“Ала кушту атынан атаганда”: Россия шпиондору кармалды

33
0

“Ала кушту атынан атаганда”: Россия шпиондору кармалды

17-апрелде Ошто “жалданмачылыкка” шектелип 4 адам кармалганы кабарланды. Акыбетте, алардын үчөө орус улутундагы Кыргызстан жарандары, төртүнчүсү болсо Россия жараны экени маалым болду. Бул маалымат коомчулукта күчтүү резонанс жараткандыктан, ар бир тарап мындан өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланып калуу аракетине түшүштү. Алар өз пайдаларына дал келген айрым акыйкаттарды ачып жатса, ошол эле учурда, кызыкчылыктарына тескери айрым акыйкаттардан адаштыруу иштерин алып барышууда. Ошондуктан, төмөндө мына ушул окуяга тиешелүү айрым жагдайларга айкындык киргизмекчибиз.

Эсиңиздерге сала кетсек, үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнүн саясатчылары б.а. ири державаларга көз каранды болгон жасалма эгемендүү мамлекетчелердин бийликтери “үчүнчү күчтөр” деген кепти көп айтышат. Бирок, ал күчтөр ким экендигин эч качан так айтышпайт, натыйжада, адамдар мына ошол дайынсыз “күчтөр” менен коркутулган бойдон кала беришет. Кээде чыныгы “үчүнчү күчтөр” жашырылып, алардын ордуна ойлоп табылган “террористтер” же “экстремисттер” үчүнчү күч болуп чыга келишет. Бирок, биз ал террорист-күчтөрдү турмуш чындыгынан көрбөйбүз. Мисалы, 2010-жылкы “Ош окуясында”, 2022-жылы Казакстандагы “Каңтар” окуясында, жада калса, акыркы Кыргызстан-Тажикстан чегара жаңжалында да ушундай болду. Эгер, негизи, “Ала кушту атынан айтсак”, анда “үчүнчү күчтөр” – булар дүйнөгө колонизаторлук менен өкүмдарлык кылып жаткан ири державалар деп айтылышы керек. Ал державалар өз ара таасир талашууларында, же колонияларын сактап калууда үчүнчү дүйнө өлкөлөрүндө түрдүү чыр-чатактарды келтирип чыгарышат. Орто Азиядагы негизги “үчүнчү күч” – бул Россия. Муну биздин бийликтер деле билишет, бирок, ачык айтуудан коркушат. Бул жаатта – келин кайнатасын тергегендей – кожоюндарын “тергеп” сүйлөшөт.

Жакында катталган “жалданмачылык” окуясына да мына ушул негизден келип чыгып жандашуу керек. Эл аралык саясат жагынан алганда, АКШда Трамп бийликке келгенден кийин, Россиянын позициясы бекемделе түштү. Буга чейин, Украина согушу Россияны алсыратканы себептүү, ар кандай деңгээлде ага малайлык кылып келген Орто Азия акимдери көп иштерде Кремлге моюн толгой башташкан эле. Ушундан улам, Кремль ал малайларына – ар биринин өз абалдарына жараша – кайрадан сес көрсөтүп коюуну эп көрүүдө. Лавровдун Самаркандга жасаган сапарындагы сөзү да ушуга далалат кылат. Ал эми, Россия бийлигинин Кыргызстанга карата катуу сес көрсөтүүсү Москвадагы “мончо окуясынан” башталды. Украина согушуна чейин Кремль Кыргызстан бийлигине карата “чөгөлөтүү” саясатын жүргүзүп келген эле, согуш башталган соң анысынан баш тартып туруусуна туура келген. Эми болсо, кайрадан чөгөлөтүү саясатына кайтууга урунууда.

Кыргызстан бийлиги да ушул аралыкта Россиянын кийлигишүүсүнөн бир аз эс ала түшкөн эле. Бирок, Кыргызстан-Тажикстан чегара маселеси парламентте каралып жатканда, бир депутаттын артынан Кремлдин карааны көрүнгөндө, бийлик кыйла чоочуп калды. Андан кийин “мончо окуясы” жүз берди. Ооба, бул окуя бардык мигранттарга карата кабыл алынган чаралар алкагында болуп өтсө да, лекин, ал Кыргызстан бийлигине карата басым жасалган, эскертүү берилген конкреттүү иш-чаралардан болуп эсептелет.

Жергиликтүү саясаттан алганда, Кыргызстанда буга чейин “массалык баш аламандык уюштурууда улуттар аралык чыр-чатак чыгармакчы болушкан” деп шектелген бир канча тайпа сериялык түрдө кармалышкан эле. (Алардын кимиси канчалык ушундай ишке аралашкан же аралашпаганы бул талкуубуздун маселеси эмес). Негизи, үчүнчү дүйнө өлкөлөрүндө б.а. биздикиндей колониядагы мамлекеттерде улуттар аралык, же чегаралык, же болбосо, региондор аралык чыр-чатактар ири державалардын катышуусу жок чыкпайт. Аларды мына ушул “үчүнчү күчтөр”, алардын атайын кызматтары чыгарышат. Туура, жергиликтүү бийлик же оппозиция жетекчилеринин сырткы күчтөр менен кызматташуусу болот, алардын колдоочулары болсо бул оюндарда курал да болуп калышат. Бирок, аларды өздөрү чыгарышпайт.

