АМЕРИКА КЫТАЙ МЕНЕН СТРАТЕГИЯЛЫК ТИРЕШҮҮДӨ ЧАРЧАП, ИСЛАМ МЕНЕН ИДЕОЛОГИЯЛЫК СОГУШТА ЖОК БОЛУУ АЛДЫНДА ТУРАТ!

134
0

Америка Кытай менен стратегиялык тирешүүдө чарчап, Ислам менен идеологиялык согушта жок болуу алдында турат!

Мунажий Мухаммад

Америка менен Кытайдын геостратегиялык тирешүүсүн жана Америка Кытайга карата колдонуп жаткан стратегияны түшүнүү үчүн алгач Кытайдын эл аралык аренада чоң держава болуп чыгуусуна түрткү болгон себептерди, шарттарды жана геостратегиялык мүмкүнчүлүктөрдү түшүнүү керек. Экономикалык, аскердик, технологиялык жана саясий күчтөрүнүн өсүшү менен бүгүн Кытай дүйнөлүк саясатка өз таасирин тийгизе турган деңгээлге жетти.

Америка Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин 1945-жылы дүйнөгө үстөмдүк кылуу максатында коңулунан чыкты. Бул маалда Европа колонизатор держава катары согуштан алсырап, ички кризиске кабылуу менен, эл аралык аренада боштук пайда болгон. Ушул шарттан пайдаланып, Америка өзүнүн кызыкчылыктарына жетүү үчүн эл аралык саясий жана экономикалык институттарды түздү, ошондой эле аймактык жана эки тараптуу коопсуздук уюмдарын, аскердик альянстарды жана либералдык саясий эрежелерди, мыйзамдарды жана принциптерди орнотуу менен өз көз карашын камсыз кылган эл аралык түзүлүштү калыптандырды. Ошентип, Американын тышкы саясатынын негизги максаты болуп ушул системаны сактап калуу жана аны узак мөөнөттө колдоо болду. Ал ушул системанын урашын алдын алуу үчүн “дүйнөлүк коопсуздук жана тынчтыкты сактоо” деген ураан менен иш алып барды.

Америка түзгөн бул институттар анын көз каранды кылуучу кызыкчылыктарын жана көз карашын чагылдырып, жакын өнөктөштөрүнүн да кызыкчылыктарын эске алган. Америка бул институттарды өзүнө ыңгайлуу механизмдер менен түзгөн, мисалы, чоңураак каржылык салым жасаган тарап чоңураак башкаруу укугуна ээ. Мындай ыкмалар аркылуу Америка согуштан кийинки эл аралык системанын негизги эрежелерин аныктаган жана көзөмөлдөп келген.

Америка өзүнүн бул системасын капиталисттик негизге курулган эл аралык тартип катары бекемдеди. Бул көз каранды кылуучулукка негизделген дүйнө караш Батыштагы өлкөлөрдүн арасында Америка жетекчилиги астында макулдашылган болчу.

Андан кийин Америка Советтер Союзу менен идеологиялык атаандаштыкка — “суук согушка” (холодная война) кирди. Бул саясий, дипломатиялык, экономикалык жана маданий деңгээлдеги тирешүү болуп, анын максаты өзүнүн эл аралык тартибин сактап калуу эле. Бул тирешүү дээрлик жарым кылымга созулуп, 1991-жылы Советтер Союзунун жана анын Чыгыш лагеринин урап, мамлекеттеринин тарашы менен аяктады.

“Суук согуш” бүтүп, коммунисттик система кыйрагандан кийин Америка өзүнүн эл аралык системасын кеңейтүү аракетин көрдү жана чындыгында көп өлкөлөрдү бул тартипке баш ийүүгө мажбур кылды. Бирок, чечим кабыл алуудагы негизги эрежелер мурдагыдай эле калып, Америка өзүнүн көз каранды кылуучу кызыкчылыктарына ылайык иш алып барууну улантты.

Америка Советтер Союзун жеңгенден кийин жеңишке мас болуп дүйнөдөгү жападан жалгыз башкаруучу жана үстөмдүк кылуучу болуу үчүн империя курууну жана ага керек болгон үстөмдүк куралдарын көзөмөлдөөнү стратегиялык максат кылып алды. Бул куралдар: энергия булактары, чийки сырьё, жаратылыш ресурстары жана соода жолдорунун картасын көзөмөлдөө болчу.

Бирок Америка империясынын курулушуна катуу тоскоол болгон нерсе бул Ислам географиясы жана анын тамырлашкан, ички дүйнөсүнө сиңип кеткен Исламдын өзү болду. Исламий идеологиянын акыйкаты ачыкка чыгып, аны аң-сезимдүү жана чынчыл топ кайрадан жандандырып, Исламга стратегиялык күч-кубат тартуулаганда АКШ үчүн олуттуу тоскоолдукка айланды. Ошентип, Ислам эл аралык теңдемеде кайрадан “татаал маселе” катары пайда болуп, Американын эл аралык системасы үчүн эң кооптуу чакырыкка айланды.

Мындан кийин Батыш дүйнөсүндө Ислам феномени тууралуу изилдөөлөр көбөйдү. Мисалы, Франциянын Эл аралык мамилелер институту 1987-жылы чыккан жылдык баяндамасынын негизги темаларынын бирин “Ислам — эл аралык мамилелердеги жаңы күч” деп атап, Ислам дүйнөсүндөгү байкалган кайра жаралуу процесстерин жана алардын эл аралык мамилелерге тийгизген таасирин талдаган. Баяндамада ири державалар бул агымга каршы туруу боюнча теориялык жактан алсыз экенин белгилеп, ал Ислам агымын “асыл нугундагы Ислам феномени” деп атаган.

Мунун негизинде Америка Исламга каршы күрөшүү үчүн түздөн-түз кайрадан Ислам географиясын көз каранды кылуучу формада колго алууну стратегия кылып алды. Карталарын кайра чийип, жергиликтүү жаңжалдар, мазхабдык жана этностук кагылышуулар менен «мина» коюп, ошол эле учурда байлыктарын талап-тоноп алуу менен алек болду.

Алгач ал Афганистанды басып алып, андан Евразияга жана анын бай энергия жана чийки ресурс аймактарына кирүүнү көздөгөн. Андан соң Иракты басып, дүйнөнүн энергия муктаждыгын камсыздаган мунай булактарын: Иракты, Араб жарым аралын жана бүтүндөй регионду көзөмөлдөөнү максат кылды. Сомалини да басып алып, стратегиялык мааниге ээ болгон деңиз жолдорунун кулпусун көзөмөлдөөгө аракет кылды.

Бул аракеттердин түпкү максаты — Исламды колго алуу, үстөмдүк кылуу куралдарын көзөмөлдөө, дүйнөлүк экономиканын күрөө тамырын жана анын жеткирүү жолдорун, деңиз өтмөктөрүн көзөмөлгө алуу аркылуу Америка империясын куруу жана дүйнөнү ошол империянын башкаруусуна баш ийдирүү болчу.

Ошентип, Американын Перс булуңундагы, Афганистандагы жана Чыгыш Африкадагы (Сомалидеги) согуштары анын эл аралык системасын глобалдаштыруу үчүн жүргүзүлгөн стратегиялык согуштар болгон. Америка бул аркылуу “жаңы дүйнөлүк тартипти” куруу концепциясын жайылтты. “Жаңы дүйнөлүк тартип” деген түшүнүк Американын тышкы саясатынын ишмердүүлүгүндө жана саясатчыларынын, администрациялардын ооздорунда кайра-кайра айтылып, аны саясий зарылчылык катары бекемдөөгө аракет кылышты.

Андан соң Америка Исламды өзүнүн стратегиялык душманы деп жарыялап, ага каршы күрөшүүнү жаңы эл аралык системага мыйзамдуулук берүү үчүн колдонулган негизги стратегияга айлантты. Ал терроризмге каршы күрөш деген шылтоо менен Ислам географиясын согуштардын, көз каранды кылуунун жана талап-тоноонун аренасына айлантты. Мунун бардыгы империя курууга керектүү үстөмдүк куралдарын камсыздоо үчүн жасалган.

