Тилибиздин күнөөлөрү

35
0

Тилибиздин күнөөлөрү

Бир даанышман кишиден сурашат: “Адамдын эң пайдалуу мүчөсү кайсы?” Ал: “Тил”, деп жооп берет. “А эң зыяндуусучу?”, дешет. Ал кайра эле: “Тил” дейт. “Эмнеси менен пайдалуу?”, деп сурашканда: “Чындыкты жеткирүү, жакшы кеңеш берүү, жамандыктан кайтаруу, көңүл көтөрүү жана келишимдерди бекемдөө тил аркылуу ишке ашат. Тил достукту жана сүйүүнү жарата алат. Акылмандык да тилде, аны менен чырайлуу сүйлөп элди жетелеп кетсе болот”, дейт.

“Эмнеси менен зыяндуу?” дешкенде, даанышман мындай жооп берет: “Кээде сүкүт сактоо чындыкты жашырат, кээде зулумга унчукпай карап туруу кылмышка алып келет. Тил досуңду душманга айланта алат, согуштар жана чатактар да тилдин айынан чыккан. Адамды тилден чыккан жемелөө, шылдың, ушак жана жалаа жабуу оор абалга кептейт. Эч нерсе тилден чыккан чыккынчылык сөздөрүндөй адамды ойрон кыла албайт”.

Тил – чынында эле адамдын таң калычтуу органдарынын бири. Эң маанилүү жана керектүү нерселер дал ушул тилден чыгат. Тил аркылуу дос жана туугандар менен саламдашабыз, жакшы тилектерди, насаат жана кеңеш айтабыз. Тил аркылуу айтылган сөздөн улам кээ бири адашуудан кайтып, Аллахты табышат. Кыйын учурларда элди жана мекенин коргоого үндөшөт, үмүтү үзүлгөндөрдүн үмүтү жанат.

Бирок тилден эң жаман нерселер да чыгат. Тил менен каргашат, жамандык каалашат, нааразы болушат, ушакташат, жалаа жабышат, калп айтышат, кемситишет, сөгүшөт жана чыккынчылык кылышат. Тилдин айынан үй-бүлөлөр бузулат, достук кыйрайт, бүткүл коомдо башаламандык жана жек көрүү жаралат, адамдар үмүтсүздүккө түшүп, башкалардын байкабастан айткан сөздөрүнөн улам өз жанын кыят. Ошондуктан, адам тилине ээ боло алса гана ал ага пайда алып келет. Макалда айтылгандай, “Сөз күмүшкө тете болсо, унчукпай туруу алтындан кымбат”. Бул дегени ар дайым үн катпай коюу дегенди билдирбейт. Кээде сүкүт сактоо чоң күнөөгө алып барышы мүмкүн. Мисалы, кимдир бирөөнү жаман иштен кайтарбай коюу, башкаларга же бүткүл коомго зыян тууралуу айтпай коюу, же кандайдыр бир кылмыш тууралуу маалымат бербей коюу сыяктуу.

Бул ар бир сөздү ойлонуп сүйлөө керектигин билдирет. Куру сөз айтпоого, туйгуга же маанайга алдырып сүйлөбөөгө үйрөнүү, ошондой эле ачууга тийип, кандайдыр бир бейпайда сөздү айтууга мажбур кылып жатканда да  сүкүт сактап калуу эң пайдалуу адат болуп эсептелет.

Макалда айтылат, “Сөз – таранчы эмес, учкан соң кармай албайсың”. Биз кээде ачууга алдырып, жакындарга катуу тийип алабыз, кечирим сурайбыз, бирок, ар-дайым эле айткандарыбызды унуттуруп коюшубуз өтө кыйын. Ошондуктан, хадисте айтылган:

Ким Аллахка жана акырет күнүнө ишенсе, жакшы сөз сүйлөсүн же унчукпасын

Умар ибн Хаттаб (р.а) мындай деп баяндайт: “Бир күнү Абу Бакр Сыддык тилин манжасы менен сүртүп жатканын көрдүм. Себебин сурасам: “Бул тил менин башыма көп кыйынчылык алып келди”,- деди. Башка бирөөлөрдөн да уктум, ал жети жыл бою тил астында жети дирхемдик таш салып жүргөн экен. Эгер Аллах ыраазы болбой турган сөз айтайын десе, сол колу менен тилин тартып, оң колу менен кармап: “Эй, тил! Эми андай сөз айтпа, Аллахтын нааразычылыгына себеп болбо!”,- деп айтчу экен”.

