Эрдоган: Африн менен чектелбейбиз, Идлибге да барабыз
Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдоган “Адилет жана өнүгүү” партиясынын конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө “Зайтун бутагы” оперциясы Афринди колго алуу менен эле чектелбей турганын билдирди. Эрдогандын айтымында, бул операция уланат жана Идлибге чейин барат.
“Биз Африн менен чектелип калбайбыз. Африндин уландысы бар. Бул тарапта Идлиб менен Манбич турат. Бул ишти Фурат калканы жүрүшү менен бириктирүү керек. Анткени, бардык маселе ал жердеги жабыр тарткан, мазлум ага-ини жана эже-карындаштарыбызды ылаажы болушунча тезирек мекенине кайтаруу”,- деди Түркия президенти.
2011-жылы Сирия козголоңу башталганга чейин Алеппонун калкы 4 868 000гө жеткен. АКШ менен Орусиянын абадан, Иран менен Асад режиминин кургактыктан ишке ашырган кыргындары себептүү калктын көпчүлүгү шаарды таштап кетүүгө мажбур болушкан. Алардын көпчүлүгү Түркиядан башпаанек табышкан. Бүгүн Түркияда жашап жаткан 3 миллион Сириялыктын жарымынан көбү Алепподон келишкен. Эгер Эрдогандын айтканынан максат мазлумдарды өз мекенине кайтаруу болсо, мындан алгач Алепполуктар жабыр тартат.
Ал эми, Идлиб аймагында 2, 4 миллиондун тегерегинде жергиликтүү жана башка аймактардан көчүп келген 1,3 миллион калк бар. Демек, Идлиб шаары орустар менен Асаддын зулумдугунан улап качып келген мазлумдардын да калаасы болуп саналат.
“Фурат калканы” жүрүшү менен Алеппо шаары Асад режимине тапшырылгандан кийин Сирия ыңкылабынын соңку чеби болгон Идлибди да “Зайтун бутагы” жүрүшү менен Асадга тапшырууга жол ачылды. Эрдоган “аймакты чыныгы кожоюндарына тапшыруу керек”, деген сөзүндө “аймактын чыныгы кожоюну” деп Асад режимин назарда тутуп жатабы?
Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаятынын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Махмуд Кар бул маселе тууралуу ушундай деди: “Президент Эрдоган, “Биз Африн менен чектелип калбайбыз” деген сөзүн “Бул ишти Фурат калканы жүрүшү менен бириктирүү керек”, деген сөзү менен жанма-жан коюп кароо керек. Биз Африн операциясы башталганда “Идлиб да Алеппо сыяктуу болот”, деген элек. Мына Идлиб да Асад режимине тапшырылышы маалым боло баштады. Эрдоган “Бул жерде Идлиб жана Манбич бар”, деди. Ооба бар, мындан мурун Алеппо менен Чыгыш Гута да бар эле. Бирок, алар эми жок”.