Америка менен Түндүк Корея лидерлеринин саммити тууралуу

413
0

Америка менен Түндүк Корея лидерлеринин саммити тууралуу

Суроо:
2018-жылдын 12-июнунда Сингапурда өткөн саммитте Америка менен Түндүк Корея лидерлери жолугушту. Ал саммиттин алкагында эки тараптуу документке кол коюшту. Бул ымалага келишүү тез арада ишке ашты. Маалым болгондой өткөн жылы бул эки өлкө ортосундагы алакаларда чыңалуу жүз берген эле. Алар бири бирин өзөктүк курал менен коркутууга алышкан. Ушундай абалда болуп туруп, булар кандай тез арада ымалага келишишти? Мунун мааниси жана натыйжасы кандай?

Жооп: Мунун акыйкатын ачыктап бериштен мурун төмөнкүлөргө токтолуп өтүү зарыл.
Америка Түндүк Кореяны өзөктүк куралынан баш тартышы үчүн кайра-кайра коркутту. Бирок бул коркутуулар натыйжа бербеди. Түндүк Корея Американын бул басымына моюн сунбады. Ал өзөктүк курал долбоорунан да баш тартпады… Ушул учурда Америка башка ыкма колдонууга баш урду. Ал ыкма дипломатиялык саясий экономикалык кысымдар болду. Бул ыкмаларды ишке ашырууда АКШ Кытай аркылуу зор күчүн жумшады. Бул тууралуу 2017. 04. 23 чыккан суроо-жоопто айтып өткөнбүз. Анда мындай деп келген: «Ошондуктан Америка азыркы учурда Түндүк Корея менен согушка кирүүгө даяр эмес. Анын алдында ылайыктуу чечим да жок. Ал Кытайдын кысым кылышын күтүп жатат. Аны эртелетишке да ынтызар. Кытай Пхенян өзөктүк курал долбоорунан баш тартышы үчүн ага карата кысым өткөрүшү үчүн Америка Кытайды өзүнүн сөзүн угууга мажбурлап жатат…»
Америка мамлекет катчысынын Чыгыш Азия жана Тынч океан иштери боюнча жардамчысы Сьюзан Торнтон мындай деди: «Америка Корея жарым аралындагы бул мүшкүлдү тынч жол менен өзөктүк куралсыздандыруу аркылуу чечүүнү каалайт» (Россия сегодня 2017. 04. 17) Эки тарап ортосуна Кытай ортомчулугу жана кысымы менен дипломатиялык байланышуулар башталды. Америка Түндүк Корея өзөктүк курал долбоорунан баш тартышы үчүн ага карата аны эл аралык коомчулуктан обочолонтуп салуу, ага карата эл аралык каршы пикир пайда кылуу жана экономикалык саясий кысымдарга алууну ишке салды. Буга кошумча эл аралык коомчулук Түндүк Кореяга карата ачык болушу жана аны Түштүк Корея аркылуу түзмө түз экономикалык жактан колдоого алып, гүлдөй турган экономика убадасы менен да азгырды.
