Дохада өткөн Дүйнөлүк Коопсуздук Форуму
2025-жылдын 28–30-апрелинде Доха шаарында «Өкмөттөргө караштуу эмес субъекттердин дүйнөлүк коопсуздукка тийгизген таасири» темасында Дүйнөлүк Коопсуздук Форумунун жыйынтыгы болуп өттү. Бул форум жетинчи жолу уюштурулууда. Катар өкмөтүнүн байланыш борбору өзүнүн расмий баракчасында билдиргендей, форум «дүйнөлүк коопсуздуктун эң чоң маселелерин талкуулоо үчүн дүйнөнүн алтымышка жакын өлкөсүнөн 1400дөн ашуун көрүнүктүү адамдарды – дүйнө лидерлерин, мамлекеттик кызматкерлерди, министрлерди, адистерди жана илимпоздорду – чогултту».
«Форум 2018-жылы негизделип, жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык мааниге ээ платформа болуп калды. Бул иш-чара чечим кабыл алуучулар менен ар түрдүү тармактардагы адистердин ортосундагы диалог үчүн маанилүү аянтча болуп эсептелет. Аны Катар Эл аралык Коопсуздук Изилдөө Академиясы менен Нью-Йорктогу Соофан Борбору уюштуруп, коопсуздук жаатындагы башка уюмдар менен биргеликте өткөрүшөт. Алардын катарында БУУнун Коопсуздук кеңешинин терроризмге каршы күрөшүү боюнча Башкармалыгы, New America уюму, Аризона мамлекеттик университети жана Defense One сайты бар». Соофан Борбору Нью-Йоркто жайгашкан, анын негиздөөчүсү америкалык чалгын кызматкери. The New Yorker журналы ал 11-сентябрдагы кол салуулар тууралуу алдын ала кабар берген адамдардын бири болгонун жазган, бирок АКШ чалгын кызматы аны менен кызматташуудан баш тарткан.
Бул форумдун негизги максаты – Доханын стратегиялык коопсуздук жана эл аралык кызматташтык боюнча диалогдордун алдыңкы борбору катары ордун бекемдөө. Катар тышкы иштер министри Мухаммад бин Абдуррахман 2025-жылы өткөн форумдун ачылышында: «Биз ортомчулук жана жаңжалдарды жөнгө салуу боюнча ар кандай тажрыйбалардын негизинде, чыныгы тынчтыкты орнотуу үчүн бардык таасирдүү тараптардын ортосунда диалог каналдарын ачуу зарыл экенин түшүндүк», – деди.
Катар өкмөтүнүн байланыш борбору 2025-жылдын 30-апрелинде мындай деп билдирди: «Дохада үч күн катары менен өтүп, жогорку деңгээлдеги талкуулар менен коштолгон Дүйнөлүк Коопсуздук Форумунун жетиинчи жолку жыйыны өз ишин жыйынтыктады. Ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн дүйнөлүк лидерлер, мамлекеттик кызматкерлер, коопсуздук жаатындагы адистер жана илимпоздор катышты. Быйыл форумдун талкуулары өкмөттөргө караштуу эмес субъекттердин — чек арадан тышкаркы террористтик топтордун, жеке аскердик компаниялардын, уюшкан кылмыштуу топтордун жана санариптик кылмышкерлердин эл аралык кагылышууларды күчөтүүдөгү, ортомчулук жана дипломатиялык аракеттерге тоскоол болуусундагы, киберкоопсуздукка жана гуманитардык иштерге тийгизген коркунучтарына багытталды».
Бул иш-чарада коопсуздуктун жоктугу төмөнкү жагдайлардан көрүнүп турат:
- Форум АКШнын коопсуздук институттарынан куралган. Алардын максаты — Америка Кошмо Штаттарынын аймактагы жана дүйнөдөгү таасирин сактап калуу жана бекемдөө. Бул максатта алар көптөгөн өлкөлөрдүн адистерин жана расмий өкүлдөрүн чакырып, алардын пикирлерин жана маалыматтарын топтошот.
- Форум аймактагы жана дүйнөдөгү азыркы режимдерди «коопсуздукту, туруктуулукту жана тынчтыкты сактоо» деген ураандын алдында колдоп, аларды сактап калууга аракет кылат.
- Быйылкы форум өкмөттөргө караштуу эмес субъекттердин дүйнөлүк коопсуздукка тийгизген таасирине басым жасап, «чек арадан тышкаркы террористтик топторго» каршы аракет көрүүнү көздөдү. Бул менен алар АКШнын жана Батыштын таасирине коркунуч жараткан исламий кыймылдарды айтып жатышат. Алар: «Аймактагы жана дүйнөдөгү азыркы түзүлүштү өзгөртүүгө аракет кылып жаткан жалгыз күч — Халифалыкты орнотууну көздөгөн исламий идея ээлери» дешет. Бул идеяны алар кээде «саясий ислам» деп, кээде болсо «терроризм жана экстремизм» деп атап, аны токтотуу жолдорун талкуулашууда. Алар бул коркунуч тууралуу көптөгөн отчетторунда жана билдирүүлөрүндө эскертишкен, алардын акыркыларынын бири — яхудийлер мамлекетинин премьер-министринин 2025-жылдын 21- жана 23-апрелинде Халифалыкты орнотуу тууралуу берген эскертүүсү болду.