Бул өзгөчө эл аралык кырдаал тарыхый мааниге ээ болгон стратегиялык учур жана мүмкүнчүлүк болуп калды. Америка өзүнүн куру кыялга негизделген империя куруу авантюралары менен алек болуп турган чакта Кытай тынч жана тынымсыз темп менен өзүнүн экономикасын курду. Ал өзүнүн инфратүзүмүн, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүп, технологиялык базасын чыңдап жатты. Бул болсо билим берүү системасын жакшыртуу, илимий-изилдөө, сыноо жана инновация борборлорунун мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүү жана бекемдөө аркылуу ишке ашырылып жатты.

Мындан тышкары, коммунисттик системанын жеңилүүсү, социалисттик лагердеги өлкөлөрдүн ыдырашы жана “суук согуштун” аякташы шартына Америка олуттуу стратегиялык жаңылыш баа берип, Кытай Эл Республикасы да социалисттик лагердеги өлкөлөрдүн тагдырын кайталайт жана анын башкаруу системасы да ыдырайт деп ойлогон. Бул баа берүү Кытайдын, тактап айтканда анын системасы классикалык коммунисттик өлкөлөрдөн айырмаланып, капиталисттик мамлекеттин социалисттик элементтерин айкалыштырган гибриддик түзүм экенине такыр көз жумган болчу.

Бул жаңылыштык Обаманын администрациясына чейин уланган. Обама башкарууга келгенде гана Американын Кытайга карата стратегиялык мамилесиндеги бул чоң катачылык аңдалып, тышкы саясат кайрадан каралып чыкты. Натыйжада, Американын тышкы саясатынын борбору Ислам географиясынан Азияга, тактап айтканда, Кытай тарапка жылдырылды. Бул жаңы басымдын урааны “Азияга бурулуш” деп аталды.

Дал ушул мезгилде Американын тышкы саясатындагы Кытайга карата көңүл буруу тенденциялары айкын байкала баштады. 2011-жылы ноябрда АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун Азияга карата Америка тышкы саясаты тууралуу жазган аналитикалык макаласы бул стратегиядагы бурулуштун башталышы болуп эсептелет. Ал макаласында Азия-Тынч океан аймагына дипломатиялык, экономикалык жана стратегиялык инвестицияларды көбөйтүү керектигин баса белгилеген.

Ошол эле айда президент Обама “Азияга бурулуш” деп аталган жаңы стратегияны расмий жарыялап, аны Австралияга 2500 америкалык деңиз аскерлерин жайгаштыруу менен баштаган. Бул жаңы кадамды Кытай өзүнүн экономикалык жана саясий өсүшүн басаңдатууга багытталган америкалык аракет катары кабыл алып, кескин сынга алган.

Ошондон бери Американын Кытайга болгон басымы күчөп, тирешүү курчуй берди. Трамптын администрациясы келгенден кийин бул тирешүү кескин мүнөзгө ээ болуп, түздөн-түз соода согушуна айланды. Американын саясий тили бажы төлөмдөрү жана санкциялар болду. Мунун натыйжасында АКШ менен Кытайдын ортосундагы экономикалык мейкиндик америкалык чабуул аракеттер менен мина коюлган аянтка айланды. Бул кырдаалды Трамптын мурунку кеңешчиси Стив Бэннон ачык билдирип: “Бул эки система бири-бирине төп келбейт, алардын бири жеңет, экинчиси утулат,” – деген.

Трамптын администрациясы улуттук коопсуздук үчүн “эл аралык террорчулукка” (б.а. Исламга) караганда Кытай чоң коркунуч деп биле баштады. Мындай бааны ошол кездеги мамлекеттик катчы Майк Помпео да ачык билдирген. Ошондон тартып эле Америкадагы саясий чөйрөлөр, ошондой эле көрүнүктүү ойчулдар мисалы, тарыхчы Уолтер Рассел Кытай менен “жаңы суук согуш” жөнүндө ачык-айкын айта башташты.

Америка стратегиясы Кытайды эл аралык системаны кайра түзүүгө ниети бар атаандаш катары мүнөздөйт. Кытай экономикалык, дипломатиялык, аскерий жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн туруктуу түрдө күчөтүп жатат. Бул болсо Кытайды жөн гана экономикалык кызыкчылыктар рыногундагы атаандаш катары эмес, эл аралык тартипти өзгөртүүгө умтулган олуттуу фактор катары көрсөтүүдө. Бул АКШнын үстөмдүк кылуучу системасын сактап калуу ниетине карама-каршы келет.

Андан соң Америка Кытайдын күчүн чектөө жана кеңейип бараткан амбицияларын ооздуктоо стратегиясында алсыз экенин түшүнө баштады. Бул амбициялар Азия-Тынч океаны аймагында Американын үстөмдүгүнө реалдуу коркунуч жараткан деңгээлге жеткен. Эң кооптуусу, Кытай күч алып, тез өнүгүп, өзүнүн таасирин дагы кеңейте баштады. Айрыкча “Бир алкак, бир жол” демилгеси аркылуу дүйнөгө чыгуу менен, Кытайды Түштүк-Чыгыш Азия, Борбор Азия, Россия жана Европага байланыштырган глобалдык инфратүзүм долбоору аркылуу дүйнө Кытайдын рыногуна карай байланышып жатат. Ушундай жол менен Кытайдын экономикалык, технологиялык, аскердик жана дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрү үзгүлтүксүз өсүп жатат.

Мына ушундай жагдайда, Американын стратегиялык баш аламандыгынан кийин Байдендин администрациясы Кытай маселесине жооп иретинде “суук согуштун” стратегиясын кайра жандандырды. Максат — эл аралык мамилелерди жана алардын эрежелерин кайра калыптандыруу, ошону менен бирге Американын дүйнө жүзүндөгү үстөмдүгүн сактап калуу.

Бул АКШ жана анын союздаштары менен тез өсүп келе жаткан Кытайдын ортосундагы жаңы суук согуш болуп калды. Америка Советтер Союзуна каршы мурун колдонулган “камакка алуу” (containment) саясатын Кытайга карата кайра жандандырды. Кытай эми глобалдык коркунуч катары каралып, ага ички жана тышкы кризистерди жаратуу, ресурстарын түгөтүү, маданий согуш жана пропагандалык чабуулдар аркылуу кысым көрсөтүлүүдө. Эң маанилүүсү, бул душмандык мамилени дүйнө жүзүнө жайылтуу, башкача айтканда Кытайды Батыштын эл аралык тартиби жана туруктуулугу үчүн коркунуч катары кабыл алууга дүйнөнү мажбурлоо болду.

Ошентип, Америка өзүнүн стратегиясынын алкагында өнөктөштүктөрдү жана альянстарды кайрадан курууга киришти. 2021-жылдын сентябрь айында “АУКУС” (AUKUS) коопсуздук келишими түзүлдү, андан соң “Квад альянсы” же “Квадраттык коопсуздук диалогу” ишке кирди. Бул коопсуздук альянстарынын негизги максаты Тынч жана Инд океандарынын мейкиндигин “ачык жана эркин” сактап калуу деп жарыяланган. Бул “ачыктык” Кытайдын бул аймактарды көзөмөлдөп же үстөмдүк кылуусуна жол бербөөнү билдирет. Башкача айтканда, АКШнын эл аралык тартибине негизделген эрежени сактап калуу жана геосаясий түзүлүштү коргоо болуп эсептелет.

Американын бул стратегиясы Кытайдын Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азияга кеңейүүсүнө бөгөт коюуну, учурдагы статус-квону жана бар болгон эрежелерди — анын ичинде деңиз мыйзамын жана азыркы чек араларды — сактап калууну көздөйт. Кытай деңизинде абалды өзгөртпөй сактоо жана аймактагы навигация эркиндигин талап кылуу бул стратегиянын өзөгүн түзөт.

Бул тирешүүнү андан да курчуткан фактор бул Россия маселеси болду. Американын стратегиялык түшүнүгүндөгү эң коркунучтуу сценарий — бул Кытай менен Россиянын стратегиялык альянс түзүшү жана алар аркылуу дүйнөлүк эрежелерди өзгөртүүгө болгон аракети. Мындай аракет АКШнын эл аралык тартибин туңгуюкка такап, аны кулатуу коркунучун жаратат.

