Иран АКШ санкцияларына каршы жаңыча күрөш ыкмасын маалымдады
Ирандын вице-президенти Эсхак Жахангирининн билдиришинче, Иран бийлиги АКШ санкцияларына каршы туруу максатында жеке менчик секторго нефть экспорт кылууга уруксат берет. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.
Чиновниктин айтымында, АКШ каалап жаткандай, чет өлкөлөрдүн Ирандан нефти сатып алуусун нөлгө түшүрүү иш жүзүндө мүмкүн эмес. “Tasnim” агенттиги Иран нефть министрлигиндеги жооптуулардын биринин ушул сыяктуу пикирин келтирген.
“Mehr”агенттиги жогорудагы жооптуунун: “Биз достук мамиледеги өлкөлөр менен маселени талкуулашып, нефть сатууга жол ачтык. Чийки нефть ички биржага чыгарылат жана аны жеке сектор да экспорт кыла алат”, – деген сөздөрүн келтирген.
Анын айтымында, өкмөттүн белгилүү бир программасы бар болуп, ал Иранга керектүү өлчөмдө нефть сатуу мүмкүнчүлүгүн берет жана АКШ пландарын жокко чыгарат.
Өткөн аптада АКШ мамлекеттик департаментинин жогорку даражалуу бир жооптуусу, Вашингтон бардык союздаштарын ноябрь айынын башына чейин Иран нефтисинен баш тартууга көндүрүү боюнча иштеп жаткандыгын жарыя кылган эле. Анын айтымында, мындай сүйлөшүүлөр Кытай сыяктуу башка мамлекеттер менен да жүргүзүлүүдө. Мындан бир аз убакыт мурда АКШ Иран менен түзүлгөн ядролук келишимден чыгып, Иранга карата санкциялар кайрадан күчүнө киргендигин жарыя кылган эле.