- Катар бул форумду өткөрүү менен Батыш ага ыйгарган ролун — «дүйнөлүк коопсуздукка байланышкан жалпы чакырыктарга каршы стратегиялык диалог жана эл аралык кызматташтык боюнча лидер» деген имиджин бекемдөөгө умтулат. Ал өзүн жаңжалдарды чечүүчү ортомчу жана аймакта, дүйнөдө коопсуздук орнотууну каалаган өлкө катары көрсөтүүгө аракет кылат. Мунун ичинде Палестинаны басып алган яхудийлер мамлекети, мусулман өлкөлөрүндөгү азыркы режимдер жана бул аймактардагы Батыштын таасири да бар.
- Катар Газа маселеси боюнча ортомчу болуу менен яхудийлер мамлекетинин бар экенин таанып, ага карата мамиле түзүүдө. Бул арада яхудийлер Газа тилкесинде геноцид жасап, анын калкын жана Батыш Шериа тургундарын көчүрүп, алардын жерлерин тартып алып, аль-Акса мечитин басып алуу аракетин улантып жатышат.
- Катар өзү жарыялаган коопсуздук максаттарына каршы. Ал Америкага өз аймагында Жакынкы Чыгыштагы эң ири аскердик базаны ачууга уруксат берди. Бул база аркылуу АКШ Ислам өлкөлөрүнө коркунуч таратып, аларды бомбалап, басып алып, кыйратып, миллиондогон адамдарды өлтүрүп, үй-жайынан айдап чыкты. Бул Афганистанга, Иракка жана Сирияга болгон чабуулдарда ачык көрүндү.
- Катар мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер ортосунда ортомчулук кылуу менен бул өлкөлөрдүн бөлүнүп-жарылганын тааныйт, бирок аларды бириктирүү үчүн эч кандай аракет көрбөйт. Анткени Катар да, башка бул режимдер да Батышка, анын ичинде өзгөчө Америкага, идеялык, саясий, коопсуздук, экономикалык жана аскерий жактан көз каранды.
- Батыш, айрыкча АКШ дүйнөдөгү коопсуздукка коркунуч тийгизген негизги себептердин бири болуп саналат. Анткени ал колонизатор. Согуштарды тутандырат, кризистерди жаратып, башаламандыктарды күчөтөт. Бул аймактагы мусулмандардын идеологиясына каршы күрөшөт, аларга терроризм жана экстремизм деген шылтоо менен өз ишин башкарууга, биримдикке жетүүгө жана Ислам бийлигин – Халифалыкты орнотуу аркылуу өнүгүүгө жол бербейт. Ошондуктан коопсуздук маселесинин чечими мындай форумдарды, талкууларды өткөрүүдө эмес. Анткени булардын өзү – кризистин себепчилери жана өз үстөмдүгүн сактоо үчүн бул иш-чараларды уюштурушат. Мындан тышкары, «ортомчу» болуп көрүнүү менен лидерлик ролду ойноо да маселенин чыныгы чечими эмес. Чыныгы жол — жогоруда айтылган негизги себептерди жоюу менен гана болот.
Булардын бардыгы Исламдын жашоо системасы катары вакыйда жок болушунун натыйжасы. Ислам мамлекеттик түзүлүш катары болгондо коопсуздук, бейпил жашоо жана бакубат турмуш камсыз кылынмак. Мунун үлгүсү – 13 кылым бою Ислам мамлекетинин мисалында дүйнө жүзүндө орун алган. Бирок Исламдын күнү батканда, Халифалык жоголгондо жана шариат жокко чыгарылып, мусулмандардын жери Батыштын таасирине баш ийген 50дөн ашуун өлкөгө бөлүнгөндө, Палестинага яхудийлердин баскынчы мамлекети отургузулганда, эл үчүн коопсуздук, тынчтык жашоо калбады.
Коопсуздук – коркуунун карама-каршысы. Ал жер бетинде бийлик ишенимдүү адамдарга – ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаган адамдарга берилип, алардын динин үстөм кылуу менен гана ишке ашат. Алар өз динине негизделген мамлекетке ээ болуп, Алла ыраазы болгон дин менен башкарганда, ички жана тышкы иштерде Алланын өкүмдөрүн колдонуп, коркуунун ордуна бейпилдикке жетишет. Алар Алла жолунда күрөшөт жана эч кимден коркпойт. Ислам мамлекети мурда жер бетинде коркуу жана алсыздыкта жашаган момундарды Алла өз мамлекетине алып келип, Өзүнүн жардамы менен колдоп, аларга жаратылыштын берекелерин тартуулаган.
Дүйнө жүзүндө коопсуздук экинчи жолу Пайгамбарлык жолундагы Халифалык мамлекети орногондо гана ишке ашат. Бул мамлекет колонизаторлорду токтотуп, аларды элдерди эзип, байлыктарын талап-тоноп, согуш жана жаңжалдарды тутандырып, үстөмдүгүн узартуусуна бөгөт коёт. Ал дүйнөнү бузукулар менен бузгунчулардын бийлигинен тазалайт.
Роя гезити
Асъад Мансур