ӨЗБЕКСТАНДА ДАГЫ МИЛЛИОНГО ЖАКЫН “ЖУМУШЧУ ОРУН” ТҮЗҮЛӨТ

266
0

Өзбекстанда  “2014-жылы жумуш орундарын түзүү жана калкты жумуш менен камсыздоо программасы” долбоору туурасындагы маселенин талкуусуна арналган саясий партиялардын жыйындары болуп өтүүдө.

 

Бул жыйындарда баса белгиленишинче, 2013-жылдын 9 айында республика боюнча жалпы 833,4 миӊ жумуш орду түзүлдү жана программанын параметрлери 103,8 пайызга аткарылды. Түзүлгөн жумуш орундарынын 488,3 миӊи айыл жерлерине туура келди.

 

Калкты жумуш менен камсыздоо жана жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча проблемалардын чечимине багытталган системалуу иш-чаралардын ишке ашырылышынын натыйжасында 2013-жылдын 9 айында экономикада жумуш менен камсыздалгандардын саны 2,5% га көбөйүп, 12,5 млн адамга жетти. Жумуш менен камсыз болуунун эӊ жогорку көрсөткүчтөрү курулуш (103,3%), соода жана коомдук тамактануу (103,1%), транспорт жана байланыш (102,8%) түзүмүндө катталды.

 

Кичи бизнес жана жеке ишкердиктин тынымсыз өнүктүрүлүшү, эӊ ыӊгайлуу ишкердик чөйрөсү жаратылышы жалпы 404,8 миӊ жумуш ордун түзүүнү камсыздады, ошондон 314,2 миӊи – кичи ишканаларга жана 90,6 миӊи – жеке менчик, жеке тартиптеги ишкердик тармагына туура келди.

 

Өзбекстанда 2014-жылы жумушчу орундарын түзүү жана калкты жумуш менен камсыз кылуу программасы боюнча жалпы983,6 миӊ жумушчу орун түзүлүшү  көздөлүүдө. Программаны ише ашыруунун алкагында билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн жумушка орноштурууга өзгөчө көӊүл бурулган. Жаңы түзүлө турган, бош жана запастагы жумушчу орундарга кесиптик колледждердин 500 миӊге жакын бүтүрүүчүлөрүн жайгаштыруу болжолдонгон.

 

 Туркистон:

Расмий маалыматтарга ылайык, Өзбекстанда 2008-жылы 661 миӊ, 2009-жылы 940 миӊ, 2010-жылы 950 миӊ, 2011-жылы 815,5 миӊ, 2012-жылы  967,5 миӊ, 2013-жылдын 9 айында болсо 833,4 миӊ жумушчу орун түзүлгөн.

 Эгерде Өзбекстанда бир нече жылдардан бери  ар жылы миллионго жакын жумуш орду түзүлүп жаткан болсо, анда Россия жана башка мамлекеттерде жүргөн миллиондогон өзбекстандык жумушчулар кайдан пайда болууда? Бул тууралуу өкмөт да жана Каримовдун уруксаты менен түзүлгөн “чөнтөк партия” өкүлдөрү да ойлонуп көрүшпөйт.

 Өзбекстанда иш-аракет алып барып жаткан “оппозииялык” партиялардын милдети болсо, болгону өкмөт чыгарган токтомдорду үгүттөө жана “жасалма цифраларга” арналган жыйындарды өткөрүү гана.

 Өзбекстан өкмөтү болсо өз үйүндө мал, кой же тоок багып жаткандарды да,  өзүнүн огородунда иштеп дыйканчылык кылып жаткандарды да, же үйүндө топу тигип жаткан аялдарды жана кол өнөрчүлөрдү да эсептеп;  аларга эмне багыш керек, огородуна эмне эгиш керек, канча шакирт алыш керек, – булардын бардыгын көзөмөл жана тизмеге алып, “жумуш менен камсыздалгандардын” тизмесине киргизүүнүн эсебинен “жумуш орундарын түзүп” келе жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here