Эми, жалданмачылык окуясына кайтып келсек, ал жогоруда айтылган окуянын уландысы болуп саналат. Оболу, кармалгандардын ким экендигине көңүл буралы. Алардын бири – “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн филиалы болгон Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери. Негизи, ири империалисттик державалардын мындай уюмдары – ал тургай, элчилик, консулдук ж.б. – бардыгы алардын шпиондорунун уюгу болуп саналат. О.э. кармалгандардын дагы бири “Вагнердин” бир кездердеги саясий технологу болууда. АКШдагы “Blackwater”, Россиядагы “Вагнер” сыяктуу уюмдар менчик аскердик компания деп аталышканы менен, негизинен, алар дээрлик өз мамлекеттеринин кызыкчылыктарына төп тапшырмаларды аткарышат. Ал кызматтардын катарына буюртма менен саясатчыларды өлтүрүү, терракттарды уюштуруу, локалдык согуштарды баштап берүү ж.б.у.с. иштер да кирет. Жана албетте, алардын жооптуу кызматкерлери, сөзсүз түрдө, атайын кызмат менен иштешет.

Жогоруда кармалган адамдарга “Украинадагы согушка Кыргызстандан адамдарды жалдаган” деген айып коюлууда. Албетте бул күлкү келтирерлик. Анткени, Россиянын өзүндө миранттарды желкелеп согушка алып кетип жатканда, бияктан адамдарды жалдап эмне зарылчылык бар эле. Мейли, ошондой деген күндө да, Кыргызстан бийлиги мындай жалданмачылык үчун мынчалык тобокелге барбайт эле. Бул кармоонун артынан кандай үндөр жаңырганына көңүл буралы.

Кармалгандардын бири “Орус үйүнүн” кызматкери болгонун айттык, ал Наталья Секерина. “Россотрудничествонун” башчысы Евгений Примаков анын кармалышы тууралуу: “Бул чагым. Натальяны чыгарып алабыз. Биз өзүбүздүкүлөрдү таштабайбыз. Жыйынтык чыкты: ал натыйжалуу жана жагымсыз болот”, – деп жазды. Биринчиден, Наталья Кыргызстандын жараны болушуна карабастан, “чыгарып алабыз, өзүбүздүкүлөрдү таштабайбыз” деп жатат. Экинчиден, “жыйынтык чыкты, ал жагымсыз болот” деп жатат. Демек, бул дегени, Кыргызстан жагымсыз жагдайды күтө берсин деп коркутканды түшүндүрөт. “Россотрудничество” түздөн-түз орус президенти Владимир Путинге баш ийерин эске алганда, демек, муну Кремлдин коркутуусу катары кабыл алууга болот.

Примаковдун билдирүүсүнөн кийин эле Мамдуманын депутаты Михаил Матвеев: “Менин оюмча, Кыргызстанга акча которууларды чектеп коюш керек. Мисалы, орусиялык банктардан акча которуу оңой. Чектен чыгып бараткан кичинекей уюмду ордуна коюп коюуга улуу державанын миллион жолу бар”, – деди.

Мына ушул билдирүүлөр бул окуядан көздөлгөн максатты даана туюнтуп турат.

Ал эми айрым маалымат каражаттарынын “Москвадагы мончо окуясына” жооп катары кабылдоосу – бул коомчулукту адаштыруучу маалыматтык согуш ыкмаларынан башка нерсе эмес. Биринчиден, Кыргызстан ТИМи мончодогу окуяга жооп бермек түгүл, ал жаатта каяша да айта албасын билдирген. Министр Жээнбек Кулубаев: “Демарш жасасаңыз, бул жакта үч күндөн кийин техниканын баары токтойт. Газ, нефть токтойт. Жарандарыбызды 100 миңдеп эшалонго салып таштап коёт”, – деген. Экинчиден, УКМК төрагасы “жалданмачылык” окусы боюнча орус элчиси менен жолугушуп, анда кармалгандарды үй камагына чыгарса болот деген жыйынтык чыгарылганы кабарланды жана 28-апрелде шектүүлөрдүн экөөсү – алардын бирөөсү Секерина – үй камагына чыгарылганы маалымдалды. Албетте, бул Кремлден ырайым үмүт этүү көрүнүштөрүнүн бири болуп эсептелет. Мындай окуя Кыргызстанда биринчи жолу катталып жаткан жок. 2010-жылкы окуяларды уюштурууда орус офицерлери жана жалданмачылары кармалып, кийин аларды Россия алып чыгып кеткен.

Ушулардан көрүнүп тургандай, Кыргызстан бийлиги Россия бийлигинин кутумдарынан кутулуу аракеттерин көрүп жатат. Бирок, башка державаларга таянмайын мындан кутуулунун аргасы жок. А башкаларга таянуу болсо, эми аларга малай болууну түшүндүрөт. Бугүнкү күндө дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан империалисттик системанын талабы ушундай. Демек, акимдер малайлыктан, калктар болсо кулчулуктан кутулгусу келсе, анда дүйнөлүк империалисттик системаны оодарып таштоолору керек. Ал эми аны оодарууга болсо, качан гана демократиялык идеологиянын ордуна Ислам идеологиясын кабыл алганда, империалисттик системанын ордуна Ислам түзүмүн курганда гана мүмкүн болот. Ушундай болгон соң, анда неге бийликтер тарабынан кайра Исламга каршы күрөш алып барылууда?!

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here