Курбандык чалуунун мааниси
Курбандык чалуунун мааниси адамзат тарыхында маданий, диний жана тарыхый контекстке жараша өзгөрүп келген. Жалпысынан алганда, курбандык — бул адам өзүнө кымбат болгон нерсени (мал-жандык, тамак-аш, буюм же өз денесин, жанын) Кудайга, же башка идеологиялар менен ишенимдердин объектиси болгон буттарга, рухтарга, мисал катары айтсак «жер энеге» же башка бир — «жогорку күч» деп аталган нерсеге тартуу кылган ритуалдык иш-аракет.
Курбандык чалуунун жана курмандык түшүнүгүнүн негизги идеялары байыртан эле улуу күч менен байланыш түзүүнүн жолу катары кабыл алынган. Адамдар кандайдыр бир жеңиштерге жеткенде, же мол түшүм алганда, же бир ийгиликке жеткенде, кээде оорудан айыгуу үчүн, же күнөөлөрүнөн тазаруу үчүн ыраазычылык катары өзүлөрү ыйык күч деп тааныган “кудайына” берилгендигин билдирүү үчүн курбандык чалышкан. Диндерде болсо курбандык көбүнчө күнөөдөн арылуу жана кечирим табуунун жолу катары кызмат кылган. Мисалы, христиан дининде (бузулган формасында), IV кылымдан кийин Исанын (алейхи салам) “курмандык берүүсү” адамзаттын эң улуу курмандыгы, куткарылуунун белгиси катары эсептелет.
Бирок тарых курмандыктын башка тарабын да билет — ал зомбулукка, акылсыздыкка, күч менен басынтууга жана манипуляцияга айланган учурлар. Өзгөчө мындай учурлар XX кылымда болгон. СССРде өнөр жайды өнүктүрүү идеясын ишке ашыруу үчүн миллиондогон адамдар курман болгон: дыйкандар кулакка тартылган, жашаган жеринен көчүрүлгөн, ачкачылыкка дуушар болушкан, өтө оор жумушка айдалышкан. «Коммунисттик келечек» куруу үчүн Украинадагы “голодомордон” миллиондогон адамдар курман болушкан. Кытайда Маданий революция учурунда адамдар билимдүү болгону же ой жүгүрткөнү үчүн өлтүрүлгөн, кемсинтилген, сүргүнгө айдалган. Камбоджада Пол Поттун режими «тапсыз коом» куруу үчүн көз айнек таккан, чет тилдерди билген, университетте окуган адамдарды өлтүргөн. Булардын баары — жакшылыкка жетүү үчүн эмес, абсолюттук идея, доктрина үчүн курман болгон адамдар.
Капиталисттик доор да өз курмандыктарын алып жатат. XIX–XX кылымдарда миллиондогон балдар жана чоңдор фабрика, шахталарда 12–16 сааттап, коркунучтуу шарттарда иштеген. Алардын ден-соолугу, балалыгы, өмүрү материалдык пайда үчүн курмандыкка чалынган. Тамеки жана спирттик компаниялар өз продукциясынын зыяндуулугу тууралуу чындыкты ондогон жылдар бою жашырышкан — адамдардын ден соолугун киреше үчүн курман кылышкан. Өнөр жайды өнүктүрүүдөн келип чыккан экологиялык апааттар — бул да курмандыктын бир түрү, анын натыйжасында жер планетасы жана болочок муун, доордун курмандыгы болууда.
Түпкүлүгүндө курмандык — бул ак ниетке негизделген айкөлдүктүн үлгүсү болуш керек. Бирок ал акылга арзыбас азапка, күнөөсүз адамдардын өлүмүнө алып келсе, диктатураны, материалдык пайда табууну же зулумду актоого колдонулса — анда ал акмакчылык жана моралдык жактан акталгыс нерсе. Чыныгы курмандык — ааламдардын Жалгыз Эгеси болгон Жараткандан келген далилдер менен бекемделген – аң сезимдүү, абийир жана ак ниетке негизделген пенденин Жаратуучусуна болгон берилүүсү.
Курбанчылыктын чыныгы жана туура маңызын жөн гана ырым-жырым эмес, бир гана Жалгыз Жаратуучуга арналган ибадат көрүнүшүндө бир гана Ислам көрсөтө алды. Курбанчылык рухий жакка ээ болуп, ал аркылуу ыйман келтирген мусулман Аллахка, бардык нерсени жараткан ааламдардын Эгесине болгон баш ийүүсүн жана жакындыгын билдирет. Араб тилинде «курбан» деген сөз дал ушул мааниде — жакындашуу, Жаратканга чын ыкластан берилүү, умтулуу дегенди билдирет. Исламдагы курбандык чалуунун маңызы кызыл эт, же кан агызуу үчүн эмес, адамдын жүрөгүндө катылган ыйманга арналган. Курбандык чын ыклас, тайбас ыйман жана Жаратуучусуна толук моюн сунуу абалында аткарылышы керек.
