Жон Маккейн: Трамп менен Путиндин жолугушуусу “трагедиялык ката”

374
0

Жон Маккейн: Трамп менен Путиндин жолугушуусу “трагедиялык ката”

Америкалык сенатор Жон Маккейн АКШ президенти Дональд Трамп менен Россия президенти Владимир Путиндин Хельсинкидеги жолугушуусун “трагедиялык ката” деп атады.

Маккейндин пикиринде, Путин жана Трамптын биргеликтеги маалымат жыйыны “президент Трамптын эң шерменделүү аракеттеринин бири болду”. Анын айтымында, бул маалымат жыйыны АКШ президенттиги “тарыхтагы эң төмөн деңгээлде экендигин” көрсөттү.

Сенатордун айтышынча, Трамп кара мүртөздүгү, өзүмчүлдүгү, автократтарга ырайым кылышы менен жеткирген зыянды “эсептеп чыгуу кыйын” жана Трамптан мурунку бир да президент “залим диктатор алдында мындай төмөндүккө түшпөгөн”.

Сенатордун пикиринде, Трамп “атаандашына акыйкатты айта албаган”.

“Президентибиз бизди кандай болсок, ошондой т.а. өзүндө жана чет өлкөдө эркиндик баалуулуктарына шенимдүүү болгон эркин адамдар мамлекети кылган нерселерди коргой албады”, – деп айткан Маккейн.

Анын айтымында, АКШ президенттери бул баалуулуктарды колдоп-кубаттоочулар арасында биринчилерден болушу керек.

Сенатор сөзүнүн аягында:“Америкалыктар Трамп бул жоопкерчиликти мойнуна алышын күтүүдө жана буга ишенүүдө”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here