Американын стратегиялык дүйнө таанымында Кытай же Россия сыяктуу мамлекеттерге эл аралык эрежелерди аныктоодо чоңураак добуш жана кеңири ыйгарым укук берүү бул үстөмдүгүнөн ажыроонун коркунучу болуп эсептелет. Ошондуктан, Америка үчүн аларга каршы “тосмо жана күрөшүү” стратегиясы эң ылайыктуу жооп катары каралат. Бирок бул жерде маселе бул тосмолоонун кандай формада, кайсы деңгээлде жана кандай баада жүзөгө ашырылышында.

Ушул контекстте Россия менен Украинанын ортосундагы согуш Американын стратегиясынын бир бөлүгүнө айланды. Бул согуш аркылуу Америка Кытай менен болгон жаңы суук согушта Украинаны “тузак” катары колдонуп жатат. Бул стратегиянын алгачкы максаты — Россияны Украина сазына тартып, чарчатуу, курчоо, обочолонтуп нейтралдаштыруу, андан соң Кытай менен Россиянын ортосундагы мамилени бузуу жана акырында Кытайды ооздуктоо жана алсыратуу.

Бүгүн Америка менен Кытайдын ортосунда жүрүп жаткан тирешүү бул пайда үчүн гана болгон күрөш, идеологияга негизделген күрөш эмес. Бирок Америка бул күрөштү мурун Советтер Союз менен жүргүзгөн идеологиялык тирешүүдөгү куралдар менен алып барууда. АКШнын Кытайга карата колдонуп жаткан “суук согушу” бул мабдадан эмес, көз каранды кылуучу (империалисттик) себептерден улам жүргүзүлүп жатат.

Белгилүү болгондой, эң коркунучтуу жана кандуу күрөш — бул колониялык тирешүү, өзгөчө экономикалык колониализм. Бул материалдык пайда үчүн болгон ач көз күрөш адамзат үчүн өтө оор, туңгуюк жана кыйратуучу кесепеттерге алып келет. Батыштагы капиталисттик системанын, өзгөчө Американын экономикалык кыйроосу, асман чапчыган мамлекеттик карыздары, “ууланган” финансы кагаздары жана жасалма баалуу акциялары сыяктуу факторлор Кытай менен болгон империалисттик тирешүү АКШны кыйроого алып барат.

Мунун үстүнө АКШнын стратегиялык катачылыктары, эл аралык аренадагы татаал жана курч кризистер, өзгөчө капиталисттик системанын ичиндеги экономикалык кризистер Батыш өлкөлөрүнүн ортосундагы биргелешкен колониялык кызыкчылыктарды чектеп койду. Натыйжада Батыштын ичиндеги империалисттик тирешүү күчөдү, бул болсо эл аралык мамилелерде буга чейин болуп көрбөгөндөй чыңалуу жана карама-каршылыктарды пайда кылды. Бүгүн ири державалардын ортосундагы мамилелер союздаштыкка караганда көбүрөөк тирешүүгө жакын.

Акыркы он жылдыкта Америка жетектеген эл аралык система бир катар силкинүүлөрдү баштан өткөрдү. Бул силкинүүлөрдүн бир бөлүгү ички себептерге байланыштуу — капиталисттик системанын моралдык, саясий, экономикалык жана аскерий жактан чирип бузулушу, Америка лидерлигинин ичинен бузулушу, эл ичиндеги терең маданий жана саясий ажырымдар. Бул ажырымдар өлкөнүн ички жана тышкы саясатында ачык көрүнүүдө.

Экинчи бөлүгү тышкы себептерге байланыштуу, алар Америка менен анын үстөмдүгүнө жана эл аралык тартибине каршы туруп жаткан күчтөрдөн келет. Бул Кытай, Россия жана алсыз формада болсо да Европанын айрым өлкөлөрү. Бул күчтөрдүн жалпы урааны — “көп уюлдуу дүйнө” түзүү.

Бирок бул тышкы факторлордун ичинен эң кооптуусу — Ислам дааваты. Ислам — бул Америкага жана бүтүндөй Батышка карата эң олуттуу жана эң татаал коркунуч. Анткени Ислам жашоо философиясы, жашоо образы, маданияты, дүйнөнү башкаруу көз карашы себептүү жана эл аралык позицияны аныктоочу жөндөмү аркылуу өз алдынча, күчтүү альтернатива болуп эсептелет. Ислам Америка жана Батыш үчүн экзистенциалдык коркунуч катары каралып жатат.

Ошентип, бүгүн Америка менен Батышка каршы чыгып жаткан күч — бул Ислам Үммөтү, анын ичиндеги ишенимдүү, аң-сезимдүү, активдүү жана туруктуу өзөгүнө ээ болгон бөлүгү. Бул Үммөттүн дүйнөлүк цивилизациялык долбоорунун туусу көтөрүлгөн Хизб ут-Тахрир сыяктуу жетекчи кыймылдар Батыш менен АКШга жөн гана лидерлик үчүн эмес, Батыш цивилизациясы жок болуусу үчүн күрөшүп жатышат.

Ислам географиясы жана анын тереңден тамырлап жаткан Исламы кайра жанданып, дүйнөлүк масштабда кайрадан стратегиялык чечүүчү факторго айланды. Бул геостратегиялык аймак Батыш, анын мамлекеттери жана системалары үчүн эң чоң тоскоолдук жана эң кооптуу чакырык болуп калды. Ислам идеологиялык альтернатива катары аң-сезимдүү жана чынчыл ишенимдүү партия аркылуу өзгөрүүнүн негизги өзөгүнө айланып, эл аралык саясий теңдемеде эсепке алынчу “катуу” фактор болуп калды. Ал Батыштын системасы үчүн жалгыз реалдуу идеологиялык альтернатива жана стратегиялык чакырык болуп турат.

Демек, бүгүнкү эл аралык тартипке коркунуч жараткан негизги эки фактор бар:

  1. Түп-тамырдан өзгөртүүчү жана өлүмгө алып келүүчү фактор — бул Ислам Үммөтүнүн стратегиялык долбоору жана геостратегиялык планы, башкача айтканда, экинчи рошид Халифалык жана ал жарата турган эл аралык деңгээлдеги стратегиялык силкинүү. Бул фактор өтө таасирдүү болуп саналат.
  2. Экинчи, чарчатуучу жана ресурстарды жутуучу фактор — бул АКШнын Кытай жана Россия менен болгон мамилеси. Бул стратегиялык тиреште АКШ ар дайым коргонуучу жана жоготууларга дуушар болуучу абалда калууда.

Ушундай геостратегиялык кырдаал АКШны экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки орнотулган дүйнөлүк тартибин өзгөртүүгө аргасыз кылууда, бирок бул өзгөрүүнү каалоосуз, араң мойнуна алууда. 2017-жылы RAND институтунун жарыялаган изилдөөдө бул абал кыйыр түрдө моюнга алынган. Бул изилдөө АКШнын Коргоо министрлигине арналган жана “АКШнын эл аралык тартипке карата альтернативдүү саясий багыттары” деген аталыш менен чыккан.

Изилдөөдө азыркы эл аралык тартиптин чектөөлөрү, жада калса, кризиси моюнга алынган, бирок ал эч кандай стратегиялык чечим сунуштаган эмес. Ал көбүн эсе теориялык, академиялык изилдөөгө окшошуп, мындай делет: “Биздин ыкма келечектеги дүйнөлүк тартип кандай болушу мүмкүн же кандай болушу керек деген маселе боюнча учурдагы пикирлерди чогултууга негизделди. Бул үчүн биз академиялык жана саясий изилдөөлөрдү, ошондой эле мурунку эл аралык тартиптерди тарыхый анализ кылуу аркылуу үйрөндүк”.

Башкача айтканда, изилдөө АКШнын стратегиялык проблемасына реалдуу чечим сунуш кыла алган жок.

АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы Генри Киссинджер андан да түз айтып, мындай деген: “Дүйнө азыр башаламандыкта жана Америка жаңы дүйнөлүк тартипти кантип түзөрүн билбей жатат”.

