Басма сөз баянаты
Аялдардын укугун жана гомосексуализмди колдогон уюмдардын иш-аракеттери момундар арасында ачык бузукулукту жайылтуу деңгээлине жетти. Бул муслима аялдардын ар-намысына ачык шек келтирүү!
Америка университетине караштуу бир уюмдун эки гомосексуал аял мүчөсү Бейрут шаарында жайгашкан Америка университетинин медициналык борборундагы “Аялдардын интегралдык жыныстык саламаттыгы программасы” деген ат менен белгилүү, Ливандын Триполи шаарындагы кыздар орто мектебине Билим берүү министрлиги менен макулдашып барышкан. Алар мектепке баргандан кийин кыздарга ачык уятсыздыкты жайылтып, уятсыз көрүнүштөрдү жана сүрөттөрдү көрсөтүшкөн. Бул окуя ата-энелердин нааразылыгын жаратып, алар мектеп администрациясына кайрылышкан. Ал эми администрация бул аялдар мектепке Билим берүү жана Жогорку билим берүү министрлигинин көрсөтмөсү менен келишкенин айткан.
Биз бул кылмыштуу иштер боюнча ашыкча түшүндүрмөсүз жана узун кептерсиз төмөнкүлөрдү талап кылабыз. Бул иштерди жүргүзгөн тараптар айыптуу экенин жашырууга же актоого аракет кылганы менен, бул алардын күнөөсүн жеңилдетпейт. Ошондуктан биз жооптуу тараптардан олуттуу, чечкиндүү жана ачык чара көрүүнү талап кылабыз. Бул талаптар төмөнкүлөр:
- Ливандын премьер-министри Наваф Салам, анын карамагында Билим берүү жана Жогорку билим берүү министрлиги турат. Бул министрликти учурда Рима Карами жетектейт. Биз бул министрдин ишин токтотууну, суракка тартууну жана эгер бул иштерге министрликтин кандайдыр катышы аныкталса, кызматтан кетирүүгө чейин барууну талап кылабыз.
- Ливан ички иштер министрлиги бул уюмдун ишмердүүлүгүн токтотуп, анын жетекчилерин жана бузукулукту кыздарыбыз арасында жайылткан эки кызматкер аялды суракка чакырып, тиешелүү чара көрүшү зарыл. Бул аялдар мыйзамдуу уюм атын жамынып, коомдо бузукулук таратууга аракет кылышкан. Бузукулукту жайылтуу үчүн колдонулган бардык ыкмалар жана каражаттар үчүн алар жоопкерчиликке тартылышы милдеттүү.
- Түндүк Ливан жана Триполи шаарындагы билим берүү бөлүмү, бул мектеп түздөн-түз алардын карамагында болгондуктан, бул окуяны кылдат иликтеп, ачык түрдө мындай жийиркеничтүү иштен баш тартуусу зарыл. Ошондой эле, кайсы укуктун негизинде кимдир бирөөгө окуучу кыздар менен жалгыз калууга уруксат берилгени тууралуу түшүндүрмө бериши керек! Себеби кыздар менен жалгыз калууну сурануу өзү эле шек жараткан өтө коркунучтуу көрүнүш.
- Бейруттагы Америка университети, бул окуяга байланыштуу аталган уюмдар менен иш алып барган тиешелүү бөлүмүн Билим берүү жана жогорку билим берүү министрлигине караштуу университет иштери боюнча бөлүмгө чакырып, алардын бул ишке тиешеси аныкталса, мыйзам чегинде зарыл болгон бардык чараларды көрүү керек.
- Ливан муфтияты, өзгөчө Триполидеги муфтият, бул болгон окуяны расмий түрдө карап чыгып, фахишаны (уятсыздыкты) жайылтуу жана коомдо ачык бузукулук ыкмаларын колдонуу беренеси боюнча шаръий доо коюусу зарыл. Бул окуя дал ушул мектепте аныкталганы менен, башка жерлерде да ушундай иштер жүрүп жаткан болушу мүмкүн, кээ бирлери муну «жакшы ниет» же «жаман ниет» менен жашырышы да мүмкүн. Ошондуктан, мындай иштерге каршы чаралар алдын ала, күчтүү жана чечкиндүү болушу керек. Окуя болуп бүткөндөн кийин гана аракеттенүү эмес, тескерисинче буларды алдын алуу маанилүү. Антпесе, мындай кылмыштарга жол берип коюу жоопкерчиликтен качуу гана болбостон, динине жана ар-намысына шек жарата турган мусулмандардын каарына себеп болот.
Биз Хизб ут-Тахрир партиясынын Ливан вилаятындагы маалымат бөлүмү катары бул окуяны көңүл кош калтыруунун кесепеттери өтө оор болорун катуу эскертип кетебиз! Ошондой эле бардык ата-энелерди, аалымдарды, мугалимдерди, мугалим айымдарды жана гомосексуализм менен аялдар арасындагы феминисттик агымдарга каршы күрөшүп жаткан уюмдарды — бул маселеде жигердүү жана чечкиндүү аракет көрүүгө чакырабыз.
Маселе жөн гана билдирүү таратуу, кечирим суроо же түшүндүрүү менен чектелбеши керек. Бул бузукулукка каршы ачык жана аткарууга багытталган чаралар көрүлүшү зарыл. Бул уюмдардын ишин токтотуу жана алардын өлкөбүздө мындан ары да жашап, жайылып кетишине бөгөт коюу шарт.
Бул уюмдарды биздин өлкөлөргө алып келген АКШнын мекемелери. Бирок алар алып келген бул бузукулук чоңоюп жаткан рак шишигиндей илдетке айланды. Ошондуктан бул жийиркеничтүү ишти жасагандарга гана эмес, ушундай жаман уюмдардын өзүнө карата да катаал жана кескин чаралар көрүлүшү зарыл.
Аллах Таала айтат:
﴿قُلْ إِنَّمَا حَرَّمَ رَبِّيَ الْفَوَاحِشَ مَا ظَهَرَ مِنْهَا وَمَا بَطَنَ وَالْإِثْمَ وَالْبَغْيَ بِغَيْرِ الْحَقِّ وَأَن تُشْرِكُوا بِاللهِ مَا لَمْ يُنَزِّلْ بِهِ سُلْطَاناً وَأَن تَقُولُوا عَلَى اللهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ﴾
«Айткын: «Раббим болгону ашкере жана жашыруун бузукулуктарды, (бардык) күнөө иштерди жазыксыз (себепсиз) зулум кылууну жана Аллага (тең экендигине) эч кандай далил түшүрбөгөн нерселерди Ага шерик кылып алууңарды, ошондой эле Алла жөнүндө билбеген нерселерди сүйлөшүңөрдү арам кылган». (Аъраф сүрөсү, 33-аят).
Хизб ут-Тахрирдин Ливан вилаятындагы маалымат бөлүмү
25.05.2025