Америка үстөмдүк стратегиясы менен кыйроо белгилери ортосунда. Вакыйлыкты түшүнүү жана келечекти талдоо

18
0

Америка үстөмдүк стратегиясы менен кыйроо белгилери ортосунда. Вакыйлыкты түшүнүү жана келечекти талдоо

Чыныгы вакыйлыкты түшүнүүгө аракет кылганда, биз өз каалоолорубузду эмес, болгон абалды объективдүү көз караш менен талдоого тийишпиз. Бул дүйнөнү кандай көргүбүз келгенди эмес, ал кандай болсо дал ошондой кабыл алууну талап кылат.

АКШнын саясатынын себептерин жана анын кандайча иш-аракет кылып жатканын түшүнүү өзүнчө бир маселе. Ал эми бул саясаттын канчалык ийгиликтүү болгону, ага эмне тоскоол кылып же колдоп жатканы таптакыр башка талкуу. Вакыйлыкты түшүнүү менен келечекке баа берүү өзүнчө багыт. Бул эки багытты аралаштырбоо зарыл.

Бул макалада айтылган көз караш — АКШ узак мөөнөттүү, так эсептелген стратегияга ылайык иш алып барат дегенге негизделет. Бул стратегия өлкөнүн кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн терең анализдөө менен кабыл алынган. Бул стратегиянын жыйынтыктары азырынча так байкала элек, бирок ар түрдүү президенттик администрациялар учурунда максаттардын туруктуу сакталып келатканы анык көрүнүп турат.

АКШ Жакынкы Чыгыштагы жаңы долбоорунда ийгиликке жеттиби? Бул суроо көп сандагы пикирлерди жарата турган татаал маселени ачып берет, анткени “ийгилик” же “жоготуу” ар кимдин көз карашына жараша аныкталат:

Биринчи көз караш: АКШ ийгиликсиз болду. Анткени, Жакынкы Чыгыштагы жаңы долбооруна киришкенине жыйырма жылдан ашса да, толук ишке ашыра алган жок. Көптөгөн кыйынчылыктарга байланыштуу бир нече жолу ыкмаларын өзгөртүүгө аргасыз болгон.

Экинчи көз караш: Эл аралык баланстын өзгөрүшү жана атаандаш күчтөрдүн көтөрүлүшү. Мындай шартта АКШ мурункудай таасир көрсөтө албайт. Кытай, Россия жана башка күчтөрдүн чыга башташы анын глобалдык үстөмдүгүнө түз коркунуч жаратат. Жакынкы Чыгышта мурун пландалгандай үстөмдүк орното албай калышы мүмкүн.

Үчүнчү көз караш: Толугу менен ийгиликсиз болду деп айтууга болбойт.

Анткени, ири геосаясий долбоорлор, айрыкча татаал жана узак мөөнөттүү максаттарды камтыганда, дароо жыйынтык бербейт. АКШ азыр да дүйнөдөгү биринчи держава бойдон калып жатат жана Жакынкы Чыгыштагы долбоорунда айрым чектелген ийгиликтерге жетишип келет. Бул ийгиликтер көбүнчө татаал кызыкчылыктар системасына жана аймактагы башка күчтөргө (мисалы, Яхудий түзүмү, Иран, Түркия) таянып ишке ашууда.

Жыйынтык катары, Америка дүйнө саясатын багыттап турган ири күч бойдон кала берүүдө, бирок анын стратегиясы менен чыныгы таасири ортосундагы ажырым барган сайын чоңоюп баратканы байкалат. Кандай гана көз караш болбосун, азыркы мезгил АКШнын тарыхындагы жаңы фазага өтүү доору болушу мүмкүн.

Бул ар кандай көз караштардын арасында, абсолюттук туура же абсолюттук жаңылыш пикир жок. Себеби талдоонун жыйынтыгы, көрүнүшкө кайсы бурчтан каралып жатканына жана автор жеткиргиси келген негизги билдирүүгө жараша аныкталат.

Кимде ким АКШны урап жаткан империя катары көрсөтүүнү кааласа, ал анын шаймандарынын солгундап жатканына, саясатынын карама-каршылыгына жана ыкмаларынын тынымсыз өзгөрүп жатканына басым жасайт. Ал эми саясий чындыктын негизинде реалдуу талдоо кылгысы келген адам, АКШнын ийгиликсиздикти жутуп кетүү, багытын өзгөртүү жана стратегиялык максаттарын, тоскоолдуктарга карабастан, акырындык менен ишке ашыруу жөндөмүнө токтолот.

Мына ушул жерде азыркы доордун кооптуу мүнөзү жатат. Анткени кулап бараткан империя көбүнчө мурда карманган принциптеринен баш тартып, опурталдуу жаңжалдарга кирип, өзүнүн атаандаштарын да кошо кулатып кетиши мүмкүн. Жогорудан кулаган адам жанындагыларды да кошо тартып түшүшү мүмкүн.

Жеке баамымда, АКШ белгилүү бир деңгээлде эски Сайкс-Пико келишимин кайра түзүп, аны Жакынкы Чыгыштагы жаңы геосаясий тартипке айлантуу саясатын ишке ашырып келди.