Чындыгында болсо, АКШнын стратегиялык маселеси “кантип?” деген суроодо эмес. Бул, Батыш акылы чарчап, рухий-идеологиялык туңгуюкка кептелгенин, жаңы идея жаратууга жөндөмсүз болуп калганын жана акыркы кыйроосуна карай бара жатканын көрсөтөт.

Мунун үстүнө АКШнын бири-биринин артынан алмашып келген стратегияларынын ийгиликсиздиги, кескин экономикалык кризистери, асман чапчыган карыздары, алсырап бара жаткан экономикасы, бюджеттик таңкыстыгы, “ууланган” долларлары жана ички саясий башаламандык АКШны вертикалдык жана горизонталдык бөлүнүү менен терең кризиске алып келген. Мында таң калычтуу карама-каршылык бар: 1950-жылдардагы дүйнөлүк алтын резервдерине ээ, Советтер Союзга каршы тайманбас Америка менен бүгүнкү банкроттук абалда Кытайга каршы турган Американын ортосундагы айырма өтө чоң.

АКШнын Советтер Союз менен болгон “суук согушу” менен Кытайга каршы жүргүзүп жаткан “тоңдурулган” согушунун ортосундагы айырма асман менен жердей. Кытайга каршы “суук согуш” бул “шаңдуу жаңырган үнү бар, бирок ун чыкпаган тегирмен” сыяктуу. Бул АКШнын стратегиялык баш аламандыгы жөнүндө эл аралык изилдөөчү, Азия изилдөөлөр институтунун окумуштуусу Кишор Махбубани мындайча комментарий берген: “Америка Кытай менен тирешүүнү баштоону чечти, бирок бул тирешүүнү кантип жүргүзөрү жөнүндө майда-барат стратегияны тактап чыккан жок. Бул, чынында, таң калычтуу”.

Кытай маселеси АКШнын стратегиялык кадамдарын тажрыйбасыздыкка, ал тургай, стратегиялык бузулууга алып келүүдө. АКШ менен Советтер Союзунун ортосундагы мурунку “суук согуш” идеологиялык негизде жүргүзүлгөн, анда эки дүйнө катуу кагылышкан. Алардын ортосунда соода жок, экономикалык байланыш үзүлгөн, эки тарап тең бири-биринен толук обочолонгон болчу.

Ал эми АКШ менен Кытайдын ортосундагы күрөш таптакыр башкача, бул күрөш бир эле капиталисттик системанын ичинде, ошол эле капиталисттик эрежелердин жана колониялдык ыкмалардын негизинде жүргүзүлүп жатат.

Кытай идеологиялык жактан “мутант” болгон күндө да, ал толугу менен марксисттик-коммунисттик мамлекет эмес. Тескерисинче, ал капиталисттик рынокко ээ, бирок аны башкарган коммунисттик мүнөздөгү партиялык элитасы бар мамлекет. Бул система — мамлекеттик жана жеке менчик компаниялары партиялык бийликке көз каранды болгон, бирок ошол эле учурда кытайлык капиталисттик тапты түзүп жаткан социализм менен капитализмдин аралашмасы.

Бул шартта Кытай менен АКШнын жана Европанын ортосунда абдан тыгыз соода байланыштары бар. Демек, Кытай менен экономикалык мамилелерди толук үзүү же сооданы кескин кыскартуу эки тарап үчүн тең өтө оор, ал тургай өзүн өзү кыйраткан чечимге айланат.

Соода согушу бул эки тарап үчүн тең чарчатуучу согуш, ал эми азыркыдай капиталисттик, айрыкча америкалык экономиканын терең кризиси, карыздардын асман чапчыган көлөмү фонунда мындай согуш жок кылуучу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Ошондой эле Америка Кытайдан келген товарларга салынган бажы салыктары жана санкциялар аркылуу экономикалык кысым көрсөтүү аракетинде да өз экономикасына терс таасир тийгизип жатат. Америка өзүнүн өндүрүш тармактарын Кытайдан алып чыгып, башка өлкөлөргө, өзгөчө Индияга көчүрүү жөнүндө теориялык пландарды сунуштап келе жатат. Бирок бул планды ишке ашырууга өтө чоң чыгымдар жана ишке ашыруудагы реалдуу тоскоолдуктар жолтоо болууда, аларды жеңүү дээрлик мүмкүн эмес.

Мындан тышкары, президент Байден 2023-жылдын аягында жарыялаган Индия–Европа коридору долбоору Кытайдын “Бир алкак, бир жол” демилгесине каршы иштелип чыккан долбоор болуп эсептелет. Бул дагы АКШ үчүн оор чыгым алып келчү демилге болуп калды. Анткени “Бир алкак, бир жол” долбоорунда эле 1 триллион доллардан ашык инвестиция бар. Мындай “мөөнөтсүз жарыш” мурунку Советтер Союзун курал-жарак жарышында чарчатып кулаткандай эле бүгүн Америка үчүн жаңы чарчатуучу согушка айланды.

АКШ менен Кытайдын ортосундагы тирешүү — бул жөн гана Американы эмес, эки тарапты тең чарчаткан тиреш. Себеби эки мамлекеттин ортосунда экономикалык, соода-сатык, финансы жана технологиялык байланыштар өтө тыгыз. Бул байланыштарды үзүү эки тарап үчүн тең оор кесепеттерге алып келет. Мындан да кеңири алганда, бул тирешүү капиталисттик системанын өзүн чарчатып, кризиске батып турган системаны, өзгөчө жасалма байлыкка, ууланган акчага жана карызга негизделген Батыштын системасын ого бетер начарлатууда.

Бирок Батыш цивилизациясынын идеология, маданият жана мамлекеттик түзүлүш катары жоголушуна алып келе турган чечүүчү фактор — бул Ислам Халифаты. Бүгүн дүйнө ушул кайра жаралуунун белгилерин баштан кечирип жатат. Эл аралык аренада болуп жаткан олуттуу силкинүүлөр — чоң геостратегиялык жер титирөөнүн алгачкы толкундары. Бул олуттуу силкинүүлөрдүн борбору — Ислам географиясы, ал эми бул сейсмикалык жарылуунун эпицентри Шам жери жана анын ыйык аймактары болуп калды.

Бул аймак бүгүн Батыш үчүн чоң коркунучтун булагы. Анткени бул аймакта Исламдын эл аралык аренага, дүйнөлүк лидерликке кайтып келүү коркунучу жанданып жатат. Бул болсо Батыштын цивилизациясы менен саясий түзүлүшүнүн кыйрашын билдирет.

Шамдагы революция Батыш үчүн геостратегиялык жанар тоо болду. Батыш дээрлик он беш жыл бою бул революцияны муунтуу, аны Исламий мүнөзүнөн ажыратуу үчүн ар кандай айла-амалды, зулумдукту жана жырткычтыкты колдонду. Бирок Ислам бул революциянын эритме идиши болду, анда Исламдын идеологиялык долбоору жана мусулмандардын таң калычтуу тагдырий маселеси — Ислам мамлекетин калыбына келтирүү жана кайрадан дүйнөгө өзүнүн нурун жайылтуу максаты айкындалды.

Бул жанар тоо Батыш эң корккон нерсе, б.а. диктатордук режимдин Үммөттөн чыккан ишенимдүү мужахиддердин колу менен урашы мүмкүн экендиги айкын болду. Бул система жөн гана бир тыңчыны экинчисине алмаштыруу менен жаңыланган жок, тескерисинче бүтүндөй режим: диктатору, армиясы, коопсуздук түзүмдөрү, саткын саясатчылары жана алардын артындагы кошоматчылары менен кошо кулады.

Азыр Батыш бул бош калган, кооптуу геостратегиялык аймакты кызматтык сакалчан адамдар менен толтурууга жан үрөп жатат. Бирок Шам революциясынын жанар тоосу дагы эле жалындап күйүп турат жана ал колониализмди толук жок кылып, Ислам мамлекетин кайра тикелемейин басылбайт.