Кийин Кытай аркылуу жашыруун түрдөгү дипломатиялык байланыштар ишке салынды. Американын мурунку ТИМи Тилерсон Түндүк Кореялыктар менен Кытай аркылуу 2017-жылдын июлунда сүйлөшүүлөрдү алып барды. Тиллерсон Түндүк Кореялыктар менен Кытай аркылуу жашыруун сүйлөшүүлөрдү алып барып жаткан учурда Трамп Түндүк Кореяны жер бетинен жок кылып жиберем деген абсурд билдирүүсүн берди. Түндүк Кореялыктар Трамптын бул билдирүүсүн угушкандан кийин сүйлөшүүлөрдү таштап Кытайдан Кореяга кайтып кетишти… Ошондон кийин Тиллерсон ачууланып 20-июлда Трампты акмакка теңеген билдирүүсүн берди. 4-октябрда Американын NBC каналы да үч Америкалык жооптуунун бул тууралуу айткандарын билдирди. Трамп өзүнүн твиттеринде Тиллерсондун бул билдирүүсүнө карата Американын Түндүк Кореялыктар менен түзмө-түз байланыша ала турган жолу бардыгын билдирип мындай деди: “Мен Рекс Тиллерсонго кичинекей ракетасы бар адам менен сүйлөшүү өткөрүүгө аракет кылып убактыңды бекерге кетирип жатасың дедим…” Ушундай эле окуя Американын вице-президенти Майк Пенс кышкы олимпиада оюндарына катышуу шылтоосу менен Түштүк Кореяга келип Түндүк Кореялыктар менен жолугушуу өткөрүү аракетин кылып жатканда дагы кайталанды. Майк Пенс буга ишаара катары Жапониянын Йокота аймагындагы Америка базасындагы куралдуу күчтөрдүн алдында туруп сүйлөгөн сөзүндө айтып өттү: “Биздин мамлекет дайыма тынчтыкка умтулат. Биз жаркын келечек үчүн мурдагыдан да көбүрөөк иш алып барабыз.” («Reuters» 2018. 02. 07) Майк бул сөзүн – Түндүк Кореяга 80 км жакын жайгашкан Пхенчжан аймагындагы кышкы олимпияда оюндарынын ачылыш аземине катышуу шылтоосу менен Түндүк Кореялыктар менен жолугушуунун алдында айтты. Бирок Пенс үч күндөн кийин 10-февралда мындай деди: «Түндүк Кореяны өзүнүн өзөктүк долбоорунан баш тартканга чейин экономикалык жана дипломатиялык жактан обочолонтуп туруу зарыл иштерден…» (Аль арабия 2018. 02. 10) Ушул нерсе Түндүк Кореялыктардын Пенс менен жолугушуусун жокко чыгарууга түрттү. Мунун баары Американын саясий услубу, башкача айтканда Трамп ишке салып жаткан ыкмалар өзүнүн каршылаш тарабына сүйлөшүүлөр, дипломатиялык алакалар арасында басым өткөрүп Америка каалап жаткан нерсеге макул кылууга каратылгандыгына далаалат кылат. Бул нерсени Майк Помпеонун борбордук чалгын кызматына кызматка келген учурда айткан билдирүүсү да тастыктап турат: «Трамп Түндүк Корея менен болгон кризисти дипломатиялык жол менен чечүүгө багытап жатат. Бирок борбордук чалгын кызматы башка жолдорду караштыруу үстүндө иштеп жатат». (Reuters 2018. 01. 23) Мына ушундайча дипломатиялык жол менен опузалоо жолун бириктирип иш алып барууга бел байлашты. Бул ыкма башкача айтканда дипломатиялык сүйлөшүүлөр арасында опузага алуу Тиллерсонго жаккан жок. Ага ТИМ катары бул нерсе оорчулук жаратты. Трамп аны жумуштан алды.
Мына ушундайча Түндүк Корея менен болгон мындай ыкма натыйжа бербеди. Алар опузаны сезе баштаганда эле сүйлөшүүлөрдү токтотуп коюп жатышты. Эгер Кытай киришпегенде эки өлкө башчысы жолуккан саммит болмок эмес. Ошондуктан Трамп Сингапурда Ким Чен Ын менен жолугушкандан кийинки пресс-конференцияда Кытай лидерине карата ыраазылыгын билдирди: “Кытай лидери Си Цзиньпин бул тарыхый саммиттин ишке ашуусуна акыркы айларда өзгөчө күч аракет жумшагандыгына ыраазылык билдирем” (AFP 2018/6/12)