Ошондой эле, Аллахтын Элчиси (С.А.В) Муаз ибн Жабалга мындай деген: “Сага Бейишке кирүүгө себеп болгон нерсени айтайынбы?”. Муаз: “Ооба, эй Аллахтын Элчиси”,- деди. Пайгамбар (С.А.В) тилди көрсөтүп: “Мына ушуну – тилиңди тый”,- деди. Муаз таң калып: “Биз сүйлөгөн сөздөр үчүн жооп беребизби?”,- деп сурады. Пайгамбар (С.А.В) мындай деди: “Оо, Муаз! Адамдарды жүзтөмөн кылып Тозокко ыргыта турган нерсе дал ушул тилден чыккан сөздөр эмеспи?” (Ахмад, Тирмизи, Ибн Маджа).

Тилди көзөмөлдөө чоң жоопкерчилик. Ар бир мусулман тилдин күнөөсүнөн сыртта калбайт. Бүгүнкү күндө демократиянын “сөз эркиндиги” деген урааны коомго жоопкерчиликсиз пикир билдирүү, социалдык тармактарда жана медиада жек көрүүгө алып келүүчү маалыматтарын жайылтуу сыяктуу терс көрүнүштөрдү жүзөгө чыгарууда. Мусулмандар да мындан жабыркап, жалган маалымат таратуу, фитна чыгаруулары көбөйдү. Имамдар жана өлкө башчылары бул маселеге жетиштүү көңүл бурбай, бул адаттар кеңири жайылды.

Исламда ой-пикир билдирүү Шариаттын чегинде болушу керек:

А) Айтуу арам болгон пикирлер. Мисалы: ушак, жалаа, зынаа кылган деп жалган айып тагуу, Исламга акаарат кылуу, мамлекеттик же коомдук сырларды ачуу ж.б.

Б) Айтуу парз болгон пикирлер. Мисалы: жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу, бийликти мухасаба кылуу ж.б.

В) Айтуу же унчукпай туруу мүмкүн болгон пикирлер.

Гыйбат – бүгүнкү мусулмандардын эң чоң илдети болду. Көбүнчө мындай нерсе жаш муунда көп кездешет. Алар пикирий төмөндүккө кириптер болуп, жахилият деңгээлине чейин түшүп кетишүүдө. Өзүбүздүн киндиктеш бир тууганыбыз менен бетме-бет сүйлөшүүнүн ордуна, аркасынан ушак айтып, акаарат кылып коёбуз.

Кээде мусулмандар башкаларды өздөрү ээрчиген жамааттан башкасын карманганы үчүн нааразылык билдирип, акаарат айтышат. Алардын назарын Аллахтын төмөнкү сөздөрүнө бурабыз. Аллах Таала мындай дейт:

Эй момундар, көп күмөндөрдөн четтегиле! Анткени кээ бир күмөн(дөр) күнөө! (Өзгөлөрдүн айыптары артынан) тыңчылык кылып жүрбөгүлө, жана айрымыңар айрымдарды ушактабасын! Силерден айрым бир киши өзүнүн өлгөн досунун этин жешти жакшы көрөбү?! Мына, жаман көрдүңөрбү?! (Ошондуктан, күнөөсү мындан да артык болгон ушакты да жаман көргүлө)! Алладан корккула! Албетте Алла тооболорду кабыл этүүчү, Мээримдүү. (49:12).

Кээде гыйбат жана тухматтар алар ээрчиген жамаат же алар сыйлаган кадыр баркка ээ жетекчиге болгон үмүттөрдүн акталбагандыгынан пайда болот. Бирок, биринчи кезекте, мындай абал ар дайым өзүнүн үмүттөрүнүн ишке ашпай калуусу менен гана байланыштуу экенин түшүнүүсү керек жана бул жагдай башкаларга карата нааразычылыкка алып келээрин аңдап жетиши зарыл. Бул ар бир иштин натыйжасынын булагын түшүнбөстүк жана үмүтсүздүккө киргенде же ийгиликсиздикке учураганда андан аркы аракеттердин тарыйкатын түшүнбөгөндүктүн натыйжасы болуп саналат.

Ислам кандайдыр бир кимсенин же жамааттын артынан сокурларча, түшүнбөстөн жетеленүүнү четке кагат. Ар дайым акыйкатты издөө жана Аллах ыраазы болгон нерсеге ыраазы болуу – ийгиликке жетүүнүн жолу. Ар кандай адашуу же ката кылуунун күнөөсүн эң биринчи өз жоопкерчилигибиз деп таанышыбыз керек. Мына ушундай кылганда гана сабырдуулук менен жалгыз Аллахка баш ийүүчү жана анын Пайгамбарынын (С.А.В.) жолун жолдоочулардан болобуз. Кадимки адамдар кемчиликтүү экенини эстен чыгарбашыбыз керек.