Курбандыктын тарыхы адамзаттын эң алгачкы муундарына чейин барып такалат. Аллах Таала Ыйык Куранда жер жүзүндөгү алгачкы курмандык тууралуу баянды мындайча берет. Пайгамбар Адам (алейхис салам) жаралган соң анын уулдары — Хабил менен Кабил төрөлгөн. Алардын арасында талаш чыкканда, Аллах экөөнө тең курбандык чалууну буюрган. Малчы Хабил өзүнүн малынын эң жакшысын курмандыкка чалган. Дыйкан болгон Кабил болсо сапаты начар мөмөлөрдү курмандык кылган. Аллах Хабилдин Эгесинен корккон абалда, чын ыкластан, такыба жүрөктөн чыккан курмандыгын кабыл кылат. Ал эми Кабилдин курмандыгы жарабай калат, анткени анын ичинде ишеним да, Кудайдан коркуу да болгон эмес. Ичи тардыктан ызаланган Кабил өз бир тууганын өлтүрөт жана ал жер жүзүндөгү алгачкы киши өлтүрүү болуп калат. Муну менен Аллах сырткы көрүнүш эмес, жүрөктөгү ниетти — такыбалыкты кабыл ала турганынан кабар берген.
“Адамдын эки уулунун курмандыктары тууралуу чындык баянды айтып бер. Алардын биринин курмандыгы (Аллах тарабынан) кабыл кылынды да, экинчисиники кабыл кылынган жок. Ошондо ал: «Сөзсүз мен сени өлтүрөм!» — деди. Ал: «Чындыгында, Аллах такыбалардан гана кабыл кылат!” — деди (Куран, Маида сүрөсү, 27-аят).
Бул аят Аллах тышкы форманы эмес, ички абалды — чын ыкластуулукту жана такыбалыкты кабыл аларын көрсөтөт. Бул — көз ирмемде пайда боло калчу сезим эмес, ал узак убакытта жана тынымсыз тарбияны талап кылган, жүрөктүн калыптанган өзгөчө бир абалы. Ушул абал бир туугандардын биринин курмандыгы кабыл алынып, экинчисиники четке кагылышына себеп болгон.
Бүгүнкү күндө мусулмандар Ибрахим (алейхис салам) пайгамбардын окуясына байланышкан курбандыкты ибадат катары аткарышат. Аллах Ибрахимди түш аркылуу сынап, ага өз уулу Исмаилди курмандыкка чалууга буйруйт. Бул жөн гана түш эмес — аян болгон, жана Ибрахим пайгамбар муну Аллахтын буйругу катары түшүнүп, аткарууга бел байлайт. Ал түшү жөнүндө уулуна айтып бергенде, такыба уулу Исмаил баш ийген абалда Аллахтын буйругу болсо, анда эң мыкты көрүнүштө аткарылышы керек экенин айтат. Ибрахим уулун алып барып, жерге жаткырып, курмандык чалууга камынганда, периште пайда болуп, ал аркылуу Аллах курбанчылыкты токтотот. Мизи курч бычак аркылуу мужиза көрсөтүп, уулун кочкор менен алмаштырат. Бул окуя чыныгы курмандык – азап чегүү же кан агызууда эмес – чын ыкластуу ыйманда, Жаратканга толук баш ийүүдө экенин айгинелейт…
Ошондон бери мусулмандар жыл сайын Ийд ал-Адха майрамында курбандык чалууну аткарышат. Бул жөн гана салт эмес, чыныгы ыймандын жана баш ийүүнүн үлгүсү болгон улуу сыноону эскерүү. Курбандык чалуу — такыбалык, туура ниет менен аткарылышы шарт. Анын мааниси — эттин көлөмүндө же сырткы көрүнүшүндө эмес, жүрөктүн абалында. Аллах Куранда айткандай Ал Зат этке да, канга да муктаж эмес — а бирок такыбалык ага жетип барат. Бул ар бир адамга болгон эскертүү, чыныгы ибадат — бул жүрөктөгү ыймандын абалы, ал жөн гана физикалык аракеттен турган ырым-жырым эмес.
Курмандык жаныбар — кой, эчки, уй же төө болсун — такыбалык менен, камкордук менен тандалат. Ал дени сак, толук кандуу, кемчиликсиз болуп мыкты багууда кам көрүлгөн болушу талап кылынат. Курбандыктын эти үчкө бөлүнөт: бир бөлүгү үй-бүлөгө калат, бир бөлүгү туугандарга жана жоро-жолдошторго берилет, калган бөлүгү муктаждарга таркатылат. Ошентип, курбандык — бир гана ыймандан турбастан, кайрымдуулук, башкаларга кам көрүү жана адамдар Жараткан алдында бирдей экенин эскертүүчү аракет.
Бул жөрөлгө — рухий практика болуп, мусулманды ыйман, ыкластуулук менен дайымий байланыштырып турат. Пендени ар дайым Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын ыраазычылыгы үчүн курмандык кылууга дайым даяр кылат.
Латыфуль Расых




