Блуумберг: Трамп орус дипломаттарын депортация кылууга даярдык көрүүдө

299
0

Блуумберг: Трамп орус дипломаттарын депортация кылууга даярдык көрүүдө

Британия менен Европа Биримдиги орус дипломаттарын Британияда мурунку разведка агенти Сергей Скрипалдын ууланышынан улам, мамлекеттен кууп чыгаруу чечимин кабыл алгандан кийин АКШ президенти Дональд Трамп да орус дипломаттарын АКШдан депортация кылууну пландаштырууда. Бул тууралуу Блуумберг кабар агенттиги кабар таркатты.

Агенттиктин кабарлашынча, президент Трамп Улуттук коопсуздук кеңешинин сунушуна жооп кылып, АКШда аккредитациядан өткөн ондогон орус дипломаттарын өлкөдөн чыгарууга даярданууда.

Бирок, Трамп бул маселе боюнча чечим чыгаруудан мурун, Европадагы союздаштары да Орусияга каршы кудум ушундай чараларды көрүүдө анык чечим чыгаруусун каалайт.

Агенттиктин кабарлашынча, Трамп орус дипломаттарын депортация кылуу чечимин дүйшөмбү күнү жарыялашы мүмкүн.

Өткөн аптада CиЭнЭн каналы, АКШ Улуттук коопсуздук кеңеши Дональд Трампка Сергей Скрипал иши боюнча бир катар орус дипломаттарын АКШдан депортация кылуу сунушун бергенин кабарлаган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here