Мусулмандар арасындагы мамилелер исламий жамааттар арасында болобу, жеке адамдар ортосунда болобу, бир туугандык жана достук маанайда болушу шарт. Бардык үмүт тилектер Өзүнүн кулдарына жардам берүүчү жана бардык нерсени Билүүчү Жаратуучуга багытталуусу зарыл! Өз чөйрөбүздү душмандык, чагымчылдык, жек көрүүчүлүк, шылдың же саткындыкка окшош нерселерден тазалообуз керек. Жамаат аралык маселелерди талкуулоодо пикирий деңгээлден туруп, исламий көз караштан келип чыгып, Исламга негизделген шариаттык чечимдер менен чектелүү зарыл. Ошондой эле, достук мамилелерди орнотуу, майрамдарда бирге болуу, кубаныч жана кайгыны тең бөлүшүү, жыйындар, лекциялар жана башка ушу сыяктуу иш-чараларда бирге катышуу маанилүү. Мындан тышкары, исламий жамаатардын Ислам методдоруна, мыйзамдарына жана идеяларына ылайык жолду кармануусун көзөмөлдөө керек. Мындай иш гыйбат сөздөр же өз ара акаарат айтуу аркылуу эмес, тескерисинче, тарыйкатты бекем кармоо жана конструктивдүү пикирий талкуу аркылуу Раббибиздин ыраазычылыгына жетүү максатында ишке ашырылат. Пайгамбар (С.А.В.) мындай деген:

“Бири-бириңерге көрө албастык, душмандык кылбагыла, бири-бириңерден жүз бурбагыла, бир тууган болгула, соодалашууда бир-бириңерге тоскоол болбогула. Оо Аллахтын кулдары! Мусулман мусулманга бир тууган. Ошондуктан, мусулман адам башкасына зулумдук кылышы, алдашы, кемсинтиши, жардамсыз калтырышы жайиз эмес. Такыбаалык – бул жерде”, деп Пайгамбар (с.а.в) үч жолу көкүрөгүн көрсөттү. Андан соң айтты: “Ким мусулман бир тууганын кемсинтсе, чоң күнөө кылыптыр. Ар бир мусулман үчүн башка мусулмандын жаны, малы жана аброю арам!”. (Муслим)

Бул хадис башка көптөгөн хадистер сыяктуу, мусулмандар арасындагы коомдук мамилелерди жөнгө салууда. Ал бир тууган мусулмандар араздашып турган учурда да, көрө албастык жана жек көрүү болбошу керектигин баса белгилейт. Ошондой эле, мусулман бир туугандар арасында жек көрүү жана душмандыкка алып келүүчү себептерди токтотууга буйрук берет. Анткени алардын мамилелери өз ара мухабат негизинде,  кубанычта жана кайгыда бирге болууга негизделиши керек. Мусулман адам бир тууганына өзү каалаган нерсени ага да каалоосу милдеттүү. Мындан тышкары, хадис соода мамилелерин да жөнгө салып, соода бүтмөйүнчө ага аралашып, аны бузбоого чакырат.

Эң маанилүүсү, бул хадис Исламдагы диний бир туугандыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн көрсөтөт. Бул байланыш адамзат мамилелеринин ичинен эң мыктысы болуп саналат, анын негизин исламий пикирлер, акыйда жана исламий нафсия түзөт. Бул мусулмандарга жана аларды курчап турган коомго зор таасирин тийгизет.

Бир туугандык мамиле мусулман бир тууганына зулумдук кылбашын талап кылат, анын акысына кире турган иштерди жасабашы же сөздөрдү айтпашы керек. Ошондой эле, жардамга жана колдоого муктаж болгон учурда бир тууганын кыйынчылыкта жалгыз калтырбашы керек, аны акыйкат үстүндө колдоп, күнөөдөн кайтарышы керек.

Жыйынтыктап айтканда, мусулмандар бири-биринен артыкчылык издебеши керек, бири экинчисинен басынууну сезбеши шарт. Хадис буга окшогон бардык мамилелерди такыбалыкка, башкача айтканда Аллахтан коркуу сезимине байлайт. Анын ыраазылыгына умтулган абалда, көрө албастык сыяктуу мамилелерди бузуп кое турган көрүнүштөрдөн арылууга чакырат. Аллах Таала айтат:

Алладан корккула. Алла силерге (чыныгы Туура Жолду) билдирет. Алла бардык нерсени Билүүчү” (2:282).

Хужжат Жамиа

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here