Нетаньяхунун Халифалыктан коркуусу
2025-жылдын 23-апрелинде, шейшемби күнү, яхудийлердин премьер-министри Биньямин Нетаньяху мындай деди: «Өкмөтүм согуштагы жеңиштен эч качан баш тартпайт. Биз туткундарды кайтарууга бел байладык жана дүйнөнүн эч бир бурчунда – түндүк болобу, түштүк болобу – эч кандай Ислам халифалыгынын түзүлүшүнө жол бербейбиз. Эгер “радикалдуу мусулмандар” биздин үстүбүздөн жеңишке жетсе, Батыш дүйнөсү кийинки максаты болот».
Нетаньяху халифалыкты коркунуч катары атап, ага каршы күрөшүп жатканын биринчи жолу айткан жок. Бул анын бир эле жуманын ичинде экинчи ирет жана Газага каршы согуш маалында үчүнчү жолу айтуусу. Анын сөздөрүнөн халифалыкка карата кооптонуу байкалууда, кээде так айта албаса да, маанисин айтууда. Андыктан суроо туулат:
Эмне үчүн Нетаньяху соңку убакта Халифалыкты коркунуч катары өзгөчө белгилеп жатат? Бул Газадагы согуштун багытына байланыштуу белги эмеспи? Анын сөзүнүн мааниси эмнени билдирет?
Бул макалада мен ушул суроолордун айланасында кыскача ой жүгүртүп кетким келет:
Алгач айкын көрүнүп турат, Аллахтын душманы Нетаньяху бүгүнкү “кубат” жана “жеңиш” иллюзиясына мас болду. Ага мусулман өлкөлөрүнүн кул-мүнөз жетекчилеринин пассивдүүлүгү дем берип жатат. Алар өз үммөтүн жана армияларын Палестина, Ливан, Йемен жана Сирияны коргоодон тосуп турушат. Нетаньяху болсо эч кандай тоскоолдук көрбөй, бомбалап, өлтүрүп, талкалап, өрттөп, элди үйүнөн кууп, коркутуп жатат. Ал эми бир да мамлекет бир аскер, бир учак, бир танк да жөнөткөн жок! Тескерисинче, алар Газа элин курчоодо Нетаньяхуга жардам берип жатышат. Ага акча, тамак-аш, кийим-кече жана курал жөнөтүп жатышат. Бул пассивдүүлүк жана жардам Нетаньяхуга, үммөттү алсыз сездирип, өз максатына жетип, каалаганын ишке ашыра алчудай абал тартуулап жатат. Ага Америка, Батыш жана мусулмандардын өкмөттөрү туруктуу жана толук колдоо көрсөтүп жатканда, каршылык жок деп ойлоп жатат. Бирок албетте, бул мас абал, бул кубатка болгон ишеним Нетаньяхунун вакыйлыкты түшүнүү жөндөмүн жоготкон жок. Ал анын мамлекети жалгыз өз алдынча кыялдарын ишке ашыра албайт экенин жакшы билет.
Америка Ирандын ролун кыскартууну пландап, бул ишке киришкен соң, бул аймакта Ислам менен күрөшүүдө “Израилди” негизги курал катары колдонууга ниеттенип жатканын сезди. Ошентип, Нетаньяху дүйнөдөгү эң кайнаган аймакта Исламга каршы күрөштө, мусулмандар өз бийлигин калыбына келтирип, халифалык түзүп алышына жол бербөө үчүн, өзүн башында Америка турган Батыштын, кызыкчылыктары менен пландарынын өкүлү катары көрө баштады. Бирок бул мактанчаак саясатчынын алдында эки чоң тоскоолдук бар, аларды ал дайыма жеңүүгө аракет кылат.
- Ички коомдук пикир — яхудий калкы. Ал согуштун баасын адам өмүрү, коопсуздук жана экономика аркылуу төлөп жатат.
- Дүйнөлүк коомдук пикир. Батыштын колдоосу жана бул колдоону өзүнүн саясий жетекчилери канчага чейин сактап кала алышат, бул дагы чоң суроо.
Ошондуктан, ал “Жакынкы Чыгыштын жүзүн өзгөртөбүз” деген сөздү кайра-кайра айтат. Эгер Батыштын үзгүлтүксүз колдоосу болбосо, ал Газага да, башка фронтторго да согуш ача алмак эмес экенин жакшы билет. Азыркыга чейин мусулмандардын бир да армиясы менен түз согушка кирбегенин да билет! Анын чабуул багыттары жарым-жартылай курал-жарагы бар чакан топторго гана каршы каратылган.
Ошого карабай, ал эл алдында өзүн жети фронтто согушуп жаткан баатырдай көрсөтүүгө аракет кылууда. Анын бул сөздөрү ички калкка жана өзүнүн колдоочу тарабына арналган. Нетаньяху өзүн күчтүү, кайраттуу, чоң максаттарга умтулган лидер катары көрсөтүүгө тырышууда. Ошондуктан, ал элге: “максаттар улуу болгондо, жоготуулар чоң болсо да баалуу”, – деп ишендирүүдө. Мындай сөздөрдү жакында анын коргоо министри Кац да ачык билдирген.
