Кыргызстан Ооганстан менен үч тараптуу консорциум түзүүнү сунуштады

434
0

Кыргызстан Ооганстан менен үч тараптуу консорциум түзүүнү сунуштады

Ташкент шаарында “Тынчтык жараяны, коопсуздук тармагындагы кызматташтык жана аймактык шериктештик” темасы астында эл аралык конференциянын экинчи күнкү жыйыны болуп өттү. Анда Кыргызстан Тышкы иштер министри Ооганстан, Тажикстан жана Кыргызстандын ортосунда агро өндүрүштү өнүктүрүү боюнча үч тараптуу консорциум түзүү жана техниканы өнүктүрүү сунушун билдирди.

“Биз өндүрүштү өнүктүрүү жана социалдык маселелерде жакындан кызматташуу Ооганстан үчүн пайдалуу деп билебиз. Ошондуктан, Тажикстандын катышуусунда Кыргызстан менен Ооганстандын ортосунда үч тараптуу агро өндүрүштү өнүктүрүү боюнча консорциум түзүүнү сунуштайбыз. О.э Бишкек шаарында иш алып бара турган Ооганстан маселелерин изилдөө борборун ишке түшүрүү зарылдыгын билдирем. Бул борбор Ооганстан, муну менен бирге бүткүл аймактагы маселелерди жөнгө салуучу майдан болушу мүмкүн. Ушул долбоорду кызматташтыкта ишке ашыруу боюнча каалоочулардын сунуштарын ыраазылык менен кабыл алабыз. Ооганстан тикелениши үчүн таалим жана маданият тармактары өтө маанилүү. Ооганстанда квалификациялуу кадрларга муктаждык бар. Бүгүнкү күндө үч жүздөн ашык ооганстандык жаштар Кыргызстандын Жогорку окуу жайларында билим алууда. Менимче, бул тажрыйба башкалар үчүн да пайдалу болот”,- деди Кыргызстан тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here