуу конгресске кабар бериши шарт.

Эске сала кетсек, чабуул кылуучу стратегиялык куралдарды чектөө боюнча жаңы келишим 2011-жылы күчүнө кирген. Келишимдин мөөнөтү 2021-жылы бүтөт жана  2026-жылга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү бар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here