Сирия президенти Башар Асад жалпы мунапыс жарыя кылды. Режим тарабынан жарыя кылынган жалпы мунапыс токтому “Аскердик кызмат мыйзамы”на кирген кылмыштарга жана мамлекеттик армиянын сабынан качкандарга тиешелүү. Беш беренеден турган токтом расмий газетада жарыя кылынары менен мыйзамдык күчкө ээ болот.
Мунапыска ылайык, армиядан качып өлкөнүн ичинде жүргөн аскерлер отуз күндүн ичинде мамлекеттик армиянын сабына кайтып келсе аларга мунапыс берилет. Ал эми кошуунду таштап чет өлкөгө качып кеткендерге болсо жакшылап ойлонуп көрүү үчүн көбүрөөк убакыт белгиледи, т.а. алар токсон күндүн ичинде армия сабына кайтып келишсе, мунапыс берилет.
Сириянын “САНА” расмий маалымат агенттигинин кабар беришинче, жалпы мунапыс бүгүнкү күнгө чейин ишке ашырылган бардык түрдөгү кылмыштардын кечирилишин камтыйт.
Туркистон:
Асад АКШ жардамы аркылуу өз калкын камал кылды, алардын көз алдында перзенттерин ачкачылыктан өлө турган абалга алып келип, жогорудагы нерсени сунуштады.
Бул сунуш анын армиясы ичиндеги кадрлар проблемасы пайда болгонуна далалат кылат. Негизинен ал тарапта күрөшүп жаткандар Иран жана Хизбулла тарабынан жиберилип жаткан жалданма аскерлер болуп, мындай абал аны канаатандырбайт.
Куфр тарабынан ага коюлуучу талаптар да оппозицияга каршы күрөшүүчү күчтөр өз жарандарынан болушу зарыл деп билет. Себеби, тышкы күчтөрдүн жардамына таянуучу күрөш граждандык согушту пайда кыла албайт. Куфр дүйнөсү болсо, исламийлерге каршы ошол калктын өзүнөн бир топ же бир тарап болушун утуш деп билет.
Бирок, күрөш алда качан эле Ислам менен куфр согушуна айланып болгон. Эми ыймандуу жана акылдуу адамдар Асад тарабын колдошу мүмкүн эмес. Бул нерсе ыймандан келгенде шаръий жактан арам, акылдан келгенде келесоолук болуп эсептелет.