Пикирий сергектик

23
0

Пикирий сергектик

Пикирий сергектикти сактоо үчүн өз пикирлерибизди пайда кылууда жана туруктуулугун сактоодо өзгөчө ыкманы колдонуу керек. Биз туура деп эсептеген пикирлерибизге ээ болсок да, алардын жаңылыш болушу мүмкүн экенин дайыма эске алуу зарыл. Ар дайым жаңылышуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу адамды өз пикирлеринин чындыкка дал келишин кайра-кайра текшерүүгө түртөт. Мындай ой жүгүртүүнү эреже катары кабыл алуу керек.

Бекем ишенимди калыптандыруу үчүн пикирий сергектик, башкача айтканда, ар дайым чындыкты издөөнү адатка айлантуу зарыл. Бул ар бир маалыматты жана пикирди терең ой жүгүртүү менен кабыл алып, алган илимди бурмалоодон жана бөтөн көз караштардан тазалоо, аны так жана түшүнүктүү далилдер менен бекемдөө менен болот. Ошондой эле, канчалык жакын же көнүмүш болбосун, пикирлерибизден бөтөн нерселерди оолак кармоо зарыл. Себеби алар акыйкатка аралашып, аны бурмаланган, түшүнүксүз пикирге айлантышы мүмкүн. Мындай ыкма — туура түшүнүктүн калыптанышына, терең пикирөөгө жана тунук жана таза пикирге алып келет. Канчалык пикирлер тунук болгон сайын туура түшүнүктөрдү калыптандыруу жана аны башкаларга жеткирүү ошончолук жеңил болот. Ошентип, пикирлердин тазалыгы — бул дайымий акыйкат менен салыштырылып туруудан келип чыккан ийгиликтин жана ал пикирлердин туруктуулугун сактап калуунун кепилдиги.

Бул жерде биз ишеним түркүктөрү болгон акыйдабий пикирлер тууралуу айтып жаткан жокпуз. Алар мусулман ишениминин негизи болуп, ага күмөндүү пикирлердин кирип кетишине такыр жол берилбейт. Бирок алар да дайым бекемделип турушу керек, анткени бул ыйманды кубаттуу кылат. Дал ушул акыйдага тиешелүү пикирлер — бардык башка идеяларга пайдубал болот жана анын негизинде дүйнө тааным калыптанат.

Мындай мамиле пикирлөөнүн тазалыгына кепил болот: кабыл алынган пикирлерди дайыма кайра текшерип турган адам бара-бара аны өзү эле туура багытта калыптандырууга үйрөнөт. Мындай абалда адам ички тынчтыкка (сакинага) жетип барат жана ошол эле учурда андан ары өсүүгө умтулат.

Бирок акыйкатты дайыма издөө дегени көз караштарды улам-улам өзгөртө берүү дегенди билдирбейт. Биз дайыма эле бир пикирден экинчисине секирип жүрүү жөнүндө айткан жокпуз. Албетте, адатта мындай көрүнүш күмөндүн үстүнө курулуп, так позициянын жоктугуна алып келет. Биз сергектикти услуб катары пикирлөө жолу катары айтып, терең ой жүгүртүү аркылуу бекем ишенимге ээ болуу жөнүндө кеп кылуудабыз. Мындай пикирлөө услубунан пайда болгон пикирлер темирден катуу, ийилбес болуп калыптанат. Алар терең пикирлөөдөн келип чыгып, кайтарылгыс эсептелет.

Бир адам адилеттүүлүк принциптерин сактоо маанилүү деп ишенет дейли. Эгерде ал бул түшүнүгү салт же коомдогу кош стандарттуу идеологиянын таасири менен калыптанганын аңдаган болсо, ал өтө сергек болушу керек: адилеттүүлүктүн чыныгы маңызын саясий же маданий бурмалоолордон ажырата билиши керек. Мисалы, бул адам жаш кезинен бери адилеттүүлүктү эң маанилүү баалуулук деп эсептеп келген. Ал теңдик, чынчылдык, адамдарга калыс мамиле идеясын колдоп келген. Бирок убакыт өткөн сайын, анын жашаган чөйрөсү – мамлекети, ал иштеген компания, партия, жамаат же жакындары сыяктуу тараптар адилеттүүлүккө кылган мамилеси анын адилеттүүлүк тууралуу түшүнүгүнө дал келбегенин байкай баштайт. Ал кордолгондорду коргоону убада кылган уюмду колдошу мүмкүн. Бирок ал уюм өз ишинде эки адамга адилетсиздик болуп жатса, бирине боор тартып, экинчисине кайдыгер мамиле кылганын байкайт. Ушул учурда анын пикирий сергектиги ойгонот: ал мындай карама-каршылыктарды көз жаздымда калтырбайт. Ал өзүнөн сурайт: «Эмне үчүн мен муну адилеттүү деп эсептейм? Менин түшүнүгүм чын эле адилеттүүлүккө негизделгенби, же болгону өз жамаатыма берилгендиктен ушинтип жатамбы?».

