Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Ким мусулмандардын ишине башчы болсо
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
عَنْ يَزِيدَ بْنِ أَبِي سُفْيَانَ قَالَ: قَالَ أَبُو بَكْرٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ حِينَ بَعَثَنِي إِلَى الشَّامِ: يَا يَزِيدُ إِنَّ لَكَ قَرَابَةً عَسَيْتَ أَنْ تُؤْثِرَهُمْ بِالْإِمَارَةِ وَذَلِكَ أَكْبَرُ مَا أَخَافُ عَلَيْكَ، فَإِنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: ”مَنْ وَلِيَ مِنْ أَمْرِ الْمُسْلِمِينَ شَيْئًا فَأَمَّرَ عَلَيْهِمْ أَحَدًا مُحَابَاةً فَعَلَيْهِ لَعْنَةُ اللَّهِ لَا يَقْبَلُ اللَّهُ مِنْهُ صَرْفًا وَلَا عَدْلًا حَتَّى يُدْخِلَهُ جَهَنَّمَ، وَمَنْ أَعْطَى أَحَدًا حِمَى اللَّهِ فَقَدْ انْتَهَكَ فِي حِمَى اللَّهِ شَيْئًا بِغَيْرِ حَقِّهِ فَعَلَيْهِ لَعْنَةُ اللَّهِ أَوْ قَالَ تَبَرَّأَتْ مِنْهُ ذِمَّةُ اللَّهِ عَزَّ وَجَلَّ.” رواه أحمد
Язид ибн Абу Суфян риваят кылат: Абу Бакр (радыяллаху анху) мени Шамга жөнөткөндө айтты: “Эй Язид, сенин жакындарың бар, аларды башкарууга коюуну жакшы көрөсүң, мен сен үчүн эң чоң корккон нерсем ушул. Анткени Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Кимге мусулмандардын үстүнөн бийлик берилип, алардын үстүнөн өзү жакшы көргөн бирөөнү (б. а. иш билги адамды эмес) дайындаса, анда ага Аллахтын каргышы болсун. Аллах аны Тозокко киргизмейинче, андан эч кандай иш аракетин кабыл албайт. Кимге Аллахтын коргоосунда болгон (байтул мал же аманат ж.б.у.с) бир нерсе берилсе, ал Аллахтын коргоосунда бир нерсени туура эмес нерсеге пайдаланса, ага Аллахтын каргышы болот же Аллах Тааланын коргоосу андан алыстайт”. (Ахмад риваят кылган).
Урматтуу бир туугандар:
Халифа ар бир чоң-кичине ишинде, ар бир дайындаган аким үчүн Аллахтын алдында жооп берет. Аларды кылдаттык менен тандап, алардын иш-аракеттерин көзөмөлдөшү керек. Амир жоопкер жана кол алдындагылар үчүн жооптуу. Бул жоопкерчилик жөн гана дүйнөлүк мансап эмес, тескерисинче, кыямат күнү Аллахтын алдында жооп бере турган мансап.
Муну мурунку салихтер түшүнүшкөн. Умар бин аль-Хаттаб жанындагыларга: “Эгер мен силердин үстүңөргө өзүм билгендердин эң жакшысын дайындап, анан аны адилеттүүлүккө буюрсам, менден талап кылынган нерсе аткарылды деп ойлойсуңарбы? Алар айтышты: “Ооба”. Ал айтты: “Жок, мен анын иш-аракеттерин карамайынча. Ал менин буйруганымды ишке ашырмайынча жок!” Азирети Умар пайгамбарыбыз (с.а.в)дын сөзүнөн ушуну түшүндү.
(مَنْ وَلِيَ مِنْ أَمْرِ الْمُسْلِمِينَ شَيْئًا فَأَمَّرَ عَلَيْهِمْ أَحَدًا مُحَابَاةً فَعَلَيْهِ لَعْنَةُ اللَّهِ)
“Кимге мусулмандардын үстүнөн бийлик берилип, алардын үстүнөн өзү жакшы көргөн бирөөнү (б. а. иш билги адамды эмес) дайындаса, анда ага Алланын каргышы болсун. Умар бин Аль-Хаттаб карамагындагы Ислам өлкөлөрүн кыдырууну чечти, ошондуктан ал мындай деди: “Кудай буйруса тирүү турсам, бир жыл эл арасында жүрөм, анткени менсиз элдин чечилбей турган муктаждыктары бар экенин билем. Ал эми элдердин башчылары аны мага көтөрүшпөйт, элдер болсо мага жетпейт, ошондуктан мен Шамга барып, ал жерде эки ай болом, анан Жазирага барып эки ай турам. Андан соң Мисирге барып, ал жерде эки ай, андан кийин Куфада эки ай, андан кийин Басрада эки ай болом. Аллахка ант болсун, бул эң сонун жыл болот”.
Башчыларды мындай көзөмөлгө алуу тыңчылык (шпиондук) деп аталбайт жана анын категориясына кирбейт. Анткени башкаруучуларды жана акимдерди мындай көзөмөлдөө Аллахтын жер бетиндеги өкүмдөрүнүн аткарылышын камсыз кылууга байланыштуу негизги милдеттердин бири. Элдер Саъд бин Абу Ваккастын үстүнөн арызданышты, Азирети Умар бул ишти иликтеп, анын калкынын арасында арыздын чындыгын изилдөө үчүн Мухаммад бин Масламаны жиберди. Ал Саъддын жүрүм-туруму жөнүндө эл алдында сурайт. Демек, аны ачык тергеп-иликтөө тыңчылык деп аталбайт, ал эми кимдир бирөө анын иш-аракеттерин көзөмөлдөөсү тыңчылык деп эсептелбейт. Анткени бул камкордукка жана ишенимдүүлүккө байланыштуу. Амир Кудайдын алдында өзүнүн букаралары үчүн жооптуу болгондуктан, ар дайым байкоо жүргүзүп, изилдеп, жаңылыктарды иликтеп, өлкөнү коргоп, Аллахтын өкүмдөрүн жер бетинде ишке ашырышы керек.
Абу Жаафар ал-Мансур (рахимахуллах) биз анын айткандарын окуганыбызда бул маселени жаркын түшүнүк менен түшүнгөнүн көрөбүз. “Эшигимдин алдында менден таза эмес төрт кишинин болушуна канчалык муктаждыгым бар? Андан сурашты: Эй момундардын амири, алар кимдер? Ал айтты: Алар падышалыктын түркүктөрү. Төрт буту жок керебет орнобогондой эле, аларсыз башкаруу түзүлбөйт. Алардын бири Аллах үчүн айыптоочунун айыптоосунан коркпогон казы. Экинчиси алсыздын акысын күчтүүсүнөн адилеттүүк менен алып берген коопсуздук кызматкери. Үчүнчүсү — салык жыйноочу, ал салыкты кылдат чогултуп, элди кыйнабайт, анткени мага элге кысым көрсөтүүнүн кереги жок. Төртүнчүсү: Анан сөөмөйүн үч жолу тиштеп, ар бир жолу: «Ах» деп айтты. Андан: Ал ким, эй момундардын амири? деп сурашканда. Ал мындай деди: Бул адамдардын ден соолугу жөнүндө кабар жазган катчы. Ал-Мансур түшүнгөн нерсени ага чейинки жана андан кийинки халифтердин көбү түшүнүшкөн. Умавий халифтеринин акыркысы Марван бин Мухаммад почта башчысына күнү-түнү ага кирүүнү сунуштады. Анткени анын бир саатка кирбей калышы вилаяттын бир жылдык ишине доо кетирери түшүнгөн.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 21-зул каада.
2025-ж, 19-май.