Сириядагы кырдаал АКШ башчылыгындагы куфр мамлекеттерин башын катырууда

286
0

Сириядагы кырдаал АКШ башчылыгындагы куфр мамлекеттерин башын катырууда

Идлиб калкы Халифалык мамлекетин тикелөө жана шаръий өкүмдөрдүн колдонулушун талап кылып, “Сирия ыңкылабын сактап калуу жана Үммөттүн көтөрүлүшү” аттуу акция өткөрдү. Хизб ут-Тахрир жетекчилигинде уюштурулган жүрүштө күтүлгөндөн да ашык калк катышты. Адамдар кунт коюп уккан маалымат баянатынан кийин Сирия ыңкылабын сактап калуу жана Халифалыкты тикелөө чакырыктары жаңырды.

Көтөрүлүшчүлөрдүн колундагы акыркы жер эсептелген Идлиб шаары алгачкы күндөрдөн бери ыңкылапты күчтүү колоп-кубаттаган шаар болуп эсептелет. Ошондуктан, Идлиб шаары баскынчы Орусия жана канкор Асад тарабынан аёосуз бомбаланды. Бирок ал жердеги бардык оор кырдаалдарга карабай, Идлиб мусулмандары, Хизб ут-Тахрир жетекчилигинде Исламга байлануу менен Халифалык мамлекетин тикелеп, Шаръий мыйзамдар негизинде жашоону талап кылуудан эч качан токтошподу.

Муну менен бирге Хизб-ут-Тахрир көптөгөн мамлекеттерде, айрыкча Сирияда “28 Ражап” кампаниясынын алкагында бир нече иш-чараларды уюштурду. Аталган иш-чараларда үммөткө Халифалык мамлекетин эстетүү жана “Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө, Исламий жашоону кайта баштоо үчүн саясий иштер амалга ашырылды.

Ушул эле учурда Сирияда жихадий иштерди алып барып жаткан “Хайъати Тахрируш Шам”, “Ахроруш Шам”, “Нуриддин Зангий” жана “Сукуруш Шам” уюмдары ортосунда жүз берген өз ара келишпестиктер токтотулуп, бирдиктүү түрдө куфрга каршы күрөш башталганы кабарланды. Хизб ут-Тахрир жетекчилигинде Сирия калкы алардан өз ара келишпестиктерди токтотууну талап кылып, Аллахтын алдындагы катуу азапта калуудан эскертип келген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here