Батыш өлкөлөрү Орусияны жекелеп жатат

327
0

Батыш өлкөлөрү Орусияны жекелеп жатат

Мурунку орус агенти Сергей Скрипал менен кызы Юлиянын Улуу Британияда ууланышына байланыштуу Москва менен Лондондун ортосунда дипломатиялык карама-каршылык күчөдү. Бул жагдайда Батыш дүйнөсү Улуу Британияны колдоону күчөтүүдө. АКШ Орусиянын 60 дипломатын өлкөдөн чыгарып, Орусиянын Сиетлдагы консулдугун жабуу чечимин кабыл алды. Британия 23, Евро Биримдик 30 дипломатты аймагынан чыгарып жиберди. 27-мартта Австралия премьери Малкольм Тернбулл эки орус дипломатын жети күн ичинде Австралиядан чыгара турганын маалымдады. Мындан тышкары, Украина 13, Канада 4 жана Албания 2 орус дипломатын депортация кылуу чечимин кабыл алды.

Скрипалдын окуясына байланыштуу Европа мамлекеттери тарабынан кабыл алынган дипломатиялык санкцияларга НАТО да кошула турганын маалымдады. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын НАТОдогу дипломаттарынын санын 30дан 20га азайтуу чечимин жарыялады.

“Бүгүн мен Орусиянын жети өкүлүнө берилген аккредитацияны жокко чыгардым. Мындан тышкары, Орусиянын үч дипломаты жиберген аккредитация арызын тастыктабадым”,- деди Столтенберг.

Орусия менен мазмундуу мамиле уланышын билдирген Столтенберг, өзүнүн жогорудагы чечими Орусиянын “кылган ишине жооп” катары болгонун билдирди.

“Биздин аракеттерибиз бардык союздаштарыбыз тарабынан тилге алынган коопсуздукка байланыштуу олуттуу маселелерди чагылдырат. Бул иштер Орусиянын иш-аракеттерине карата мамиле билдирүү үчүн эл аралык жооп чаралардын бир бөлүгү”,- деп кошумчалады Столтенберг.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here