АКШ бажы төлөмү алына турган Кытай товарларынын тизмесин кеңейтти

406
0

АКШ бажы төлөмү алына турган Кытай товарларынын тизмесин кеңейтти

АКШ Кытайдан импорт кылынуучу жана 10%дык бажы төлөмү алына турган 200 миллиард доллар баасындагы товарлардын кошумча тизмесин даярдады. Бул тууралуу соода сүйлөшүүлөрүнө катышып жаткан АКШнын өкүлү Роберт Лайтхайзер кабарлады.

Президент Дональд Трамптын админстрациясы Кытай “адилетсиз соода операцияларын өзгөртүүнү” каалабай жатканы себептүү ушундай чараларды көрүүгө мажбур.

 Роберт Лайтхайзер: “Бул Кытай соода саясатынын АКШга жеткирип жаткан зыянын жоюу үчүн кылынган жана мыйзамда каралган татыктуу жооп”, – деди.

Лайтхайзердин айтымында, өткөн аптадан баштап, АКШ бажы кызматы Кытайдан импорт кылынып жаткан, жалпы баасы 34 миллиард долларга барабар болгон товарларга 25% бажы төлөмүн алып баштаган. Дагы 284 түрдөгү жалпы баасы 16 миллиард доллар болгон Кытайдын товарларына кудум ушундай бажы алымдарынын киргизилиши Трамп админстрациясы тарабынан кийинчерээк жарыя кылынат.

 “Буга жооп иретинде Кытай да АКШдан импорт кылынып жаткан, жалпы баасы 34 миллиард долларга барабар болгон товарларга бажы алымдарын киргизди жана бул тизмени дагы 16 миллиард доллардык товарлар менен толтура тургандыгын айтып коркутту”, – деди Лайтхайзер.

 “Кытайдын бул аракеттерине жана соода опреацияларын өзгөртпөй жатканына жооп иретинде, президент Трамп Кытайдан келип жаткан, жалпы баасы 200 миллиард доллар болгон кошумча товарлар тобуна 10%дык бажы алымын киргизүүгө тапшырма берди”, – деди Лайтхайзер.

Анын айтымында, 10%дык бажы төлөмү салынуучу  товарлардын тизмеси жакынкы күндөрдө  “Federal Registerа” маалымат агенттигинде жарыя кылынат. Бул топтогу товарларга бажы алымы болжол менен 2 айдан кийин киргизилет.

Трамп Кытай менен соодада жүз берип жаткан жана жылына 500 миллиард долларга жетип жаткан дефицит ага жакпастыгын көп жолу кайталаган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here