Андан соң Шам жана анын берекелүү жеринен, өзгөчө Газа Хашимден “Аль-Акса ташкыны” башталды. Бул окуя чындыгында эле геостратегиялык цунами болду. “Ал-Акса ташкыны” стратегиялык жактан яхудийлердин вужудун жана Батыштын Ислам географиясынын жүрөгүндөгү биринчи даражадагы стратегиялык базасын чыныгы сындан өткөргөн учур болду жана бул балким анын биринчи реалдуу стратегиялык сыноосу болгон.

Бул вужуд орнотулгандан бери мындай масштабдагы жана мындай күчтөгү стратегиялык жер титирөөгө эч качан туш болгон эмес. Ага буга чейин атайын “сценарийлештирилген” согуштар уюштурулуп келген, максат – аны бекемдеп, “болгон чындык” катары таңуулоо болчу. Бул согуштардын арасында кээде “альтернативдүү” көрүнгөн окуялар болгону менен — мисалы, Караама салгылашы сыяктуу – бул аймакка таңууланган саясий жана аскерий системанын чегинен чыкпаган окуялар болчу.

Ал эми “Ал-Акса ташкыны” бул таптакыр башкача. Бул философиясы, мазмуну жана инсандык өзөгү боюнча саясий жана аскерий системанын алкагынан чыккан стратегиялык окуя болду. Бул Батыштын таңууланган тартибине каршы жана ага душман болгон стратегия. Бул Батыш үчүн чоң коркунуч жараткан стратегия. Себеби ал Батыштын негизги душманы — Ислам тарабынан жаралган. Бул ыйманга негизделген, идеологиялык мужахиддердин жихады. Дал ушундай мүнөзү менен ал стратегиялык жана глобалдык коркунучка айланды.

Анын коркунучтуулугун күчөткөн дагы бир нерсе — бул Батышты өз ара ишенимдүү, ыйманга таянган, материалдык жактан өтө алсыз бир топ кыйратты. Бул ыймандуу мужахиддердин аз сандагы тобу, жетишсиз мүмкүнчүлүктөр, оор курчоо, өз мамлекеттериндеги саткын бийликтин чыккынчылыгы жана дүйнөдөгү эң ыймансыз душмандын тынымсыз аңдуусу шартында колунан келгенди жасашты, бекем ишеним менен чечим чыгарып согуш жүргүзүштү жана Батыштын базасын солкулдатып, анын жүзүн ачып, аскерлеринин коркоктугун жана моралдык алсыздыгын ачыкташты.

Газадагы бул согуш бардык чек араларды бузду, варвардык кылмыштуулуктун чегинен да чыкты. Бирок ага карабастан, Газа элинин сабырдуулугу, туруктуулугу, анын мужахиддеринин кыраакы эрдиги, дээрлик 500 күндөн бери үзгүлтүксүз күрөшү Батыштын бардык материалдык күчтөрүнө каршы туруп келүүдө. Бул укмуштуудай стратегиялык аракет эми келечекте яхудий вужудун жоготуу жана Батыштын бурмаланган буту менен турган бутпарастык идолун кулатуу үчүн жаңы стратегиялык көз караштын пайдубалын түптөп берди.

Үммөт тарыхындагы бул эки улуу окуя: “Ал-Акса ташкыны” жана Шамдагы диктатордук режимдин кулашы эл аралык аренада чоң геостратегиялык силкинүү жаратты. Бул окуялар Америкага өзүнүн геостратегиялык пландарын кайрадан карап чыгууга, приоритеттерди өзгөртүүгө аргасыз кылды. Анткени буга чейин АКШнын стратегиялык ой жүгүртүүсүндө Кытай биринчи орунда турган.

Бирок “Ал-Акса ташкыны”, Газадагы согуш жана Шамдагы режимдин кулашы болуп өткөн соң, Орусия–Украина согушу стратегиялык мааниге ээ болсо да, жер үстүндөгү негизги окуя болуудан чыкты да, экинчи планга жылып калды. Ошондой эле Кытай менен болгон тиреш да бир топ тынчып, АКШ жана Батыш кайрадан Хантингтон сүрөттөгөн “идеологиялар кагылышуусуна” кайтып келди. Батыш менен Ислам ортосундагы кандуу тиреш кайрадан күчөдү. Газадагы согуш Батыштын Исламга каршы кресттүү жүрүштөрүнүн ачык формасы болуп калды.

Чынында, Ислам жана анын идеологиялык долбоору Батыш үчүн эң негизги жана туруктуу душман болуп эсептелет. Батыштын Исламга каршы согушу жыл сайын, күн сайын уланып келет. Анын ыкмалары ар түрдүү болгону менен, Ислам оту эч качан өчпөйт. Батыштын бардык стратегияларынын негизги темасы — Ислам жана аны кайра кайтарбоо.

Бул Батыштын Исламга болгон душмандыгын мурунку АКШ президенти Ричард Никсон 1992-жылы чыккан “The Real War: Seizing the Opportunity” (“Чыныгы согуш: мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо”) деген китебинде мындайча сүрөттөйт: “Ислам менен Батыш эч качан келише албайт. Ислам өз шариятына төп келбеген ар кандай нерсеге каршы турат. Ошондуктан Батыш ар дайым ага каршы турууга милдеттүү”.

Бүгүн Ислам кайрадан жанданып жаткан шартта бул душмандык ачыкка чыгып, Батыштын кресттүү жек көрүүсү ачык жарылып чыкты. Батыштын Исламга каршы жаңы стратегиялары ишке кирди жана бул процессти АКШ баштап келе жатат.

Коммунизм кулап, Советтер Союзу жоголгон учур Исламга каршы согуштун жаңы фазасына өтүүдөгү бурулуш учур болду. Бул ниетти НАТОнун башкы катчысы Вилли Клаас ачык эле: «Советтер Союз кулагандан кийин Батыш үчүн жаңы стратегиялык душман — бул Ислам», – деп айткан.

Анын артынан дүйнөнүн көптөгөн лидерлери Исламга каршы глобалдык согуш жарыялашкан:

  • НАТОнун башкы командачысы генерал Жон Кэлвин мындай деген: «Биз “суук согушту” жеңдик, эми эски согушка кайтып келебиз — бул Ислам менен болгон чоң кармаш».
  • 1991-жылы Мюнхендеги эл аралык коопсуздук форумунда АКШнын ошол кездеги коргоо министри Дик Чейни «Ислам — жаңы душман» деген ураанды көтөргөн.
  • 1993-жылы, АКШ Конгрессинин спикери Ньют Гингрич Конгрессти Ислам менен күрөшүү үчүн толук стратегия түзүүгө чакырган, аны “Ислам тоталитаризми” деп атаган.
  • Ал эми Джордж Буш (кичүү) өзүнүн аймактагы согушун “XXI кылымдын ыйык крест жортуулу” деп мүнөздөп бул жапайы согуштун өзөгүн ачып берген.

Ислам Батыш үчүн үрөй учурган коркунуч. Анын дүйнө таанымынын динамикасы жана жандуулугу Батыштагы стратегиялык борборлорду тынч уктатпай, саясатчыларынын өмүрүн сарсанаага толтурду. Батыштын НАТОну кеңейтип, анын коопсуздук функцияларын кайрадан аныктап чыгышына түрткү болгон негизги фактор — Исламдын кайтып келүү коркунучу болду. Бул багыт 1993-жылы Брюсселде өткөн саммитте көтөрүлүп, 1999-жылдагы Вашингтон саммитинде расмий бекитилген.

Мына ушул “Ислам кайтып келиши мүмкүн” деген үрөй учурган коркунуч Батышта жаңы теориялардын, идеологиялык платформалардын, стратегиялардын жаралышына себеп болду. Бул күрөштүн алдыңкы сабында “жаңы консерваторлор” мектеби болду. Алар яхудий чыгыш таануучусу жана Исламга терең касташкан Бернард Льюистин идеяларынан шыктанышты. Бул мектеп аскерий күчтү колдонуу теориясын кабыл алып, аны Ислам географиясы менен мамилени курууда негизги курал катары сунуш кылган.