Кытай Түндүк Корея чегинүүлөргө барышы үчүн кысым кылды. Кытайдын расмий кабар агенттиги “Синьхуа” 28-мартта “ Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын расмий эмес иш сапары менен 3 күн Кытайда болгонун билдирди. Эки тарап Корея жарым аралындагы абал тууралуу жалпы түрдө талкуулашты. Си Цзиньпин Ким Чен Ынга Түндүк Корея жарым аралында тынчтык туруктуулук орношу үчүн Түндүк Корея өзөктүк куралсызданышы зарылдыгын билдирди. Ошондой эле маселени сүйлөшүүлөр аркылуу чечилүүсү зарылдыгын да белгилеп өттү…” Түндүк Корея кабар агенттиги: “Корея лидери Ким Чен Ын Кытайга болгон сапарында Си Цзиньпиндин кайрадан мамлекет башчы болуп шайланышы менен жекече куттуктап, эки өлкө ортосундагы достук салттар шайкеш экендигин белгиледи. Анын Кытайга болгон бул биринчи иш сапары Корея жарым аралында тынчтык жана туруктуулукту камсыз кылууга багытталаарынан үмүтү зор экендигин билдирди. Ошондой эле Америка жана Түштүк Корея лидерлери менен да жолугушууга даяр экендигин белгилеп өттү…” Дагы кошмучалап “Кореяны өзөктүк куралсыздандыруу мүмкүн. Эгер Вашингтон менен Сеул тынчтыкты ишке ашыра турган макуладашуулардын өтөөсүнө чыгышса”,- деди. Ошондуктан Трапм 28-мартта өзүнүн твиттердеги барагына бул зыяратка карата мындай деди: “Мен кечээ Кытай лидери Си Цзиньпинден Ким Чен Ын менен жолугушуусу жакшы негизде болгондугу жана Ким Чен Ын мени менен жолугушууга өтө ынтызар экендигин билдирген катын алдым”. Кытай өз кызыкчылыгы үчүн Түндүк Кореяны Америкага курбандык чалды. Ал бул жолдо Түндүк Кореяга карата катуу кысымдарды кылды. Ал тургай Ким Чен Ынды чегинүүлөргө мажбур кылып текебер Трамп менен жолугушууга даяр кылды. Кытай иш жүзүндө Түндүк Кореяга каршы санкцияларды киргизүү жана саясий дипломатиялык кысымдарды өткөрүүгө түзмө түз катышты. Ушул нерсе Түндүк Кореянын өзүнүн өзөктүк курал долбоору жаатында чегинүүлөргө баруусуна түртө турган фактор болду. Түндүк Корея эгер Кытай аны колдобой ага карата кысым кылып камалоого ала баштаса ачуу даам татып калаарынан кооптонду. Ошондуктан ал чегинүүлөргө барды. Кытайдын ТИМи Түндүк Корея маселесиндк Кытай кандай рол жаратып бергендиги тууралуу ачыктап мындай деди: “Пекин Корея жарым аралында маанилүү рол жаратты.” (Рейтер, AFP, 2018. 05. 23) Кытай өзүнүн Америка менен болгон соода кызыкчылыгы үчүн пайда алып келбеген союздашын садага чапты. Балким анын себебинен соода жаатында зыян тартып калышы да мүмкүн эле. Кытай Түндүк Корея коммунисттик союздашы болушуна да карабады. Ири коммунисттик мамлекет соода пайдасы жаатында өзүнүн коммунисттик шериктеши болгон мамлекетти коргоого эмес садага чапканга барды! Кытай, Америка Түндүк Кореяны өзөктүк куралсыздандырышы – Кытайды муунтууга жана Кытай деңизинин чыгыш түштүгүндөгү аймактарга көзөмөл кылуусун тосуп коюуга каратылганын аңдабагандай!
Бул нерсени тастыктап турган нерсе Кытай өзүнүн союздашы болгон Түндүк Кореянын Америкага карата чегинүүлөргө барып саммитке катышкандыгын кубаттап жаткандыгында көрүнүп турат. Кытайдын ири дипломаты жана Кытай мамлекеттик кеңешчилеринин мүчөсү Ван Пе самиттен кийин мындай деди: “Пекин Америка президенти Трамп менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын саммитте жолугушкандыгын кубаттайт жана өзөктүк куралсыздандыруу жаатында эки өлкө ортосунда өз ара түшүнүшүүлөр пайда болушуна үмүт артат. Ушул эле учурда Корея жарым аралындагы кооптуу абалды жайгарыш үчүн тынчтык механизмдерине муктаждык аябай чоң”. (Reuters 2018. 06. 12) Эгер Кытайда жетиштүү саясий аң сезим жана күчтүү саясий каалоо болгондо өзүнүн союздашы болгон Түндүк Кореяга карата Америка кызыкчылыгы үчүн кысым өткөрмөк эмес! Бирок Кытай эл аралык саясий майданда саясий аң сезиминин жана саясий каалоосунун алсыз экендигин айгинелеп койду. Болгону ал Америка менен болгон соода жаатындагы пайдага гана ынтызар болуп Америка кызыкчылыгы үчүн Түндүк Кореяга кысым кылды. Кытай ыраакты көрө билбеди. Америка Түндүк Кореяны өзүнө имерип алып Кытайга караганда Түндүк Кореяны жакын тутуп алышы да чындыктан алыс эмес. Америка эки Кореяны бириктирип Кытай таасиринен тышкары өзүнчө күчтү пайда кылып коюуга аракет кылат. Буга Вьетнамдагы окуя мисал боло алат. АКШ 1975-жылы Париж конвенциясынын негизинде Түндүк-Түштүк Вьетнамды бириктиргенден кийин ал Кытайга карата душмандык мамиледе болуп калды.
