Кыргызстанда Орусия менен кезектеги дипломатиялык жаңжал чыкты

49
0

Кыргызстанда Орусия менен кезектеги дипломатиялык жаңжал чыкты

Кечээ жакында Кыргызстандын Ош шаарында Орусия кызматташтыгынын (Россотрудничество) филиалы болгон “Русский дом” борборунун кызматкери Наталья Секирина кармалганы белгилүү болду. Аны Бишкектеги Биринчи май райондук соту Украинадагы согушка катышуу үчүн жалданма жоокерлерди тартууга шектүү катары камакка алды. Секирина — Кыргызстандын жараны, буга чейин журналист жана бейөкмөт уюмдардын кызматкери катары белгилүү болгон. 2024-жылдын июль айынан тартып Ош шаарындагы “Русский домдо” иштеп, жергиликтүү ЖМКлар менен байланыштарды куруу менен алектенип келген. Тергөөнүн маалыматына ылайык, Секирина башка адамдар менен бирге кыргыз жарандарынын согуш аракеттерине катышуусу үчүн жалдоо иштерин уюштурган.

2025-жылдын 25-апрелинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул ишке байланыштуу Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакунов менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда элчи шектүүгө карата камактагы мөөнөттү үй камагына алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн кароону суранган.

Азыркы учурда, күнөөлөнүп жаткан Россотрудничествонун кызматкерлери УКМКнын убактылуу кармоо жайында кармалууда. Аларга тагылып жаткан айыптарга 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Шектүүлөрдүн арасында Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынын кызматкери Сергей Лапушкин жана дагы эки белгисиз адам бар.

Укук коргоочу тараптын маалыматына ылайык, алар да жалдоо иш-аракеттерине катышкан деп шектелүүдө. Орус тараптын өкүлдөрү айыптоолор тууралуу толук маалыматтары жок экенин билдиришип, Секиринаны ишенимдүү кызматкер катары сыпаттап, “Русский дом” тек гана өкмөттөр аралык келишимдердин алкагында иш алып барат деп белгилешти.

Эскерте кетсек, Россотрудничество — бул Россиянын Тышкы иштер министрлигине караштуу федералдык агенттик болуп, расмий түрдө орус тили менен маданиятын жайылтуу, чет мамлекеттеги россиялык мекендештерди колдоо, билим берүү жана жаштар программаларын уюштуруу менен алектенет. Бирок акыркы маалыматтарга караганда, бул агенттик көп учурда гуманитардык багыттагы иштер чегинен чыгып, чагымчыл жана аскерий мүнөздөгү иштер менен алек болуп келет.

“Русский дом” деген бренд менен иш алып барган Россотрудничествонун ишмердиги АКШнын USAID программасына окшош, анын филиалдары дүйнөнүн 71 өлкөсүндө бар. Өзгөчө Борбор Азия өлкөлөрүнө көңүл бурулган. “Русский домдун” борборлору Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда ишмердүүлүк кылышат.

Расмий түрдө бул борборлор россиялык ЖОЖдорго студенттерди тартуу, орус тили курстары, көргөзмөлөр, фестивалдар жана жаштар программаларын өткөрүү менен алектенет. Бирок иш жүзүндө, бул борборлор Россия элчиликтеринин саясий, аскерий жана маалыматтык күн тартибин алга жылдыруучу чыныгы “аткаруучу органдар” катары иш алып барышат. Кыргызстандагы Орусия элчиси Сергей Вакунов да Кремлдин саясий көрсөтмөлөрүнүн координатору катары каралат.

Саясий жактан караганда, россиялык дипломатиялык өкүлчүлүктөр аркылуу согушка тартуу иштери жүргүзүлүп жатканы — Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендүүлүгүнө түз коркунуч катары кабыл алынууда. Кыргызстанда чет өлкөлүк согуштарга катышууга мыйзам тарабынан тыюу салынган шартта, эмне үчүн жаңжал мындай жогорку деңгээлге жетти деген суроо туулат.

Бул окуя аймакта буга чейин болуп көрбөгөндөй дипломатиялык деңгээлге чыгарылган биринчи иш. Бирок бул, мурда мындай иштер боюнча атайын кызматтарда маалымат болгон эмес дегенди билдирбейт. Кыргыз жарандары мурда да Россия тарапта согушка катышканы белгилүү. Алардын арасында миграцияда жүрүп Россиянын жарандыгын алган жана согушка тартылган адамдар бар. Бирок бийлик бул учурларда эскертүүлөр менен гана чектелген. Секиринага байланыштуу бул жаңжалды — мамлекеттин эгемендүүлүгүн баса белгилөөгө батытталган биринчи ачык билдирүү катары баалоого болот.

Кыргызстандын мындай позициясы стратегиялык саясаттын башталышыбы же бир жолку кадамбы — убакыт көрсөтөт. Бул Москва тараптын кандай жооп кайтарышына, дипломатиялык мамилелер кандай маанайда уланышына байланыштуу. Орусиянын тышкы саясатынын авторитардык мүнөзүн эске алганда, Кремль мындай өз алдынча кадамдарды “саткынчылык” катары кабыл алышы мүмкүн. Путиндин кекчил мүнөзүн эске алганда бул чыңалуу күчөп кетиши толук мүмкүн.

Ушул жагдайларды эсепке алсак, кыргыз бийлигинин азыркы кадамдары маселени түп тамырынан чечүү эмес, балким өзүнчө бир тактикалык кадам гана болушу мүмкүн. Жакында эле Москвадагы эс алуу жайында кыргыз мигранттарына болгон зомбулуктан кийин коомчулуктун нааразычылыгын басаңдатуу аракети катары баалоо да мүмкүн. Бирок Орусия тарап дипломатиялык протоколдорду жана өнөктөштүк принциптерин одоно бузганын баса белгилеп кетүү зарыл. Ал эми мигранттардын ыктымалдуу мыйзам бузуулары каршысында орус тараптын чет өлкөлөрдө жарандарды согуштук аракеттерге тартуу иш аракеттери салыштыргыс өлчөөлөр болуп эсептелет.

Мындай шартта кыргыз бийлиги Кремль менен болгон мамилелерде кош стандарттарды токтотуп, пайдага негизделген жеке кызыкчылыктардын алдында өз элинин кызыкчылыгын жогору коюп, ачык жана ырааттуу саясат жүргүзүүгө тийиш. Россиянын аймакка карата империалисттик мамилеси белгилүү факт, бирок кыргыз элинин кызыкчылыктарын жеке пайдага алмаштыруу саясаты улана берсе, бул мамлекеттин аброюна сокку урат жана көз карандылыкты күчөтөт. Андыктан, Борбор Азия элдери менен кыргызстандык жарандар өзгөлөрдүн жаңжалында курал болбошу керек. Коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандарды коргоо мамлекеттин түздөн-түз милдети.

Латыфул Расых

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here