Трамп Тиллерсонду кызматтан бошотту

393
0

Трамп Тиллерсонду кызматтан бошотту

АКШ президенти Дональд Трамп мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсонду кызматтан бошотту. Анын ордуна Борбордук чалгындоо кызматынын жетекчиси болуп келген Майк Помпео дайындалды. АКШ президенти Тиллерсонго кызматы үчүн ыраазылыгын билдирип, Помпео өзүнүн жаңы кызматында “фантастикалык иштерди аткараарына” ишенээрин билдирди.

“Кызматы үчүн Рекс Тиллерсонго рахмат! Борбордук чалгын кызматынын жаңы жана алгачкы аял директору Жина Хаспел болот. Баарыңарды куттуктайм”,- деп жазды 13-мартта Трамп өзүнүн твиттер баракчасына. Хаспел буга чейин Помпеонун орунбасары болуп иштеп келген.

Дональд Трамп, мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсондун кызматтан алынышын айрым маселелерде көз караштардагы айырма бар болгондугу менен түшүндүрдү.

Трамп көптөн бери Тиллерсонду кызматтан алууну талкуулап келгенин РИА Новости жазып чыкты.

“Биз аны менен бул темада узак убакыттан бери сүйлөшүп келгенбиз, биз жакшы келишебиз. Бирок, пикирлерибизде айырма бар”,- деди Трамп. АКШ президенти буга Иран менен болгон келишимди мисал катары келтирди.

“Биз ар кыл пикирлейбиз, мен анын акылын урматтайм, биз жакшы мамиледебиз. Айрым учурда адамдар жакшы келише алат. Майк Помпео менен биринчи мүнөттө келише алдым. Ал экөөбүз окшош пикирлейбиз”,- деди Трамп.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here