Түндүк Корея өзөктүк куралсыздануу жаатында бирер шарт кабыл албастан өзүнүнүн өзөктүк курал долбоорунан баш тартып саммитке катышуусуна Кытай чоң рол ойноду. Америка дүйнөдө өзөктүк куралды колдонгон жана аны жер жүзүнө таратып бузукулук кылган жападан жалгыз мамлекет. Кытай болсо Түндүк Кореяга таасир бере турган рол жаратты! Анын артынан саммит болду. Саммит эки күнгө созулат деп болжолдонгон. Бирок ал бир күн болуп кыскарды. Анткени Түндүк Корея тез арада толук түрдө Америка каалаган нерсеге макулдук берди. Түндүк Корея өзөктүк куралсызданууга даярдыгын билдирүү максатында өзүнүн өзөктүк курал тажрыйба кылган аймактарын толугу менен иштен чыгарууга киришти. Ошондой эле камактагы үч америкалыкты чыгарды. Трамп өзү ишке ашырган ишке кубанычын жашыра албай мындай деди: “Саммит аябай жакшы өттү. Алга карай жылуу өтө жогору деңгээлде болду.” Ким Чен Ын муну тарыхый кадам катары баалап мындай деди: “Дүйнө өтө чоң өзгөрүүгө күбө болот.” (Рейтер 12/16/2018) Кийин эки тараптуу документке кол коюшту. Ал төрт пунктту өз ичине алды: Биринчи: эки тарап тең элдин каалоосуна жараша жакшы алаканы орнотуу. Экинчиси: Корея жарым аралында тынчтык жана туруктуулук дайымый болушу негизинде эки тарап тең иш алып баруусу зарыл. Үчүнчүсү: Түндүк Корея жарым аралда толук түрдө өзөктүк куралсыздандыруу иштерин алып барат. Төртүнчү: 1950-1953-жылдардагы Корея согушундагы кабарсыз жоголгон же ал жерде каза болгон жана туткунда калган Америкалык аскерлердин кат кабарын билдирүү кайтаруу жаатындагы убадага байланыштуу болду. Трамп бул келишимди “ Баарын камтыган эң зарыл” келишим болду деп сыпаттады. Ким болсо өз баяндамасында “Корея жарым аралында өзөктүк куралды толук түрдө жок кылууга убада берди. (Би би си 2018. 06. 12) Бул баяндама келишим рамканын ичиндеги келишим экендигин көргөзүп турат. Башкача айтканда Иран өзөктүк келишиминен айырмаланып, өзөктүк куралсыздануу кандай болушу жана аны жок кылуу мөөнөтү аны жок кылып жаткандыгына көзөмөлдүн болуусу сыяктуу тез аранын ичинде аткарыла турган иштер көргөзүлбөгөн келишим болду. Иран келишиминде ушунун баары майда баратына чейин көргөзүлгөн эле.