Ал: «Сен өзүңдүкүлөргө каршы чыктың», «Азыр сындын убактысы эмес», «Адегенде душмандарды жеңип алалы, анан адилеттүүлүктү сүйлөшөбүз» деген сыяктуу сөздөр аркылуу кысымга кабылышы мүмкүн. Бирок пикирий сергектик иш аракеттерди ким жасап жатканына эмес, эмнеге жасап жатканына – анын маңызына баа берүүнү талап кылат.

Демек, инсан, адилеттүүлүк идеясынан тайбастан, сокур берилгендиктен баш тартышы зарыл. Ал түшүнүшү керек болгон нерсе: эгерде ал өз ишенимдерин мезгил-мезгили менен текшерип турбаса, анда кош стандартты колдоп калуу коркунучу бар. Бул болсо башынан таза ниет менен кабыл алган идеяны өзү талкалап салат дегени.

Ошентип, анын пикирий сергектикке умтулуусу төмөнкүлөрдөн көрүнөт:

-Адилеттүүлүктүн өзүнөн күмөн саноо эмес, аны колдонууда адилеттүүлүк жөнүндөгү түшүнүгүнө шек келтире алышында;

-Эгерде анын көз караштары адеп-ахлактык принциптерге каршы келсе, аларды кайра карап чыгууга даяр болуусунда;

-Сырткы авторитетке, топко же салтка байланыштуу эмес, түз эле акыйкатка таянган терең жана көз карандысыз түшүнүктү издөөсүндө.

Натыйжада анын ишеними бышып жетилип, мындай тыянака келет: кимдин ким экенине карабастан адилеттүүлүк бардыгына бирдей колдонулбаса анда ал чыныгы адилеттүүлүк боло албайт. Мындай жол жөн гана эмоцияналдык берилгендикти эмес, акылга, тажрыйбага жана дайыма акыйкат менен салыштырып турууга негизделген бекем ишенимди пайда кылат. Бул сыноолордон өткөн, бышып жетилген, тазаланган пикирий сергектиктин мисалы.

Пикирий сергектиктин мисалы башка көптөгөн кырдаалдарда да көрүнүшү мүмкүн, мисалы, саясий окуяларга баа берүүдө. Кимдир бирөө белгилүү бир саясий күчтүн тарапкери болушу мүмкүн. Бирок пикирий сергектик мындай суроолорду коюуну талап кылат: алардын аракеттери менин ишенимим жана акыйдам негизинде кабыл алган принциптерге дал келеби? Же мен жөн гана көр берилгендик менен карама-каршылыктарды көз жаздымда калтырып жатамбы?

Дагы бир мисал, билим берүү жана илимий көз караштар жаатында болушу мүмкүн. Илим менен алектенген студент сергек болушу керек: окуу китептеринде же илимий чөйрөдө айтылган нерселердин баары эле авторлордун жеке каталарынан же душмандык идеологиянын таасиринен таза боло бербейт. Чыныгы илимий мамиле — бул ар дайым текшерүү, күмөн саноо жана көпчүлүк тарабынан таанылган болсо да, туура эмес теориялардан баш тартууга даяр болуу дегенди билдирет.

Жыйынтыктап айтканда, пикирий сергектик — бул кыжаалат болуунун же шектенүүнүн жолу эмес. Бул — ой жүгүртүүдө белгилүү бир ыкманы колдонуу менен акыл жүгүртүү тартиби. Бул — сокур ээрчүүдөн арылган сергек жашоо, ишенимди бекемдей турган күмөн саноо жөндөмү. Мындай ой жүгүртүү көз караштын тазалыгын гана сактап тим болбостон, коомго да пайдубалдуу жана негизделген идеяларды сунуштоо аркылуу оң таасир бере алат. Дал ушул сергек ой жүгүртүү — бышып жетилүүгө, тайманбастыкка жана ахлактык күч кубатка жеткирүүчү жол.

Латыфуль Расых

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here