Батыш биринчи этапта көңүлүн Жакынкы Чыгышка, башкача айтканда, араб аймагына бурду. Себеби ал араб тилинде түшүрүлгөн Курандын тилин жана сүннөттүн маданиятын алып жүргөндүгү үчүн дүйнөлүк Исламдын жүрөгү жана идеологиялык борбору болуп саналат. Батыш үчүн бул — жүрөк солкуткан коркунуч.

Бул көз караш Буш (атасы жана уулу) башкарган администрациялардын согуштук саясатында айкын чагылдырылды. Бул доор “Чоң Жакынкы Чыгыш”, “демократияны жана эркиндикти жайылтуу” деген ураандар менен коштолуп, чыныгы жүзүндө жапайычылык менен жүргүзүлгөн аскерий экспансия болду.

Буш (кичүү) баштаган согуштар Ислам аймагын жалмап, зордук-зомбулукту нормалдаштырды. Бул учурда Батыш “терроризмге каршы күрөш”, “экстремизмди ооздуктоо” деген түшүнүктөрдү жаратты. Бирок алар мусулмандардын ыйманга негизделген күрөшүнүн, идеологиялык туруктуулугунун алдында ийгиликсиз болду. Ошондуктан “идеялар согушу”, “радикализмди ооздуктоо” деген жаңы түшүнүктөр пайда болду.

Андан соң келген Обама администрациясы жаңы консерваторлордун “жапайы күчкө” негизделген стратегиясынын ийгиликсиздигин моюнга алып, либерал-демократтардын “жумшак күч” стратегиясына өттү. Бул стратегия АКШнын канга бөлөнгөн жүзүн жашыруу үчүн “кол кап кийген жырткыч” образына айланды.

Обаманын Каир жана Анкара шаарларында айткан алдамчы сөздөрү АКШнын Ислам дүйнөсү менен жаңыча мамиле кура турганын жарыялагандай туюлду. Бирок ал 2014-жылдын май айында “терроризмге каршы күрөш” үчүн 5 миллиард доллар бөлүнөрүн жарыялап, бул “жумшак” стратегия да алдамчылык экенин көрсөттү. Ал “Уэст Пойнт” аскердик базасында сүйлөгөн сөзүндө АКШнын тышкы саясатынын планын ачыктап, экономикалык санкция, эл аралык укукка таянып обочолонтуу сыяктуу жаңы куралдарды сунуштаган.

Бирок бул “жумшак стратегиянын” чектелүү экени тез эле ачык болду. АКШ кайрадан кандуу режимине кайтып, асманды дрондор каптап, Ислам аймагындагы элдер жырткыч күчтөрдүн туш келди бомбалоолоруна дуушар болду.

Мына ушунун баарына Ислам дүйнөсү “Араб жазындагы” көтөрүлүштөр менен жооп берди. Бул көтөрүлүштөр АКШ администрациясына карата оор сокку, демократтардын стратегиясы күйүп кетишин, ошондой эле Исламдын жандуулугу, ишенимдүүлүгү жана Үммөттүн күрөшчүл мүнөзүнүн даңазалуу далили болду.

Үчүнчү этап Дональд Трамптын башкаруусу менен башталды. Ал Исламга каршы күрөштү ачык жана түз жарыялап, буга чейин Буш жана Обама администрациялары “терроризмге каршы күрөш”, “экстремизмге каршы аракет” деген тумандуу түшүнүктөр менен жашырып келген Батыштын чындап кресттүүлүк жортуулуна карата болгон саясаттын бүт пардаларын жыртып салды.

Трамптын администрациясы “буюмдарды өз аты менен атады”. Бул ачык-айкын өч менен коштолгон позицияны мурунтан эле америкалык генерал Уэсли Кларк айтып чыккан эле: “АКШнын терроризмге каршы согушу — бул чындыгында Исламга каршы согуш”.

Стив Бэннон, Майкл Флинн жана башка Трамптын командасындагылар да өз сөздөрүндө ачык крестчил, Исламга карата жек көрүүчүлүк менен жазылган билдирүүлөрдү жасашкан. Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Исламды “рак оорусу” деп атаган. Трамп болсо Обаманы “радикалдык Исламдык терроризм” деген сөз айкашын колдонбогону үчүн сындаган.

Бул учурда Шамдагы ыйык революция Исламдын улуулугу, күрөшү жана туруктуулугу менен Американын бир канча стратегияларын талкалаган жообу болуп калды. Натыйжада, Трамптын администрациясы да ага чейинкилер сыяктуу стратегиялык ийгиликсиздикке дуушар болду.

Андан соң келген Байдендин администрациясы Афганистандан уят болуп чыгып кетиши менен, кайра Обаманын стратегиясын кайталай баштады. Бул стратегия аймакты башкарууну саткын, кылмышкер режимдерге тапшырган, бирок алардын кылмыштуулугунун деңгээлин дагы да көтөргөн ыкма болду. Мисалы, Дамаскта диктатор Асадды кайра “легитимдештирүү” аракети катары Батыштын “колониялык тартипти сактап калуу үчүн канчалык кан төгүлбөсүн баары туура” деген жийиркеничтүү билдирүүсү болду.

Бул караңгылык менен толгон кылмыштуу аракеттерге кошумча Батыш интеллектуалдык фронтто дагы бир кресттүүлүк согушун ачты. Алар өзүнүн чириген чыгыш таануучулук мурасын чаңдан тазалап, мурунку Исламофоб чыгыш таануучулардын жаңылыш жана жалган көз караштарын кайра жандандырышты.

Бирок бул “идеялар согушу” акыры барып жөн гана жомокко айланган идеологиялык сыйкырга, маданий бузукулукка айланды. Батыштын цивилизациялык көйгөйү — идея жаратуудагы банкроттугу, акыйкат цивилизация куруудагы абсолюттук алсыздыгы — аны Исламдын эң жогорку деңгээлде курулган жана өзгөчө логикага ээ болгон дүйнөтаанымына каршы турууда чамасы жетпеген абалга кептелди.

Мындан улам алар “сыйкырдуу концепциялардын” артынан түшө башташты:

  • “RAND Ислам” — демократиялык, заманбап деп мүнөздөлгөн жасалма Ислам;
  • “Абрахамдык диндер” — Тони Блэрдин борбору сунуштаган, диндерди кошууга чакырган бурмаланган платформа;
  • Жана мунун баары менен кошо Батыш маданий бузукулукту — гендер идеологиясын, сексуалдык бузукулук (ЛГБТ), CEDAW конвенциясын жайылтып, мусулмандарды өз дининен алыстатууга жана бузук жашоо образына батырууга аракет кылууда.

Бирок бул аракеттер да Ислам Үммөтүнүн ыйман иммунитети менен кагылышты. Бул Үммөт өзүнүн Исламы менен сыймыктанган, аны коргой алган Үммөт экенин көрсөттү.

Алардын “CEDAW”га, ЛГБТ идеологиясына жана маданий бузукулукка каршы күрөшү ушунчалык күчтүү болгондуктан, анын жаңырыгы Батыштын өз аймагына чейин жетти.

Батыштын кресттүүлүк согушунун коопсуздук жана идеологиялык өзөгүнө келсек, анын башкы максаты Исламдын башкаруудагы идеясы, Үммөттүн биримдиги жана Исламды дүйнөгө алып чыгуу (б.а. “саясий Ислам”) идеяларын жок кылуу болгон. Бул үч улуу стратегиялык маселе азыркы цивилизациялык күрөштүн өзөгү. Бирок Америка жана Батыш бул фронтто кабат-кабат сокку жеп, Ислам идеясынын тамырлашкан тереңдигине жана кайраттуу туруктуулугуна таң калышты. Алардын таң калышын ого бетер күчөткөн нерсе — Ислам идеясынын тездик менен өсүшү, эл арасында Ислам башкаруусуна болгон аң-сезимдин бышып жетилиши жана мусулмандардын Халифалыктын улуулугуна, биримдикке жана Ислам дааватын дүйнөгө алып чыгуу миссиясына болгон ынтызарлыгы.

Үммөт Батыш хазаратынын караңгылыгынан жана философиялык боштугунан чарчап бүткөн дүйнөнү Ислам нуруна алып чыгуу милдетин өз мойнуна алууга даяр экенин көрсөтүүдө.

