АКШда канча башбаанексиз баш бар экени тууралуу эч бир жерден так маалымат алуу мүмкүн эмес. Анткени мамлекет муну атайын жашырат. О.э. буга тиешелүү цифраларды азайтып көрсөтүү изилдөө институттарына дайындалат. Бирок ошентсе да, бир нече институттардын түрдүү усулдардагы изилдөөлөрүнөн айрым бир фактыларды келтире кетебиз.
Мисалы, Urban Institute изилдөөлөрү боюнча, Нью-Йорктогу түнөктөргө ар түнү 37 миңден ашык башкалкасыздар түнөп кетишет. Алардын 16 миңдейи жаш балдар.
3.5 млн.дой киши (б.а. өлкөдөгү ар бир жүз адамдын бири) узак убакыттар бою башкалкасыз көчөдө калган күндөргө күбө болушкан, алардын 1.35 млн.го жакыны жаш балдар.
Ford Foundation маалыматтарына караганда, үй-жайсыз аял жана балдардын 50%ы үй-бүлө кожоюну тарабынан ур-токмокко алынган жана там-ташын таштап, талаага безип кетүүгө аргасыз болушкан.
2001-жылы АКШ мэрлер Конференциясы \U.S. Conference of Mayors жүргүзгөн иликтөөлөргө ылайык, 27 ири шаарларда башкалкалоочу жайлар толуп кеткендигине байланыштуу, ал жерге кайрылгандардын 37%ы оң жооп ала алган эмес. Эми болсо бул көрсөткүч күн санап өсүп баратканы күзөтүлүүдө. Ушундан бир жыл өтпөй эле, кайрылгандардын 52%ынын өтүнүчтөрү канааттандырылган эмес. 2001-жылга салыштырмалуу 2002-жылы эле бул шаарлардагы башкалкасыздардын саны 22%га өскөн.
Ушул эле изилдөө көрсөткөндөй, өлкө боюнча ар түнү миллиондон ашык бала көчөлөрдө же түнкү түнөктөрдө түн өткөрүшөт. Шаардык селсаяктардын чейрегин 18 жашка чейинки өспүрүмдөр түзөт.
Ал эми Urban Institute изилдөөлөрүнө ылайык, өлкө боюнча башбаанексиздердин 39%ы жаш балдар. 31-50 жаш курагындагылар – 51%.
Institute of Medicine изилдөөлөрү боюнча, үй-бүлөдөн ажыраган карт бойдок эркектер (40%) жана жесир аялдар (14%) селсаяк болуп кетишет.
Homes For The Homeless изилдөөлөрүнө ылайык, АКШдагы башаанексиздердин 38%ын үй-жайсыз калган үй-бүлөлөр түзөт. Арзан туракжайлардын табылбашы себептүү, жыл өткөн сайын бул үй-бүлөлөрдүн приюттарда жашап туруу мөөнөтү улам узаргандан узарып барат. Мисалы, 1990-жылдары Нью-Йоркто мындай үй-бүлө приютта 5 ай кармалса, 2000-жылдары 1 жыл жашаган, азыр болсо анын мөөнөтү 1.5 жылга жете келди.
Эркек селсаяктардын 40%ы мурун АКШ куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөндөр. Дагы бир изилдөөдө келишинче, башбаанексиздердин 11%ы – ветерандар, согуштун жана куралдуу конфликттердин катышуучулары. Башбаанексиздердин 22%ынын психикалык мандеми бар.
Селсаяктардын тең жарымынан көбү же бөтөлкө түбүнө түшүп кеткен, же ийнеге отуруп калган.
Эй кыргызстандыктар!
Мына силер ашык болгон Америка. Негизи, мындай жамандыктарда “шакирт Кыргызстан” “устаз Америкадан” ашып деле кетти окшойт го…