Иран Сириядан чыгып кетүү шарттарын маалымдады

436
0

Иран Сириядан чыгып кетүү шарттарын маалымдады

Иран Сириядагы кырдаал жөнгө салынып, терроризмге каршы күрөш аяктаса ал жердеги аралашуусун айзайтат же биротоло чыгып кетет. Бул тууралуу Иран тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Бахром Косими кабарлады.

 Косими “Pana” агенттигине берген интервьюсунда: “Биз бул мамлекетте Сирия өкмөтү канча кааласа, ошончо болобуз. Сирия бийлигинин кайрылуусунан тышкары, терроризмге каршы күрөш да маанилүү милдет болгон эле. Биз Сирия туруктуулукка жакын экени, терроризм менен күрөшүү аяктап жатканы жана олуттуу ийгиликтерге жетишилгенин көрөрүбүз менен, албетте, бул мамлекеттеги аралашуубузду кыскартабыз же бүтүндөй чыгып кетебиз”, – деди.

Июль айынын орто ченинде Ирандын жогорку жетекчиси Аятулла Али Хамейнинин эл аралык иштер боюнча кеңешчиси Али Акбар Велаяти Ирандын Сириядагы аралашуусу улана беришин, антпесе террорчулар активдүү аракетке өтүшү мүмкүн экендигин билдирген эле. Анын айтымында, Иран кошуундары Сирияда расмий Дамасктын суранычы менен турат о.э. башка мамлекеттин, ошону менен бир катарда, АКШнын  мамлекеттен кошуундарды алып чыгуу талабы күлкү келтире турган иш. Мындан тышкары, Ирандын Сириядагы аралашуусунун (Израилге) эч кандай байланышы жок.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here