Пайгамбардын сүннөтүн тирилтүү – жашоо образын тартипке салуучу эң туура тарыйкат

347
0

Пайгамбардын сүннөтүн тирилтүү – жашоо образын тартипке салуучу эң туура тарыйкат

Адамдар, аларды бир коом деп карай турган болсок, жетектөөгө, көзөмөлгө жана дем берүүчү факторлорго муктаж. Анткени аларда өзүнө баа берүү, жоопкерчиликти сезүү жана жалпы кызыкчылыкты түшүнүү деңгээли ар башка. Коом менен мамлекеттин алакасы  – бул көп катмарлуу татаал түзүм, андыктан мамлекет менен жарандардын эриш аркак иш-аракети тартипти, туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. Жетектөө жана туура багыттоо болбосо, ар ким өз кызыкчылыгын гана көздөгөн заман өкүм сүрүп, башаламандык жаралышы мүмкүн.

Жетекчилик жана көзөмөл адамдарга коомдун пайдасы үчүн маанилүү болгон максаттарды, нормаларды жана баалуулуктарды түшүнүүгө жардам берет. Ар бир адам кылып аткан иш-аракеттеринин коомго тийгизген таасирин түшүнө бербейт, ошондуктан, эгер ал мусулман болсо, анын диний жана социалдык милдеттери тууралуу дайыма эскертип туруу керек.

Мисалы, ислам мамлекети бар болгон болсо, халиф жана анын башкаруу системасы коом үчүн коопсуздукту жана адилеттүүлүктү камсыздап, эң башкысы – ыйманий чөйрөнү пайда кылып, аны сактоо үчүн бардык күчүн жумшайт. Ошентип, жетекчилик кылуу жана көзөмөл жүргүзүү, элге дем берип аны алга сүрөө иштери – коомду пикирий негизде туруктуу жашоосу жана өнүгүүсү үчүн кызыкчылыктарды айкалыштыруу механизми болуп саналат. Аны коомго болгон кысым деп баалоо ката болот.

Бирок толук кандуу мамлекет жана чыныгы жетекчи жок кезде коомду тарбиялоо жана ага тиешелүү шарт түзүү милдети саясий партиянын мойнуна жүктөлөт. Халифа жок чакта саясий партия коомдо исламий көз карашты калыптандырууну максат кылышы керек, жана бул абдан маанилүү иш.

Колдо бийлик жана башкаруу администрациясы жок учурда, болочок ислам жетекчилери исламий пикирлерге жана иштерге негизделген ички күчкө, табигый кадыр баркка ээ болуусу кажет. Расмий бийлик жок шартта, ишенимдүүлүк, компетенттүүлүк, моралдык аброй жана адамдарды ислам баалуулуктары жана анын  максаттары айланасында бириктирүү жөндөмдүүлүгү өзгөчө мааниге ээ.

Алгачкы кадам — адам өзүн өзү тарбиялоосу:

Инсандын өзүн өзү тарбиялоосу бул жерде негизги ролду ойнойт. Өзүн тарбиялоо дегени исламий аклия жана нафсияны калыптандыруу дегенди билдирет. Өзүн башкара албаган адам өзгөнү да башкара албайт. Дал ушул өзүн тарбиялоо аркылуу адам түйшүккө туруштук берүү, акыл калчап чечим чыгаруу жана убактылуу азгырыктарга алданбай, акыреттик максаттарды багындыра алат. Бул сапаттар айланасындагыларда урмат жана ишеним жаратат.

Пикирий өнүгүүдөн тышкары, жетекчи  мусулман аза-аздан болсо да аракетке өтүшү керек. Конкреттүү көйгөйлөрдү чечүүгө катышуу, тилектештер жамаатын чогултуу, демилгелерди колго алуу — мунун баары чыныгы, жасалма эмес, иш жүзүндөгү абройду бекемдейт. Коом жөн гана кооз сүйлөгөндөрдү эмес, иш жүзүндө амал кылгандарды ээрчигиси келет.

Демек, бийлик жана административдик башкаруу жок учурда элди жетектөө — жеке үлгү, ынандыруу күчү жана шыктандыруу жөндөмүнө байланыштуу болуп калат. Өзүн өзү тарбиялоо маселеси жөн гана артыкчылык эмес, негизги таасир жаратуучу шарт болуп саналат.

