Басма сөз баянаты
Американын өлтүрүүчү машинасы “кызматташтык” жана “түбөлүк достук” ураандарынын артына жашынган…
Эй Тунистеги туугандар!
АКШ яхудий түзүмүнө мурда болуп көрбөгөндөй аба көпүрөсүн түзүп, жүздөгөн жогорку кыргын салуучу бомбаларды жана башка согуштук ок-дарыларды Америкадагы, Европадагы жана Жакынкы Чыгыштагы базаларынан ташып берүүдө. Геноцидди, кыргынды жана кыйратууларды колдоп, Газа элин мажбурлап көчүрүүгө жана дүйнөнүн ар кайсы бурчтарына таркатууга аракет кылууда. Муну менен эле тим калбай, АКШнын алтынчы флотунун “Коомдук байланыштар бөлүмү” тарабынан жарыяланган билдирүүдө, АКШ Тунистин мамлекеттик бийлигине “Айленд” үлгүсүндөгү, узундугу 34 метр болгон эки жээк кайгуул кемесин өткөрүп бергенин жарыялады. Бул билдирүүдө айтылгандай, бул кеме Тунистин деңиз коопсуздугу жана аймактык туруктуулугу үчүн кызмат кылат имиш. Мындай кызматташтык америка-тунис деңиз өнөктөштүгүнүн алкагында жасалып, бул өнөктөштүк 220 жыл мурда башталган имиш.
Бул алдамчылыкка толгон билдирүүгө карата, Хизб ут-Тахрир партиясынын Тунистеги Маалымат бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет:
Биринчиден, АКШнын Тунис деңиз флотуна бул кайыктарды өткөрүп бериши, биздин өлкөбүздө жана жалпы аймакта Американын өз максаттарына кызмат кылуу үчүн ишке ашырылып жатат. Бул алардын “дүйнө жүзү боюнча деңиздеги туруктуу катышуусун жана өнөктөштүгүн бекемдөө милдеттенмесинин” бир бөлүгү.
Экинчиден, эки кайыктын өткөрүлүшүн АКШ менен Тунистин ортосундагы деңиз өнөктөштүгүнүн 220 жылдыгын майрамдоо деп көрсөтүү – тарыхты бурмалоо жана адаштыруу. Биздин өлкө Улуу ислам үммөтүнө таандык жана соңку 220 жыл ичинде биздин тышкы алакаларыбыз Осмон Халифалыгынын башка элдер жана мамлекеттер менен болгон мамилелеринин алкагында жүргүзүлүп келген.
Үчүнчүдөн, бул кайыктарды өткөрүп берүү АКШнын үстөмдүк кылуу жана колонизатордук стратегиясынын алкагында ишке ашырылып жатат. Айрыкча, биздин өлкөгө НАТОдон тышкары “стратегиялык өнөктөш” макамы таңуулангандан кийин, АКШ биздин жерибизди жана портторубузду өзүнө жол кылып алган. Бул алардын дүйнө жүзү боюнча деңиздеги туруктуу катышуусун жана “өнөктөштүгүн” бекемдөө максатынын бир бөлүгү болуп саналат.
Эй, Зайтун жеринин мусулмандары, эр жүрөк мужахиддердин урпактары! Биздин жүрөгүбүздү тилип өткөн нерсе, үммөттүн күчтөрүн америкалык арам аскерий машыгууларга катар-катар менен катышууга сүйрөп жатышканы. Андан да көбүрөөк жанды оорутканы, Американын душмандыгы жана биздин үммөттү алдап, кордоп жаткан жалган билдирүүлөрү. Бул болсо, бизди башкарган саткын бийликтердин айынан үммөттүн кор болушуна жана алсыздыгына алып келди. Бул абал, ИншаАллах, Исламдын башкаруусу Пайгамбарлык жолундагы Халифалык кайра орногондо гана өзгөрөт. Ал күн алыс эмес!
﴿الَّذِينَ يَتَّخِذُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاء مِن دُونِ الْمُؤْمِنِينَ أَيَبْتَغُونَ عِندَهُمُ الْعِزَّةَ فَإِنَّ العِزَّةَ لِلّهِ جَمِيعاً﴾
«Алар момундарды коюп, каапырларды дос тутушат, эмне, алар ошол каапырлардын жанынан күч-кубат издешеби?! (Убара болушат!). Анткени бардык күч-кубат Аллага таандык». (Ниса сүрөсү, 139-аят).
Хизб-ут-Тахрирдин Тунис вилаятындагы Маалымат бөлүмү
20.04.2025