АКШнын коопсуздук, аскердик жана маданий стратегиялары бул Үммөттү үмүтүнөн кайтаруу жана анын цивилизациялык Ислам долбоорун токтотуу максатын көздөйт. Бирок бул стратегиялар айкын жана тарыхый жеңилүү менен аяктады. Алар тескерисинче Үммөттүн сабырдуулугун бекемдеди, көтөрүлүшүн күчөттү, аны тынч уктабаган душмандарына карата сергек кылды жана Батыштан кутулуу каалоосун күчөттү. Мындан тышкары, Исламга болгон ишенимин арттырды.

Бүгүн бул Үммөт өзүнүн ишенимине негизделген чечүүчү салгылаштарга кирип жаткан учур. Бул чечкиндүүлүктүн символу Шамдагы революция жана анын асманды жаңырткан ураандары: “Бул Аллах үчүн! Аллах үчүн! Биз бир гана Аллахка жыгылабыз!”.

Шам эли саясий аң-сезимдин бийик үлгүсүн көрсөттү. Алар өзүнүн капыстан келчү душманы эмес, түпкү душманы — Батыш колонизаторун таанып, буга өз үнү менен жооп кайтарышты: “Америка, сенин кекчилдигиң биздин каныбызды агызууң бүтө элекпи?!”.

Акыйдага негизделген көтөрүлүшчүлөрдүн соккулары натыйжасында диктатордун режими кулады жана бул революция тарыхта алгачкы ирет болууда. Бул менен кошо колониалдык башкаруу системасынын “функционалдык режими” да кулады жана ал өзүнөн кийин стратегиялык боштук калтырды.

Мына ушул боштукта эми Ислам долбоору менен Батыш колониализми бетме-бет келди. Бул — акыйда менен бузук түзүлүштүн чечүүчү салгылашы. Батыштын кылымдар бою үстөмдүк кылып турган доору түгөнүүдө, ал эми Ислам Үммөтү өзүнүн цивилизациялык доорун кайрадан баштоого бел байлап турат.

“Ал-Акса ташкыны” жана Газадагы согуш жөн гана аскердик эмес, акыйдага негизделген салгылаш болду. Бул Ислам акыйдасы адамдын жүрөгүндө жана адамзат тарыхында жарала турган керемет көрүнүштөрдүн бири.

Мужахиддердин демилгеси, чечкиндүүлүгү, кайраты — душманын өз үйүндө издеп кирип, анын дубалын талкалап, бекемделген чептерин бузуп, офицерлерин, аскерлерин жана баскынчы келгиндерди өлтүрүп, туткунга алып, жазалоосу — бул Исламдын адам жанына сиңирген күчүнүн таасири. Алар санда да, куралда да, ресурста да армиядан он эсе аз болушса да, душмандын жүрөгүн жарып киришти.

Муну менен эле токтоп калбастан, мужахиддердин 500 күндөн ашуун чыдамы, сабырдуулугу, эр жүрөктүгү, кресттүү-сионисттик альянстын бардык материалдык күчүнө каршы күрөшкөнү — адам таң кала турган руханий керемет. Алар чарчашпайт, чөкпөйт, сынып кетишпейт. Тескерисинче, жаңыча ыкма ойлоп табышат, аракеттерин жаңылашат, Батыштын жана яхудийлердин жапайычылыгына жана зулумуна карабастан, жаратмандык менен иш алып барышат.

Газадагы согуштун дагы бир таң калычтуу жана идеологиялык таасири Батыш системасынын ичинде пайда болду. Газадагы окуялар Батыштын университеттеринде нааразычылык жаратып, чукул өзгөрүүчү цивилизациялык жер титирөөгө айланды. Бул Батыштын идеялык жана коомдук негиздерин өз жеринде солкулдатты.

Мына ушул акыйда, Үммөттүн жүрөгүндө жашаган күч Батышты тынч уктатпай, анын саясатчылары, аскерий стратегдери жана пикирий борборлору үчүн үрөй учурган түшкө айланды. Батыш үчүн эң чоң коркунуч — бул күчтүн тек гана бар болушу эмес, анын кеңейип, тереңдеп, тамыр алып жатышы.

Батыштын эң катуу үрөйүн учурганы — бул акыйда күчүнүн бир борбордо, бир аймакта топтолуп калышы. Бүгүн бул нерсе Шамда болуп жатат. Шам Халифалыктын пайда болуу босогосунда. Анын бүтүндөй ыйык жери кайнап жатат, анткени терең геосаясий бурулуштун алдында турат.

Бул абалды түшүндүрө турган нерсе — Батыштын жана яхудийлердин жапайычылыкка жана геноцидге барышы:

Бул Шамдагы ыйык революцияны токтотуу үчүн;

Бул Газадагы муджахиддерге каршы туруу үчүн;

Бул Ислам Үммөтүнүн кайра жаралышына тоскоол болуу үчүн.

Исламга каршы цивилизациялык согуштагы бул жаңырган жеңилүү — азыр АКШ жана Батыштагы ойлонгон инсандардын, саясатчылардын жана стратегиялык борборлордун талкуусундагы негизги тема болуп калды.

Мисалы, америкалык стратегиялык эксперт Эндрю С. Гилмор (32 жыл бою АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгында (CIA) иштеген) “National Interest” журналына жарыяланган баянында мындай деп айткан: “АКШнын акыркы жыйырма жыл ичинде Жакынкы Чыгышта колдонгон стратегиялары көптөгөн ийгиликсиздиктерге алып келди”.

Ал эми белгилүү британиялык журналист Дэвид Херст АКШнын ар кайсы администрацияларынын Ислам аймагындагы стратегиялык каталарын сынга алып, 2021-жылы мындай деп айткан: “Эгерде АКШ дагы бир стратегиялык ката кетирсе, бул анын акыркы катасы болот. Ал тургай, Батыш Европанын да акыркы катасы болушу мүмкүн”.

Афганистандан АКШнын уят болуп, баш аламан түрдө чыгып кетиши бул стратегиянын жалгандыгын жана начардыгын ачык көрсөттү. Мындан да кызыгы, АКШнын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында 2021-жылдын 16-августунда жарыяланган түшүндүрмө болду. Анда мындай делет: “Халифалык коркунучу азыр бир гана жерде эмес, Азия менен Африканын көптөгөн Ислам өлкөлөрүнө тарады”.

Башкача айтканда, Батыш үчүн Ислам географиясынын баары активдүү коркунучка айланып калды. Бирок коркунуч муну менен эле чектелбейт, Ислам идеясы өзүнүн глобалдык мүнөзү менен Ислам дүйнөсүнөн чыгып, Батышты жана бүтүндөй дүйнөнү камтый баштады.

Бүгүн Батыштагы пикирий кыймыл муну ачык далилдеп жатат. Ал тургай, саясий кыймылдар да бул таасирди четке кага албайт. Чындык ушул, бүгүн Ислам идеясы өзүнүн шаръий тарикатын, башкаруу түзүмүн, саясий куралын түз колдонбой жатса да, ага болгон кызыгуу, аң-сезим менен кабыл алуу Батышта өзүн көрсөтүп жатат.

Батыш элдеринин Исламды кабыл алып жатышы, академиялык чөйрөлөрдө Ислам тууралуу терең ойлонуу, саясий чөйрөлөрдө Ислам темасына байланышкан талаш-тартыштар бийликке жана чечим кабыл алуучу борборлорго чейин жетти.

Мисалы, акыркы Франциядагы президенттик шайлоо кампаниясында негизги тема “Ислам сепаратизми” болду. Бул, Батыш системасы Ислам идеясынын күчү менен түз беттешип калганын көрсөтөт.

Ислам идеясынын күчү, анын Ислам дүйнөсүндөгү бекем тамыры жана сырт жакка жайылып, тереңдеп баратканы Батышты “арстан уясын” аралап кирүүгө аргасыз кылды, башкача айтканда, Исламий идея жана маданият менен түздөн-түз пикирий күрөшүүгө мажбур болду.