Мусулман адам үчүн эң жакшы үлгү — бул Пайгамбар Мухаммад (С.А.В.) сүннөтүнө эргешүү, ал унутта калган болсо — аны кайра жашоого алып келүү.

Пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сүннөтүн жандандыруу — бул ыйманды чыңдоого жана Аллага жакындашууга көмөктөш болгон абдан маанилүү амал. Бул дегени — Пайгамбардын (С.А.В.)ды үлгү тутуп, жашоонун бардык тармагында эргешүүнү жана ошол үлгүнү эл арасында жайылтууну билдирет. Сүннөттү жандандыруу — бул аны билип коюу менен эле чектелбестен, аны турмушта колдонуу, адамдарды ага үйрөтүү жана ээрчүүгө үндөө дегенди билдирет.

Сүннөттү жандандыруунун маанилүүлүгү:

Сүннөттү жандандыруу — бул сүннөткө ылайык амалдарды иш жүзүндө аткаруу. Касир ибн Абдуллах атасынан, ал өзүнүн атасынан риваят кылат: Пайгамбар (с.а.в.) Билал ибн ал-Хариске мындай деди:

«Билип койгун!». Билал сурады: «Эмнени билишим керек, о Аллахтын элчиси?» Пайгамбар (с.а.в.) айтты: “Ким менин сүннөттүмдөгү бир амалды унутулгандан кийин кайра жандандырып, аны аткарса, ага ошол амалды кылган адамдардай сооп жазылат, алардын сообунан эч нерсе кемибейт…

…Ал эми ким Аллах менен Анын Элчисин ачууланткан бир бидъатты баштаса, ал өзүнүн күнөөсүн да, андан кийин аны ээрчигендердин күнөөлөрүн да көтөрөт…». (ат-Тирмизи).

Башка бир ислам аалымы ас-Сандий, Ибн Мажа жыйнагындагы хадистерге түшүндүрмө берип, мындай дейт:

«Бул хадисте айтылган “сүннөт” деген сөздүн мааниси Аллахтын Элчиси (с.а.в.) тарабынан орнотулган мыйзамдарды түшүндүрөт…

…Бул мыйзам-өкүмдөр милдеттүү амалдарга караштуу болушу мүмкүн, мисалы зекет берүү сыяктуу, же нафил амалдарга тиешелүү болушу мүмкүн, мисалы айт намазы, Куран окуу, кошумча илим алуу ж.б. Бул амалдарды жандандыруу — аларды аткаруу жана адамдардын турмушунда буларды аткарууга үндөө менен ишке ашат».

Имам ат-Тирмизи Саид ибн ал-Мусайиб аркылуу Анас ибн Маликтен (р.а.) риваят кылат: «(Бир жолу) Аллахтын Элчиси (с.а.в.) мага айтты:

«Эй уулум! Эгер ар бир таң жана ар бир кечте эч кимге жүрөгүң менен кыянаттык каалабастан күндү тосо алсаң, анда ошондой кыл», — андан кийин айтты: «Эй уулум! Бул — менин сүннөттүмдүн бир бөлүг. Ким менин сүннөттүмдү жандантса, ал мени сүйгөн болот, ал эми ким мени сүйсө, ал бейиште мени менен болот».

Имам ат-Тирмизи риваят кылган башка хадистерде мындай деп айтылат: «Ким менин сүннөттүмдү жандантса, ал мени жандантты».

Имам Ахмад ал-Куфииндин хадис жыйнагында ал-Барра ибн Азибтен риваят кылат: бир жолу Пайгамбар (с.а.в.) зына кылган яхудийди таш менен уруп жатып мындай деди:

«Оо, Жараткан! Күбөлүк берем, мен — ахли китабдар таштап койгон сүннөттү биринчи болуп жанданткан адаммын».

Ошентип, сүннөттү жандандыруу жана ага ээрчүү мусулманга өзүнүн ыйманын бекемдөөгө жана Аллахты жакшыраак таанууга жардам берет. Ошондой эле, сүннөттү жандандыруу аркылуу мусулман адам исламга негизделген берекелүү жашоону жана такыбалыкты тандайт. Ал адилеттүүлүккө болгон ишенимди жандандырып, мусулман өз жашоосун дин менен коопсуздандырат.

Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) анын сүннөттүн тирилткен адамга чоң сооп убада кылган, ал эми Улуу Аллах бул дүйнөдө да каалаганына бийлик берет, каалаганын азаптайт!

Сүннөттү жандандыруунун жолдору жана мусулмандын жашоо образы:

Мисалы, майрамдар мамлекет үчүн пикирий биримдикти, улуттук нарк насилди жана жалпы маданий-тарыхий мураска таандык болууну калыптандыруучу жана бекемдөөчү күчтүү курал болуп саналат. Майрамдарды коомдук деңгээлде уюштуруу жана өткөрүү аркылуу мамлекет кандайдыр бир идеологияны сиңирүү үчүн маанилүү бир нече максаттарын бир убакта ишке ашырат. Ошондуктан, бюджеттен үлкөн чыгымдар корогонуна карабастан ар түркүн майрамдардын уюшулганын көрүп жатабыз. Айта кетчү несре, бул жерде экономикалык чыгымдар экинчи маселе, анткени негизгиси саясий максаттар болуп, коомду идеологиялык тарбиялоонун артынан коом жетекчиге ишеним артып, аны ээрчүүсү зарыл.

Биринчиден, майрамдар символикалык байланыш каражаты болуп саналат. Жөрөлгөлөр, салтанаттар, расмий сөздөр, массалык иш-чаралар жана кандайдыр бир элестер аркылуу мамлекет жарандарга белгилүү баалуулуктарды, идеалдарды, өтмүш жана келечек тууралуу түшүнүктөрдү элге сиңирет. Алар тарыхый мааниси бар окуяларды эске салуу менен эле чектелбестен, аларды керектүү багытта, же башкача айтканда, учурда талап кылынган таризде баяндайт. Ислам мамлекети жок шартта, мусулмандар ислам майрамдарын кайра жандандыруу демилгесин өзүнүн колуна алып, бул ишти Пайгамбар (С.А.В.)дын сүннөтү жана ислам тарыхы менен байланыштырып ишке ашыруусу зарыл.

Экинчиден, майрамдар коом менен жетекчилердин ортосундагы туйгуга тиешелүү байланыштарды калыптандырат. Дагы алар адамдарды жамааттык сезимдерге тартып, мамлекеттик институттар тууралуу жакшы маанай калыптандырууга жардам берет. Символикаларга жана салттарга болгон эмоционалдык байланыштар учурдагы пикирий баалуулуктардын таңуулангандыгын жумшартып, аларды өгөй эмес, тубаса менчик баалуулук катары кабылдоого жардам берет. Ошондуктан исламий эмоционалдык байланыштарды ислам идеологиясы негизинде калыптандыруу абдан маанилүү маселе. Ошондо исламий символдор жана салттар мусулмандар үчүн менчик жана корголуусу зарыл нерселерге айланат.

Үчүнчүдөн, майрамдарды дайымий өткөрүү исламий көнүмүш адаттарды калыптандырат, анын ичинде болочок саясий бийликке болгон ишенимди жана урматты пайда кылууга өбөлгө түзөт. Исламий майрамдарга катышуу аркылуу мусулман адам ислам саясий лидерлеринин же партиянын жашоосундагы ролун таанып, ага көнө баштайт. Бул — пикирий тарбиялоонун жумшак жолу, мажбурлоо аркылуу эмес, кубанычтуу майрамдык маанай аркылуу ишке ашыруу усулу.

Андан тышкары, майрамдар ислам долбоорунун ишке ашуусуна, айрыкча социалдык же саясий өзгөрүүлөр шартында, өзүнүн туруктуулугун жана күчүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Майрамдар ислам жетекчилери үчүн өздөрүн көрсөтө турган аянт болуп — аны эл канчалык колдойт, анын уюштуруучулук жөндөмү жана коом менен кандай байланышта экенинин көрсөткүчү болуп берет.

Ошентип, ислам майрамдарын жандандыруу — бул жөн гана эс алуу күндөрү эмес, ал Ислам тарыхы жана Пайгамбар (С.А.В.) дын сүннөттү көрсөткөндөй биримдикти калыптандыруунун, ишенимди бекемдөөнүн, туруктуулукту сактоонун, баалуулуктарды урпактарга өткөрүп берүү үчүн маанилүү  иштердин тутумдук бөлүгү болуп саналат.

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here