Бул “жаңы Жакынкы Чыгыш” долбоорун ишке ашырууда АКШ үч негизги таасирдүү күчкө таянып иш алып барууда: Яхудий түзүмү, Иран жана Түркия. Бирок дал ушул “жаңы Жакынкы Чыгыш” долбоору тескери реакция жаратып, чоң жарылууга алып келиши мүмкүн. Айрыкча эгер аймактагы элдер менен армиялар АКШнын үстөмдүгүнө жана жаңы тартибине каршы көтөрүлө баштаса, бул көрүнүш бүткүл долбоорду оодарган күчкө айланышы ыктымал. Тарых далилдегендей, шылдыңга жана басынтууга кабылуу жарылууга алып келиши мүмкүн. Бүгүнкү күнү элдер мурдагыдай эмес. Маалыматка ээ болуу, аң-сезим жана уюшуу жөндөмү кескин өзгөрдү. Калкты мурункудай башкарып туруу мүмкүн болбой калды. Ошондуктан, текебердикке негизделген, туура эмес баалоолордон чыккан саясаттар күтүүсүз, олуттуу натыйжаларды жаратышы мүмкүн. Бул болсо АКШ үчүн көз жаздымда калган реалдуулуктун доорун баштап берет. Аллах Таала алардын мээсинде курап жаткан кутумун өздөрүнө каршы буруп, тузагын өзүнө салуусун насип кылсын.

АКШнын стратегиялык өзгөрүүлөрү: Жалгыз үстөмдүктөн шарттуу өнөктөштүккө өтүү.

Советтер Союзу кулагандан кийин, Америка бир уюлдуу дүйнө тартибин орнотуу стратегиясын кабыл алган. Бирок бул багыттын баасы кымбатка түшөрүн тез эле түшүнүп, саясатында өзгөрүүлөргө барууга аргасыз болду.

  • Чоң жана кичи Жорж Буштун администрациялары СССРдин кулашынан кийин АКШнын жалгыз глобалдык лидер болушун мыйзамдаштырууга аракет кылышты. Бирок бул багыт өсүп жаткан жүккө жана чыгымдарга туруштук бере алган жок.
  • Барак Обаманын администрациясы жумшак риторика менен көп тараптуу өнөктөштүккө чакырган, бирок бул сөздөр реалдуу натыйжага айлана алган жок.
  • Дональд Трамптын администрациясы ачык жана одоно ыкманы колдонду: Кытайга тикеден-тике кысым көрсөтүп, Орусияны тартууга аракет кылды. Бирок Кытай тышкы иштер министри билдиргендей, Пекин АКШ менен “жаңы муздак согушка” баруудан баш тарткан.
  • Жо Байдендин администрациясы күрөштү Европа континентине көчүрүп, Орусияны түз бутага алды. Бул тактика бир топ ийгилик алып келип, тараптарды чарчатып, эл аралык тартипти кайра түзүүгө жол ачты. Бул болсо АКШнын дүйнөдө борбордук күч бойдон кала беришин камсыздоого багытталган кадам болгон.

Газа согушу: Американын саясатын ашкере кылды жана моралдык кыйроого бет алды. Газадагы согуш АКШнын саясий жүзүн ачып салды. Ал “Израилдин” Палестина элине карата жасаган кыргын салууларын мөөнөтсүз жана эч шарты жок колдоп келди. Бирок Газа элинин эпикалык каршылыгы Вашингтондогу жана Тел-Авивдеги стратегиялык пландоочулар күтпөгөн көрүнүш болду. “Израил” менен АКШ өз максаттарына жете албай калгандыгы бул согушту регионалдык жана дүйнөлүк аң-сезимдин бурулуш чекитине айлантты.

Акыркы бурулуштар: Трамптын кайтып келиши жана кулоонун белгилери.

Андан кийин, Байдендин ден соолугунун кескин начарлап кетиши жана шайлоолорго жакын акыл-эс туруктуулугун жоготушу, АКШдагы бийликтин кайрадан Трамптын колуна өтүшүнө шарт түздү. Бирок бул жолу Трамп “күйүп бүткөн карта” жана келечектеги кризистин күнөөлүүсү катары сахнага чыкты.

АКШнын экономикалык проблемалары да ачыкка чыкты. Мамлекеттик карыз 36 триллион доллардан ашып, системалык туруктуулукка коркунуч жаратып жатат. Мунун негизинде Трамп администрациясы катаал, авторитардык, бирок чечкиндүү жана тобокел кадамдарды кабыл алууга өттү. Бул окуялар АКШнын стратегиялык турмушунун акырындык менен чекке жетип бара жатканын жана дүйнө тартибинин кайра бөлүштүрүлүшүнөн кабар берет. Америка мындан ары өз үстөмдүгүн күч менен сактап калууга аракет кылууда, бирок бул аракеттер анын чыныгы кубатын эмес, алсырай баштаганын айкын көрсөтүп жатат.

Жыйынтык: Үстөмдүктөн кулоого чейин… Боштукту ким толтурат?

АКШнын ийгиликке же жоготууга учураганын азыр толук чечмелеп айтууга болбойт, себеби сүрөт толук тартылып бүтө элек. Бирок бир нерсе айдан ачык: АКШ кулап бараткан империя катары өтө кооптуу куралдар менен ойноп жатат. Бул оюн аны кайрадан борбордук сахнага кайтарышы мүмкүн же аны таптакыр кулатат. Балким дүйнөнү мурда болуп көрбөгөн баш аламандыкка түртүп кетиши да мүмкүн.

Биз мусулмандар жана саясий муфаккирлер катары караганда, азыр тарыхый учур. Бул  чоң жоопкерчиликти талап кылат. Бул мезгил келечектеги боштукту толтура ала турган чын ыкластуу, реалдуу альтернатива түзүүнү жана ага даярдык көрүүнү талап кылат.

Аллах Таала бизге акыйкат жолду көрсөтүп, үммөт үчүн өз ордуна жараша улуу жеңишти жана эркиндикти насип кылсын.

Роя гезити

Устаз Самер Дахша (Абу Омар)

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here