Бир тараптан жардам берип, башка бир тараптан өлтүрүүдө!
БУУ Яман (Йемен) боюнча кабыл алган токтому аркылуу этникалык согуш отун жагып, Ямандагы жаш балдарды өлүмгө дуушар кылып жатса, башка бир тараптан өзүнүн ЮНИСEФ фонду аркылуу ямандык балдарга жардам берүүдө.
Көптөн бери саясий туруксуздукту башынан өткөрүп келе жаткан Яманда бийликке каршы баш көтөргөн Хусилер 2014-жылдын сентябрь айынан баштап борборду жана айрым аймактарды көзөмөлүнө алган. АКШ башчылыгында түзүлгөн коалициялык күчтөр болсо Хусилерди жок кылуу шылтоосу менен Яманды урандыга айлантып жатат. Бул кыйратуулар БУУнун тастыктоосу аркылуу ишке ашып жаткандыгы жашыруун сыр эмес.
А бирок, БУУнун ЮНИСEФ фонду Ямандагы жаш балдарга жардам берип жаткандыгы айтылууда. Жакында эле аталган фонд өз билдирүүсүндө, Ямандагы муктаж балдарга 59 миллион доллардык жардам берерин жарыя кылды. Билдирүүдө келишинче, аталган жардам чума сыяктуу оорулардын алдын алуу, жаш балдарды билим, суу, санитария, коргоо жана тамак-аш менен камсыздоого жумшалат.
Негизи, Жакынкы Чыгышты канга батырган БУУ жана АКШ бул жардамдары аркылуу өздөрүнүн канкордугун жашырмакчы болушууда. Себеби, БУУ жардам үчүн (эгерде муну жардам деп атоо мүмкүн болсо) каражатты араб мамлекеттеринен чогултуп алат. ЮНИСEФ фонду өз билдирүүсүндө, жогорудагы 59 миллион доллардык жардамды Кувейттен алгандыгын маалымдады.