Ушуга негизделип Америка Түндүк Корея менен узакка созулган же мүмкүн жылдап созула турган сүйлөшүү талкууларды өткөрөт. Көрүнүп тургандай Трамп Түндүк Корея менен тез арада келишимге жетүүнү жана Корея маселесин бир жаңсыл кылууну каалады. Ошондуктан ал опузага алуу иштерин кылды. Ал бул иштерден артка да кайта албайт эле. Бир гана ийгилике жетүү менен артка кайта турган позицияда болду. Маалым болгондой ал Түндүк Кореянын чегинүүлөргө баруусу жаатында ийгиликке жетишти. Биз жогоруда айтып өткөнүбүздөй Кытайдын Түндүк Кореяга карата басымы болбогондо Трамптын опузага алуусу натыйжа бермек эмес. Ал тургай Түндүк Корея өзөктүк долбоорунан баш тартып келишимге кол койгон саммит да иш жүзүнө ашмак эмес. Ушундан кийин гана Трапм бул ишти тарыхый жеңиш катары жаздырды. Бул иш эки жылдан кийин боло турган экинчи жолку президенттик шайлоодо көптөгөн жеңилдиктерди берет. Ошондой эле азыркы күнгө чейин токтобой ага карата болгон аңкоо келесоо деген сыяктуу каралоолорду да жаап кете турган иш болот. Бул нерсени Трамптын өзү берген билдирүүсү да тастыктап турат: “Ким мага өз өлкөсү иш жүзүндө ракета сынай турган комплексти иштен чыгаруу иштерин алып барып жаткандыгын билдирди. Өзөктүк куралсыздандыруу иштеринин маанилүү бөлүгүн ишке ашыргандан кийин санкцияларды алып салабыз. Биз сүйлөшүүлөрдө эч кандай чегинүүлөргө барган жокпуз. Түндүк Кореяга багытталган аскерий аркеттерибизди токтотобуз. Ылайыктуу убакта Кимди Ак үйгө чакырам. Аны менен өзөктүк куралсыздандыруу келишимине кол койдум жана Түндүк Кореяны өзөктүк куралсыздандыруу үчүн бизде жетиштүү негиздер бар экендигине да ишенем”,- деди. (Аль жазиира 2018. 06. 12) Мына ушундайча Трамп Түндүк Корея менен богон чыңалуу алакасын ири жеңиш менен аяктагандыгында өзүн көргөзүүнү каалады.
Түндүк Корея менен болгон чыңалуу алакасы бүтүшү же тынчтанышы Трамптын союздаштары жана душмандары менен болгон соода согушуна карата биротоло бошоп алар менен алектенүүсүнө шарт жаратат! Ал өз союздаштары менен болгон алакасы алардын болот жана алюминийди Америкага экспорт кылышында жогору бажы салыгын жарыялагандан баштап начарлап кеткен. Алар менен болгон мурунку соода келишимине ылайык бул нерсе Америкага карата адилетсиздикти келтирип чыгарды деген жүйөнү бетине кармады. 8-июнда Трамп твиттерге Канаданын Квебекаймагында өтө турган чоң жетиликтин саммитине бара тургандыгын жазды: “Мен чоң жетилик менен боло турган адилеттүү соода келишимин чыдамсыздык менен күтүп жатам. Эгер мындай болбосо биз өзүбүзгө ыңгайлуу шартка жараша кылабыз.” Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо жана Франциянын президенти Макрон биргелешкен басма-сөз жыйынында бул жол жоболорду четке кагышты. Алар мындай дешти: “Америка менен биргелешкен билдирүү чыгарууга жана андагы нерселерди кабыл кылууга биз даяр эмеспиз” (Франс пресс 2018. 06. 06) Трамп Канада менен Францияны Америка товарларына карата олчойгон бажы салыгын киргизип койгондугу менен айыптады. Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдону “Абдан ачуулуу” деп сыпаттады. Канада жооптуусу 7-июнда журналисттерге берген билдирүүсүндө мындай деди: “Бул жерде көп маселелерге байланыштуу көптөгөн пикир келишпестиктер бар.” (Рейтер 2018/6/8) Ал тургай айлакерликти ийине келтире аткарган Француз президенти Макрон да Америкага жакындашууга аракет кылып жатканына карабастан өз демин баса алган жок. Ал мындай деди: “Чоң жетиликтеги башка алтоо эгер абал талап кылса башка өз жамаатын түзүүсү мүмкүн.” Ал Трампты айыптап мындай деди: “Түбөлүк кала турган президент жок” (Рейтер, 2018/6/8) Британиянын айлакерлиги да жүзөгө чыкты. Ал Америка астында анын бир буту калышы үчүн Америкага карата болгон бул каралоолорду