Ал эми, Нетаньяху “халифалык коркунучу” тууралуу сөз кылганда: «Эгер радикалдуу мусулмандар биздин үстүбүздөн жеңишке жетсе, анда Батыш дүйнөсү кийинки максаты болот», — деп айтты. Исламдын кайтып келиши, таза жана чыныгы Исламий халифалыктын кайтып келиши Батыш үчүн аймактагы эң чоң коркунуч экенин жакшы билет. Мына ошондуктан ал Батышка кайрылып:
«Эгер мен аялдарды, балдарды, кары-картаңдарды, мектептерди, мечиттерди, ооруканаларды Газада бомбалап согуш кылбасам, аймакта халифалык орнойт» — деген сыяктуу сөздөр менен өзүнүн согуштук кылмыштарын актоого аракет кылат. Бул кайрылуусу ички аудиторияга эмес, сырткы дүйнөгө, Батыш элитасына жана саясий чөйрөсүнө багытталган.
Ал Газанын түштүгүндөгү каршылык кыймылдары, Түндүктөгү Ливандагы Иран тарапкерлери (Хезболла), Йемендеги Хуситтер, Сириядагы жаңы бийлик, же болбосо Иран өзү — булардын эч бири Халифалыкты орнотууну максат кылбаганын жакшы билет. Алар рошид Халифалыкты ниет кылышпайт, балким, кээде аны четке кагышат.
Бирок Нетаньяху атайылап бул согушту “Халифалык коркунучу” контекстине салып, Батыш лидерлеринин жана саясий топтун көңүлүндөгү коркунучтарды козгоп,
Газага жасаган жапайычылыктарын, ошондой эле Ливан, Йемен жана Сирияга карата чабуулдарын Батыш колдоп жана мыйзамдаштырышын көздөйт. Бул эмнени көрсөтөт?
Бул — Нетаньяхунун абалы тарып баштаганын, Батыштын колдоосу акырындап азайып, эл аралык басым күчөп жатканын билдирет. Бул шартта, Трамптын президенттик учакта айткан сөздөрү дагы маанилүү белги. Ал: «Газа маселеси талкууга алынды, мен мындай дедим: “биз Газага карата жакшы позицияны кармашыбыз керек… Бул эл аябай азап тартып жатат».
Нетаньяху кандай гана катаал жана узак согуш жүргүзбөсүн, Америка менен Батыштын колдоосу азая баштаганда, ал дароо Батыштын эски коркунучтарын жандандырып, “мусулмандар жеңсе — Батыш кыйрайт” деген баянга кайтып келет.
Бул аркылуу ал: «Каршылыктарга карата жумшак мамиле кылсак — батыш өзү зыян тартат!» — деген пикирди айтып турат.
Ал эми өзүнүн чыныгы абалына келсек, Нетаньяху жакшы билет. Анын мамлекети үммөт менен же анын олуттуу аракеттери менен күрөшүүгө кудуретсиз. Ал күн сайын өзүнүн армиясы куралсыз балдарды, аялдарды жана кары-картаңдарды өлтүрүп жатканын, үйлөрдү, мектептерди, мечиттерди, баш калкалоо борборлорун бомбалап жатканын көрүп турат жана реалдуу армия менен бетме-бет салгылашып жатпаганын да билип турат. 18 ай өтсө да, бул аралыкта Америка, Германия, Франция жана бүт мусулман өлкөлөрдүн башчылары анын тарабында турушту. Бирок ал Газа фронтун чечимге жеткирген жок. Ал жерде болгону бир ууч мужахиддер жана курчоого алынган куралсыз эл гана бар экенин билип турат. Демек, ал кайсы бети менен мусулмандардын бир армиясына каршы тура алат?!
Нетаньяхунун “халифалык” тууралуу сөзү Батышка арналган сөз. Батыш элдерине, саясатчыларына, лидерлерине багытталган. Бул анын Газадагы абал оорлоп, согуштун келечеги бүдөмүк болуп баратканына далил. Ал согушту чечкиндүү аяктата албай, узакка созулган азаптуу абалга кептелди. Бул эмнени билдирет?
Бул — Халифалык тууралуу сөз коомдук же саясий дискурстан түртүлүп чыкса да, ал Батыш элитасынын ички эң чоң коркунучу бойдон калганын көрсөтөт. Бул коркунуч алар бири-бирине ар качан эскертип турган мүмкүнчүлүк.
Ал эми Пайгамбарлык жолундагы экинчи рашид халифалык сөзсүз түрдө орнойт, иншаАллах. Кудуреттүү Аллах кааласа урмат менен, кааласа шылдың болгон эл аркылуу аны тикелейт. Анткени бул Аллахтын убадасы жана Хабибибиз, Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ берген кушкабар:
«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»
«Андан кийин Пайгамбарлык жолундагы Халифалык болот»
Жакында, иншаАллах, Батыштын жетекчилерин уктатпай келген коркунуч көз алдында турган чындыкка айланат.
﴿وَعْدَ اللهِ لَا يُخْلِفُ اللهُ وَعْدَهُ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ﴾
«(Бул) Алланын убадасы. Алла Өз убадасына тескери иш кылбайт. Бирок көп адамдар билишпейт». (Рум сүрөсү, 6-аят).
Роя гезити
Бахир Салих
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук Маалымат бөлүмүнүн мүчөсү