Путин Трампка “көйгөйлүү чекиттерге” көңүл бурууну сунуштады
АКШ президенти Дональд Трамп билдиргендей, Вашингтон менен Москванын жакшы алакаларды жолго коюу мүмкүнчүлүгү бар.
Дональд Трамп Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуунун алдында: “Биздин мамлекеттерибизде өз ара алаканы жакшыртуу үчүн мүмкүнчүлүктөр бар. Мындай алаканы көптөгөн жылдарга сактап калуу мүмкүн”, – деген.
Путин америкалык кесиптешине “көйгөлүү чекиттерге” көңүл бурууну сунуштаган.
Путиндин айтымында, мамлекет башчылар үзгүлтүксүз диалогду улантышы зарыл.
“Биз туруктуу көрүнүштө мамиле кылып келебиз. Биз телефон аркылуу сүйлөшөбүз, эл аралык майдандарда жолугуштук. Эми болсо өз ара мамилебиз жана эл аралык майдандагы “көйгөйлүү чектиттерди” талкуулоонун убагы келди”, – деген Путин.
Путин көңүл буруу зарыл болгон темалар көп экендигин баса белгилеген.