кабыл албастыгын билдирип башкаларды ага карата үндөдү. Британия өкмөт башчысы Терезе Мей журналисттерге берген билдирүүсүндө: “Евро Биримдик Американын бажы салыгына карата болгон айыптоолорунда ачуусун ичине кармашы зарыл. Америкага карата айыптоолор мыйзам алкагында болушу керек”,- деди. (Рейтер, 2018/6/8) Германия канцлери 10-июнда Трамптын кол койгондугун жокко чыгарган токтомуна карата Германия телеканалы RDге берген маегинде: “Бул катаалдык, бул жолкусунда үмүттөр акталбады, бирок бул дүйнөнүн акыры эмес”,- деди. Германиянын ТИМи Хайку Мас твиттерде Трамптын твитердеги билдирүүсүнө карата жооп катары: “Эң чоң ишенимди жокко чыгарды”,- деди. Канадада өткөн чоң жетиликтин саммитинде Трампка карата айыптоолор жана чыңалуу туу чокуга жетип барды. Трамп саммитте биргелешкен билдирүүгө кол коюп кийин аны жокко чыгарып салды жана саммитти жетектеп жаткан Канаданын өкмөт башчысын “таза эмес, алсыз” деп сыпаттады. (AFP, 2018. 06. 10) Трамп саммит бүтө электе эле кетип калды ал ага кечигип да келген эле. Мына ушундайча бул союздаштар арасында соода согушу күч алып турган мезгили. Трамп 2-мартта твиттерге жазган билдирүүсүндө: “Өлкө өзү менен соода алакасын кылып жаткан мамлекеттер каршысында миллиардаган доллар зыян көрүп жатканда соода согушу жакшы жана анда утуп чыгуу жеңил”,- деди. Ушулардын баары соода согушу Америка үчүн зарыл экендигине далаалат кылып жатат. Америка карызы 20 триллионго жеткен. 2008-жылкы финансы кризисинен бери убайым тартып келүүдө. Бизнесмен Трамп “Америка биринчи” деген урааны менен Америка экономикасын көтөрүүгө белсенип жатат. Америка дүйнөгө таасир өткөрүүдө колдонуп келген эл аралык институттарды иштен чыгаруу анын натыйжасында жаңы эл аралык абалды пайда кылып андан пайдалануу жаатында иш алып барууга бет алды. Башкача айтканда Америка дүйнө лидери болуп турууда башка мамлекеттердин жардамын пайдаланып, соода пайдасы ал тарапка агылуусу жаатында иш алып барып келген болсо, эми эч кимди шерик кылбай жалгыз өзү пайда табуу жана союздаштары анын гана артында жүрүүсү тууралуу пикирлей баштады.
Америка эч бир келишимди шарт тутпайт. Эгер анын кызыкчылыгы талап кылса же аны тез арада бузат же андан бир тараптуу чыгып кетет. Ал мындай ыплас иштерин кичи Буштун убагында 2003-жылы Түндүк Корея менен болгон келишиминде кылган. Ал 1994-жылы Бил Клинтондун учурунда кол коюлган келишимди жокко чыгарган. Ал эми Трамп болсо Канададагы чоң жетиликтин саммитинде биргелешкен баяндамага кол коюп бир күндөн кийин болсо кол койгондугун жокко чыгарып салды. Иран менен 2015-жылы болгон өзөктүк келишиминен бир тараптуу чыгып кетти. Азыркы Түндүк Корея менен болгон өзөктүк куралсыздандыруу келишимин да бузбайт деген кепилдик жок. Ал Түндүк Корея менен бул келишми айланасында сүйлөшүүлөр башталганда өз кызыкчылына дал келбеген бирер бир нерсе табылса эле Түндүк Кореяга басым кылуу максатында бул келишимди жокко чыгарам деген нерсе менен опузага алуусу толук мүмкүн!
Убада шерттин өтөөсүнө чыкпоо, текбердик, өзүмчүлдүк, башкаларга карата кайдыгерлик жана шантаж кылуу Америкадан ажыралгыс сыпаттар. Ушулардын баардыгы Американын тез арада кулашына түртө турган түрткүлөр болуп саналат… Андыктан бүткүл адамзатына жакшылык нурун чача турган адилеттүүлүктү орното турган, акты ак деп батылды батыл дей турган, адамдарга баардык жайларда жана аймактарда коопсуз шарт жаратып бере турган Туура жолдогу Ислам мамлекетин тикелөөгө өз салымыбызды кошуп калалы! Анткени Пайгамбар с.а.в куш кабар кылып сүйүнчүлөгөн: “Кийин пайгамбарлык жолундагы Халифалык болот”. Ахмад риваяты. Аллахка бул иш кыйын эмес.

Ато бин Халил абу Рушта 2018. 06. 16.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here