Майк Помпео чет өлкөгө алгачкы сапарын Саудиядан баштады

396
0

Майк Помпео чет өлкөгө алгачкы сапарын Саудиядан баштады

АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео Жакынкы Чыгыш сапарын Саудиядан баштады. Аэропорттон саудиялык кесиптеши тосуп алган Помпео Эр-Риядда корол Салман жана мураскор шахзада Мухаммад бин Салман менен жолугушту. Помпео Саудиядан кийин (Израиль) жана Иорданияга барат.

Эске сала кетсек, Помпео өткөн бейшембиде Сенат макулдагандан кийин ишке киришкен. Анын Саудияда талкуулаган эң маанилүү темасы Иран менен түзүлгөн ядролук келишим туурасында болду. Кабарларда келишинче, АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен түзүлгөн ядролук келишимден баш тартууну каалайт. Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф болсо Трамптын ядролук келишимди өзгөртүү сунушун кабыл алуу мүмкүн эместигин билдирүүдө.

Саудия АКШнын региондогу негизги өнөктөшү экендигин баса белгилеген мамлекеттик катчы, Саудия бийлиги менен “Перс булуңундагы мамлекеттердин биримдиги маанилүү экендиги” туурасында сүйлөшкөндүгүн билдирди.

Помпео 29-апрелде саудиялык кесиптеши Адил ал-Жубайр менен биргеликте маалымат жыйынын өткөрүп, анда Иранды региондо туруксуздук пайда кылууда жана дүйнөдө терроризмди колдоп-кубаттагандыкта айыптады. Анын билдиришинче, Ирандын ядролук куралга ээ болушуна жол берилбеши керек.

Помпео: “Саудиянын коопсуздугу АКШ үчүн негизги маселе. Иран болсо курал-жарак менен камсыздап жаткан террористтик топтор аркылуу бул региондо туруктуулукту изден чыгарууга умтулууда. Биз анын эч кандай ядролук куралга ээ болушун каалабайбыз”, -деди.

Саудиянын тышкы иштер министри Адил Жубайр болсо, Саудия бийлиги Дональд Трамптын Иранга каршы саясатын колдой тургандыгын билдирди.

Адил Жубайр АКШ Мамлекеттик катчысы менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында: “Биз Дональд Трамптын Иранга каршы саясатын, айрыкча ядролук келишимди өзгөртүү саясатын колдойбуз. Иранга карата көбүрөөк санкциялар колдонулушун да каалайбыз. Себеби, ал терроризмди колдоп-кубаттап жатат о.э. башка мамлекеттердин иштерине аралашууда”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here