Трамптын Перс булуңуна сапары
АКШ президенти Трамптын өткөн аптада Сауд Арабиясына, Катарга жана Бириккен Араб Эмирлигине болгон сапарынын себептерин түшүнүү кыйын эмес. Бул сапарга байланыштуу иш-чаралар, жолугушуулар жана билдирүүлөр ачык болгондуктан, жашыруун эч нерсе болгон жок.
Эң алгач, Трамптын бул аймакка сапарына чейинки бир нече күндөгү окуяларга көңүл буруу зарыл. Анткени бул окуялар анын сапары менен тыгыз байланыштуу. Трамп аймакка сапар алганга чейин АКШ ичинде абдан чоң резонанс жараткан окуялар болду. Ал дүйнөдөгү бардык мамлекеттерге, айрыкча Кытайга карата бажы төлөмдөрүн жогорулатуу чечимин кабыл алып, бул чечим АКШнын фонддук жана облигациялык базарында чоң жоготууларга алып келди. Мисалы, Уолл-Стриттеги биржалар эки күн ичинде 6,6 триллион доллар жоготууга учурап, бул тармак катуу солгундады. Бул убакта S&P 500 индекси, Nasdaq жана Dow Jones индекси март айынан бери (2020) эң чоң жума жоготууларын каттады.
Андан кийин Кытай да жооп катары америкалык товарлардын бардыгына жаңы бажы төлөмдөрүн киргизип, дүйнөлүк базарларда дүрбөлөң жаратып, мунайдын баасы да төмөндөдү. Натыйжада, дүйнөлүк соода согушунун кеңейиши тууралуу тынчсыздануулар күчөдү.
Мына ушундайча АКШдагы жана дүйнөлүк ички базарлар катуу солгундап, дээрлик иштебей кала жаздады. Бул АКШ экономикасы 1929-жылдагы Улуу депрессияга окшош рецессияга кирип кетет деген кооптонууларды күчөттү. Трамп жаңы бажы төлөмдөрүн киргизүүнү убактылуу 90 күнгө токтотууну жарыялагандан кийин акыр-аягы базарлар бир аз гана тынчып, өзүнө келе баштады. Бирок бул токтотуу Кытайга салынган төлөмдөргө тиешелүү болгон жок. Ага карабай, Трамп Кытай менен сүйлөшүп, бул төлөмдөрдү 145%дан 30%га чейин төмөндөтүү боюнча макулдашууга жетишти. Бул кадам жарым-жартылай стабилдештирүү катары бааланып, инвесторлор арасында үмүт жаратты. Мүмкүн бул убактылуу артка кетүү рецессиянын алдын алат деген үмүт болду.
Мындан тышкары, Трамп университеттер жана маданий мекемелер боюнча да айрым чечимдерди кабыл алды, бул болсо анын бийлигин кеңейтүүгө аракет катары кабыл алынды. Мындай кадамдар анын эл арасындагы рейтингин төмөндөтүп, Трамп Ак үйгө кайткандан берки эң төмөнкү деңгээлге түшүп кетти. Бул тууралуу Reuters-Ipsos тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоодо маалымдалган.
Дал ушундай жагдайда Трамптын Жакынкы Чыгыштагы жүрүштөрү башталды. Ага чейин эле ал АКШ элине жана базарларга тынчтык тартуулоо максатында, Жакынкы Чыгышка сапар тартар алдында “өтө маанилүү” жарыя жасайм деп убада берген. Ал үч күндөн ашык убакытка чейин коомчулукту күттүрүп, акыры жарыялаган нерсеси — америкалыктар үчүн дары-дармектердин баасын 30%дан 80%га чейин төмөндөтүү жана Газа шаарында ХАМАСтын колунда туткунда болгон америкалык Айдан Александрды бошотуу тууралуу болду. Ошентип, Трамптын Перс булуңуна болгон сапары АКШ ичиндеги аброюн кайра калыбына келтирүү үчүн жасалган саясий жана экономикалык аракет болду. Ошондуктан, ал сапары учурунда үстөмдүк, күч жана улуулук көрүнүштөрүн эң майда-барат деталдарына чейин көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурду. Өзүн жана өлкөсүн мактап, көргөзүлгөн урмат-сыйга жогорку баа берип, муну менен өзүн “улуу мамлекет башчы” катары элге сездирүүнү каалады. Мисалы, Сауд Арабия, Катар жана БАЭде аны тосуп алган учактардын абадагы көрүнүштөрүн Трамптын командасы атайын видеого тартып, коомчулукка таратышты. Ал тургай, БАЭнин малай башкаруучулары жума күнү мечитти (Шейх Заид мечитин) жума намазга келген эл үчүн жабышып, аны Трампка көрсөтүштү. Трамп бул көрүнүшкө сыймыктануу менен мындайча жооп кайтарды: “Алар биринчи жолу мечитти бир күнгө жаап жатышат. Бул — Америка үчүн чоң урмат, улуу сый, силерге ыраазымын”.
