АКШ Башар Асаддын өз мансабында калышын каалайт

376
0

АКШ Башар Асаддын өз мансабында калышын каалайт

АКШ бийлиги Сирия “президенти” Башар Асаддын бийликтен кетиши зарылдыгын тынымсыз айтып келген. Бирок, изилдөөлөр мунун тескерисин көрсөтүүдө. АКШ илимий изилдөө борбору тарабынан чыгарылган жыйынтыкта, Америка өкмөтү Башар Асаддын өз мансабында калышынын тарапкери экени айтылат.

АКШдагы согушту үйрөнүү институтунун разведка долбоору боюнча эксперти Женнифер Каварилла АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон тарабынан жарыяланган АКШнын Сирияга карата стратегиясын кайта карап чыккан. Анын пикиринде, АКШ бийлиги өзгөртүшү керек болгон маселелер бар.

Каварилла “Fox News”та жарыяланган өзүнүн макаласында, “…Бул маселелердин бири Башар Асад режимин таануу”,- деп жазган.

Анын айтымында, АКШнын Сирия боюнча саясаты Ак үйдүн тынымсыз баянаттарына карабай, түпкүлүгүндө Асад режимин кабылдайт. Тиллерсондун “Сирияда АКШ союздаштары тарабынан көзөмөлдөнгөн аймакта АКШ кошуундары Асаддын кетиши үчүн жол ачып берет” деген баянаты акыйкатка тескери. Себеби, АКШ тарабынан колдоп-кубатталып жаткан “Сирия демократия күчтөрү” Сириянын түндүк жана чыгышындагы аймактарды көзөмөлдөйт. Бул аймак Асад жана оппозиция үчүн маанилүү болгон негизги аймактардан узак жайгашкан. Бул болсо АКШ күчтөрүнүн Асад режимине каршы олуттуу согуш алып барбашын, аны оодарууга умтулбашын түшүндүрөт.

Женнифер Каварелла ушундай тыянак кылат: “АКШ акыйкатка жүздөнүп, Сириядагы шериктеринин кубаттары чектелгенин тан алышы керек. Трибуналардан туруп билдирүү берүүнү токтотуп, иш тууралуу ойлонушу керек. АКШ коопсуздугу үчүн Сириянын маанилүүлүгүнө карабай “дипломатиялык оюнга” ишенүү мүмкүн эмес”.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here