Яхудий гeнeралдары: Аббас кеткенден кийин аны аябай сагынабыз
Яхудий вужудунун ишенимине ээ болгон Палестина президенти Махмуд Аббастын ден соолугу начарлап, милдетин аткарууга кудуреттүү болбой калышы Тель-Авивди тынчсыздандырып жаткандыгы айтылууда. 13-каналдын журналисти Илан Лукач Аббастын Палестина лидери катары өткөргөн жылдары тууралуу иликтөө жүргүзүп, анын яхудийлерге болгон таасирин аныктады.
Аббас саясий сахнада көрүнбөй калгандан кийин, журналист Лукач бир катар жогорку даражалуу яхудий офицерлери жана адистери менен ал тууралуу маектерди өткөрдү. Алардын айрымдарынын Аббас жөнүндөгү көз караштары төмөнкүдөй:
(Израиль) коргоо министрлигиндеги коопсуздук жана саясий бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Амос Гилаад: “Махмуд Аббас доору бүтүндөй коопсуз өттү деп айта алам. Ясир Арафаттан айырмалуу көрүнүштө, ал аскерий операцияларга каршы эле. Анын башкаруусунда Палестина жана (Израиль) ортосундагы коопсуздукту ылайыкташтыруу өтө жогорку баскычка жетти. Бул нерсе эки тараптын коопсуздук органдарын, жарандык башкаруусун жана (Израиль) армиясын өз ичине алды. Тыянак ушул, ал (Израил)дин өмүрүн сактап калды”.
Херзлия борборунда стратегиялык кеңешүүлөр институтинун учурдагы жетекчиси Гилаад: “Израиль өзү үчүн Аббастан жакшыраак кызматташа турган жетекчи таба албайт. Ал яхудийлерге каршы билдирүүлөрдү берген болсо да, Израилдин каалоосун ишке ашырып берди”.
(Израил)дин арабдар иштери боюнча адиси Шамрит Меир: “Аббас Палестинанын куралдуу күрөшүн өз колу менен тушады. Фатх кыймылы кандай абалга түшүп калганын көрүңүз. Ондогон жылдар мурда карманган жолун таштады. Бул (биз үчүн) өтө маанилүү маселе. Аббас 14 жыл мурда бийликке келгенден бери, (Израиль) жаңжалын аскерий же коопсуздук көрүнүшүндө эмес, саясий көрүнүштө башкарды. Үчүнчү интифада (козголоң) жүз беришине эч качан уруксат бербеди. Ошону менен бирге ал эч кандай саясий ийгиликке да жетише албады”.
(Израил)дин мурдагы коопсуздук министри жана жаматтык коопсуздук башкармалыгын башчысы Диктер: “Бардык партиялар Аббас кеткенден кийин эмне болушун күтүп жатышат. Ар бир (израил)дик Аббас кеткенден кийин анын башкаруу системасы сакталып калышынан жана коопсуздук координациясы уланышынан үмүттөнүүдө”.
(Израил)дин Палестина аймагындагы операцияларынын мурдагы координатору Генерал Этан Дангот: “Тарых Аббасты өтө чоң өзгөрүүлөргө жетекчилик кылган лидер катары эстебейт. Ошого карабастан, ал (Израиль) үчүн өтө ылайыктуу адам. Аббастын кетиши менен кырдаал дагы да олуттуураак түс алышы эсепке алынганда, палестиналыктар жана (израил)диктер мүмкүн болгон бардык сценарийлерге даярданууда”. Дангот Аббастын эсептелүү күндөрү калганын баса белгиледи.
(Израил)дик чыгыш таануучу Мордечай Кедар: “Аббастын акыркы ирмеми жакындап барууда. Ошол себептен улам кээ бир маанилүү суроолор пайда болду. Бул суроолордун жооптору бүтүндөй регионго таасирин тийгизет. Бул суроолор: Аббас кетсе эмне болот? Ким ийгиликке жетишет? Кийинки лидер Фатх жана Хамас ортосундагы келишүүгө жетише алабы? Анын “Израиль” менен мамилеси кандай болот? Палестина админстрациясынын тагдыры эмне болот? Бул суроолордун көпчүлүгү ушул кезге чейин жоопсуз калганы көрүнүп турат.
(Израил)дик белгилүү саясий серепчи Минг Cасбет:“(Израиль) коопсуздук чөйрөсү Аббасты аябай сагынышыбызды айтышууда. Аббас палестиналыктардын Батыш Жээктеги операцияларын – ал тургай бычак менен болгон чабуулдардын – алдын ала турган борборлошкон адамдары болгон жана ошолор жардамында көпчүлүк палестиналыктардын операциялары токтотулуп калган. Бул болсо, “Армия” жана (Израиль) разведкасы жагынан өтө маанилүү чекит. Ошентип, жогорку даражадагы офицерлер жана генералдар Аббаска каршы ызы-чуу кылган саясатты көрүшкөн соң, аларга мындай жооп беришти: “Силер али Аббасты аябай сагынасыңар”.
Туркистон: – “Даражаны караңыз”. Аллах сактасын!