Анын сапары аяктаган кезде, президенттик учактын тепкичинде бир журналист аны уятка калтырууга аракет кылып, мындай суроо берди: “Россиялыктар Түркияга жиберген делегациянын деңгээлинен көңүлүңүз калдыбы?”. Трамп болсо эч нерседен капаланбаганын билдирип: “Мен бул делегация жөнүндө эч нерсе билбейм. Мен эч нерседен капа болгон жокмун. Эмнеге капа болом? Биз жаңы эле 4 триллион доллар таптык!” – деп жооп берди.
Мына ушул себептен улам, Трамп бул сапардын ар бир этабында өзүн “олжо жана утуш алып келген башчы” катары көрсөтүүгө болгон күчүн жумшады. Ал америкалыктарга: “АКШ менин башкаруумда кайрадан улуу болот” деп ишендирүүнү жана өзүн ушул доорго ылайыктуу лидер катары көрсөтүүнү максат кылды.
Ак үй өз билдирүүсүндө мындай деп жарыялады: “Америка Кошмо Штаттары менен Сауд Арабиясы тарыхтагы эң ири коргонуу келишимин түзүштү. Анын наркы болжол менен 142 миллиард долларга жетет”. Бирок, Аллахтын душманы Трамп бул сапарында жетишкен “чыныгы ийгиликтер” бул аймактагы башкаруучулардын ага берген ачкычсыз берилгендиги, өзүнүн мамлекетин, динин жана элдин абийирин тебелеп, кор болгон тизмелери болду.
Финансылык жактан, бул сапарда Трампка берилген акчалардын көлөмү астрономиялык сандар экени талашсыз. Бул малай режимдер Америкага жалган инвестиция жана жасалма келишимдер аркылуу акча куюп беришти. Сауд Арабия төрт жыл ичинде 600 миллиард долларлык инвестиция салууга кол койду. Бириккен Араб Эмираттары он жыл ичинде 1,4 триллион доллардык келишимге, ал эми Катар 1,2 триллион долларлык келишимге кол койду. Бул сумма жалпысынан үч триллион доллардан ашып, бүтүндөй ислам дүйнөсүн өнүктүрүүгө жете турган каражат.
Трамп муну менен эле токтоп калбастан, бул көрсөткүчтөрдү 4 триллион долларга чейин жетет деп үмүттөнө турганын айтты. Ал өзгөчө Сауд Арабиянын мураскери Мухаммад бин Салман сыяктуу кул мүнөз башкаруучулар инвестицияны дагы көбөйтөрүнө ишенди.
Саясий багытта болсо, Трамп бул сапарында Перс булуңунун башкаруучуларын жана Сириянын жаңы жетекчилерин бир үстөлгө чогултуп, аларды бийликте калтыруунун шарттарын ачык айтып берди. Ал аларды “Ибрахим келишимине” кошулушун, башкача айтканда, Палестинаны басып алган яхудийлер менен нормалдашуу жана аймакта тынчтык орнотуу багытында кадам жасоону талап кылды. Башкаруучулар, анын ичинде жаңы дайындалган Сирия президенти Ахмад Шара да бул сунушту “убагы келгенде” кабыл алууга даяр экенин билдиришти.
Трамп Сирияга карата санкцияларды жеңилдетүүнү убада кылды, бирок бул үчүн алар мужахиддерге каршы күрөшүү, светтик конституцияга өтүү жана кыйратуучу яхудий мамлекети менен нормалдашуу боюнча милдеттенмелерди алышы керек болчу. Сапардын жүрүшүндө Трамп бардык башкаруучуларды өзүнө берилген, баш ийген абалда көрсөтүүгө аракет кылды.
Бул сапар текебердикке, кор болууга жана чыккынчылыкка толгон сапар болду. Бул мусулмандардын акчасын, алардан жылдар бою уурдап топтогон байлыктарын текке кетирүү сапары болду. Бул мусулмандарды эң көп өлтүргөн Трамп сыяктуу душманды сүйүнүү менен тосуп алуу, ага карата кубануу менен кызмат кылуу сапары болду. Алар Трампты кымбат кызыл килемдер менен тосуп алышты, учкучсуз учуучу учактарды жана согуштук техникаларды ага көрсөтүштү, ал тургай мусулман кыздары менен балдарын бийлетишти. Ал эми өлкөнүн ханзадаларын, аялдарын жана кошоматчыларын Трамптын алдына тизелетип, ага баш ийдиришти.
Бул арада яхудийлер Газага каршы согушун улантып, күн сайын жүздөгөн балдарды, аялдарды жана эркектерди өлтүрүп жатышты. Бул согуш АКШнын курал-жарагы, акчасы жана түз колдоосу менен жүрүп жаткан. Алар Трампты кучактап жатканда яхудийлердин танктары менен учактары Газа элин кырып жатты! Ошондуктан биз Аллахтан тилейбиз, үммөт бул сапардагы көрүнүштөрдү көрүп, чыдамы түгөнүп, нааразылык отуна айлантсын. Камералар тарткан бул уят көрүнүштөр үммөттүн жүрөгүндө жара болгон азапты жана ачуу сезимди жалындаган отко айлантып, бул башкаруучулардын чириген тактарын кулаткан от болсун!
Роя гезити
Бахир Салих
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн мүчөсү




