Трамп Гуантанамо абагын жабуу тууралуу жарлыгын жокко чыгарды

350
0

Трамп Гуантанамо абагын жабуу тууралуу жарлыгын жокко чыгарды

 АКШ президенти Дональд Трамп 30-январда өзүнөн мурунку президент Барак Обаманын Кубадагы Гуантанамо абагын жабуу тууралуу жарлыкты жокко чыгарды. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат кызматы кабар таркаткан.

Трамптын жарлыгында келишинче, “АКШ зарылдык болгондо абакка “кылмышкерлерди” жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн сактап калат” деп айтылат.

 “Иш террорчулукка жеткенде, биз мамлекетибизди коргоо үчүн бардык зарыл иштерди амалга ашырабыз. Президенттин жаңы аракеттери террорчулук коркунучун жоюу үчүн зарыл болгон ыкмаларды жана мүмкүнчүлүктөрдү сактап калуу үчүн зор мааниге ээ. Бул аракеттер куралдуу каршылыктар учурунда душмандарды колго түшүрүүдө, аскердик иш-аракеттерди алып барууда мыйзамдык жактан жана зарылдык жактан маанилүү”,- деп айтылат кабарда. Ак үй таркаткан кабарда келишинче, Гуантанамо абагынан бошотулган жүздөн ашык адам кайрадан согуштарга катышкан. Айрымдары болсо, АКШ башчылыгындагы коалиция мүчөлөрүнүн жана америкалык аскерийлерди өлтүрүшкөн.

 Гуантанамо абагы 2002-жылы АКШнын ошол учурдагы президенти Кичүү Буш жетектеген өкмөт тарабынан негизделген. Бул абакта террорчулукта айыпталган же күмөн кылынгандар кармалат. Обама президенттик мансапка келиши менен абакты бир жыл ичинде жабуу тууралуу жарлыкка кол койгон, бирок конгресстин каршылыгына учураган.

 Гуантанамо абагы укук коргоочу уюмдар тарабынан тынымсыз сынга кабылып келет. Обама президенттик доорунда бул абактан дээрлик 200 адамды бошотууга көрсөтмө берген. Учурда абакта 40ка жакын адам кармалууда. Трамп шайлоо кампаниясы учурунда абакты жаппай турганын айткан. Ал, абактагыларды бошотууга болбой турганын, себеби алар кайрадан террорчулук ишке кайтышы мүмкүндүгүн эскерткен.

 Трамп, конгресстеги “Мамлекет статусу тууралуу” билдирүүсүндө АКШда 2018-жылдан тарта абактар оңдолушун айтып өттү.

 “Ушул жылы өз учурунда жаза мөөнөтүн өтөгөн мурунку абактагыларга экинчи мүмкүнчүлүктү берүү үчүн жардам максатында абактарыбызды оңдоону баштайбыз”,- деди Трамп.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here