Бүгүнкү күндө ой жүгүртүү жана талкуу Ислам тегерегинде жүрүүдө. Ал эми Батыштын секулярдык системасы артта калган, четтетилген, таасирсиз болуп калды.

Азыркы күрөш — бул ааламдардын Роббиси Аллахтын Исламы менен Батыштын акыл-эсти тоготпогон идеологияларынын, салттуу Исламынын жана “абрахамдык дин” деген бурмаланган конструкциялардын ортосундагы күрөш.

Батыштын пикирий жактан банкрот болушу жана цивилизациялык жактан кыйрашы, мунун баары мусулмандардын үстүнөн жүргүзүлгөн басым, мажбурлоо жана пикир эркиндигин коркутуу менен басуу саясатына айланды. Бул Батыш өлкөлөрүндөгү жана алардын Ислам дүйнөсүндөгү баскынчылык таянычтарындагы адилетсиз секулярдык мыйзамдардын жардамы менен ишке ашырылып жатат.

Мунун артынан жапайычылык өлтүрүү, кыйноо, кордоо, сүргүн, камоо сыяктуу кандуу каражаттар менен мусулмандарды буга баш ийдирүү аракети жүрүп жатат. Бирок бул караңгылыкка Ислам Үммөтү өзүнүн аң-сезимдүү, чынчыл, активдүү ыймандуу бөлүгүнүн жетекчилиги алдында тарыхый туруктуулук жана акыйдага негизделген кайрат менен каршы турууда.

Бул АКШнын 30 жылдан ашуун Исламга каршы жүргүзгөн саясаттарынын жыйынтыгы. Алар бул күрөштү “терроризмге жана экстремизмге каршы согуш” деген жалган ураандар менен башташкан, кийин Трамптын тушунда Исламга түздөн-түз согуш жарыялашкан. Бул процесс 1990-жылдардан бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

Жыйынтык: Ислам географиясында кайнап жаткан жанар тоо, Ислам Үммөтүнүн даярдыгы жана боштондукка чыгууну күтүп жаткан чечүүчү мүнөт. Бул Батыштан, анын системасынан, баскынчылыгынан жана анын саткын, уятсыз башкаруучуларынан арылуу учуру.

Бул Пайгамбарыбыз ﷺ  сүйүнчүлөгөн Халифалыктын экинчи ирет кайра жаралышына алып бара турган тарыхый жана руханий шарттардын дээрлик толук калыптанган учуру. Бул — Аллахтын Китеби жана Пайгамбарыбыздын ﷺ  Сүннөтү менен өкүм жүргүзүлгөн, Үммөтүнүн бөлүнүп-жарылган абалын жоюп, Ислам жашоосун кайра баштоочу учур.

Мындан тышкары, бул — бир кылымдан бери зордоп таңууланган Батыштын секулярдык чириген жашоо тутумун жок кылуу, Үммөттү бириктирүү, анын кубатын жана ресурстарын топтоо жана аракетин дүйнөлүк лидерликти кайтаруу үчүн буруу мезгили.

Бул — геостратегиялык чечим кайрадан Үммөттүн колуна өтүп, Исламдын рухун, хидаятын, акыйкатын жана улуулугун бүткүл дүйнөгө алып чыгып, Батыш маселесин тарыхый түрдө жапкан учур.

Бул — Батыштын жийиркеничтүү, нормадан чыккан, каргышка калган цивилизациясын түп-тамыры менен жок кылуу, дүйнөнү анын ыпластыгынан, оорулуу философиясынан, ыплас системаларынан жана адилетсиздигинен тазалоо учуру.

Бул — АКШ жетектеген эл аралык тартипте жарала баштаган чоң өзгөрүүлөрдүн негизги белгилери. Анын солкулдашы, айрыкча АКШнын саясий элитасы менен жетекчилеринин тынчтыгын алып жаткан себеп — Ислам географиясы жана анын идеологиялык альтернативасы.

Бул альтернатива тамырдан өзгөртүүчү, глобалдык жана кайра жаралып келаткан Ислам Халифатынын нуруна жакындап калган улуу долбоор. Ислам жана анын Халифалыгы Батыштын системасы, цивилизациясы жана эл аралык тартиби үчүн катуу коркунуч туудурган жападан жалгыз альтернатива болуп калды.

Бүгүнкү стратегиялык теңдеме так, айкын жана чындыкка таянган:

Ислам дүйнө лидерлигине багытталган, идеологиялык альтернатива катары бекем жана кайраттуу кадамдар менен алдыга жылып жатат. Ал кайрадан дүйнөнү жетектөөгө жана анын уникалдуу, таза, акыйкат жана ыйык жол башчылыгын орнотууга жакындап бара жатат.

Ислам бул жолдо:

  • Эл аралык абалды кайрадан аныктап, дүйнөлүк позициянын картасын кайра чийип жатат;
  • Эл аралык мамилелердин түзүмүн жаңылап,
  • Дүйнөлүк саясаттын эрежелерин кайрадан Исламдын адилетине жана ырайымына негиздеп түзүп жатат. Бул болсо Үммөт Батыштын кишендеринен бошонгондон кийин ишке ашат.

Бул убакыттын гана маселеси. Андан кийин Батыштын бүтүндөй эл аралык системасын талкалоо, Батыш маселесин тарыхый түрдө жабуу жана дүйнөнү Ислам аркылуу боштондукка чыгаруу ишке ашат. Түпкү максат — дүйнөнү Батыштын зулумунан биротоло арылтуу жана Ислам менен түбөлүк адилетке жеткирүү.

Бүгүнкү күндө Ислам географиясындагы стратегиялык маселе бир гана жеңишке байланган. Бир эле чечкиндүү жеңиш, Батыш колонизаторлугунун пайдубалын түзгөн таштардын баарын кулатууга жетиштүү болот. Ислам мамлекети — Халифалыктын өзөгү катары — Ислам географиясынын каалаган бурчунда орногон учурда ал геостратегиялык жер титирөөнүн борбору болуп калат.

Бул жарылуу:

  • Бүтүндөй Ислам географиясын каптап,
  • Батыш системаларын,
  • Ичтеги саткын режимдерди жана алардын түзүмдөрүн жок кылып,
  • Андан соң дүйнө жүзүнө таасирин тийгизет.

Бүгүн экинчи рошид Халифалыктын الخلافة الراشدة على منهاج النبوة —  нуру көрүнүп калды, анын жаркын нуру келе жатат.

Бүгүнкү тарыхый реалдуулукка ылайык, Кытай менен АКШнын алдан тайдырган тиреши, Батыш капитализминин чирип-куурашы, идеологиялык жана моралдык кыйроосу, Ислам Үммөтүнүн кайратман даярдыгы, Шамдагы кайнаган толкун жана анын аң-сезимдүү, ишенимдүү, чынчыл жана активдүү ыймандуу лидерлери, баары бир багытта жүрүп жатышат.

Бул күчтөрдүн саясий көз карашы, идеологиялык долбоору жана стратегиялык өзгөрүү пландары менен башында Хизб ут-Тахрир турат. Алар жогорку аң-сезим, так идея жана түшүнүк менен Үммөттү кайра жандандыруу, Батыш үстөмдүгүн жок кылуу жана эл аралык кырдаалды өзгөртүү миссиясын көтөрүп чыкты.

Бүгүн экинчи рошид Халифалыкка болгон бардык шарттар калыптанып бүттү. Исламдын улуу нуру жарк этип көрүнө баштады жана Аллахтын күчтүү жана жеңүүчү жардамы такыба пенделеринин дарбазасына жакындап келди.

Бул Үммөт өзүнүн улуу чындыгына кайрадан кайтып келе жатат. Ал кайрадан Пайгамбарлык жолундагы Халифалыкты тикелеп, өзүнүн Ислам жашоосун улантып, Ислам дааватын дүйнөгө таратууга чыгат, Батыштын караңгылык жахилиясына каршы адамзатты хидаятка жетелейт.

Бул сөзсүз түрдө боло турган окуя. Анткени бул Аллахтын убадасы, Ал убадасынан кайтпайт. Бул Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ  берген кушкабар жана анын убагы албетте жакындап калды:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

“Андан соң Пайгамбарлык минхажындагы Халифалык болот”. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here