Яхудийлер менен Саудиянын ортосундагы жашыруун жолугушуулар уланууда

336
0

Яхудийлер менен Саудиянын ортосундагы жашыруун жолугушуулар уланууда

Яхудий вужуду менен Саудиянын расмийлери Миср өкмөтүнүн ортомчулугунда Каирде бир катар жашыруун жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу өз атын ачык айтууну каалабаган Палестина өкмөтүнүн өкүлү Бириккен Араб Эмирлигине караштуу “Khaleej Times” гезитине берген интервьюсунда айтып өттү.

Палестина расмийинин маалымдашынча, (Израил), Саудия жана Миср делегациялары Каирдеги кымбат мейманканалардын биринде жолугушуп, аймакка тиешелүү маселелерди, айрыкча Кызыл деңиз аймагына байланыштуу экономикалык маселелерди карап чыгышкан.

“(Израил) менен Саудиянын ортосундагы жылуу мамилелер Палестина бийлигине терс таасирин тийгизүүдө, айрыкча палестиналыктарга зыян жеткирүүдө. (Израил) Саудиянын назарында эч кандай душман эмес”,- деди расмий өкүл.

Буга чейин (Израилдин) премьер министри жана энергетика министри Саудия өкмөтү менен яхудий вужудунун ортосунда жашыруун сүйлөшүүлөр өткөрүлгөнүн, өз ара алакалардын өнүгүп баратканы тууралуу маалымдаган.

Араб мамлекеттери ичинен Миср жана Иорданиянын гана яхудий вужуду менен расмий дипломатиялык алакалары бар. Бирок, (Израил) премьер министри Бенямин Нетаняху яхудий вужудунун бардык Араб мамлекеттери менен жемиштүү кызматташып жатканын, бул кызматташтыктар дайыма сыр сакталып келгенин билдирген.

Маалымат каражаттарындагы кабарларга ылайык, яхудий вужуду менен Саудия соңку бир нече ай ичинде жашыруун сүйлөшүүлөрдү өткөрүү менен катар ашкере түрдө расмий алакаларды орнотууну да максат кылууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here