Өз милдетинен качып, атайын алсыз көрүнгөн адамдын абалы чыныгы алсыздан да начар

37
0

Басма сөз баянаты

Өз милдетинен качып, атайын алсыз көрүнгөн адамдын абалы чыныгы алсыздан да начар

2025-жылдын 13-апрелинде, ишемби күнү, Дакка шаарында жүз миңдеген ачууланган мусулмандар көчөгө чыгып, АКШ менен анын шериги болгон яхудийлер Палестинадагы ыйык жерлерде биздин туугандарыбызга каршы жасаган мыкаачы кыргындарын айыпташты. Бирок убактылуу өкмөттүн башчысы, Билл Клинтондун жакын досу Мухаммад Юнус Ички иштер министрине Бангладеш паспортторуна “израилден башка бардык өлкөлөргө жарактуу” деген мурдагы жазууну кайра киргизүүнү буйруду. Бул Бангладеш жарандарынын яхудий мамлекетине сапар кылууга толугу менен тыюу салынды дегенди билдирет.

Бул билдирүү заалим Хасинаны бийликтен кууп чыккандан кийин түзүлгөн убактылуу өкмөттөн күтүлгөндөй күчтүү кадам эмес. Эл мурдагы зулумду башынан өткөргөндүктөн, бул өкмөт адилеттүүлүккө муктаждыгын сезип, эл сыяктуу эле бул кыргынга каршы катуу турса жарашмак. Бирок алардын жалгыз кадамы алсыз жана кайратсыз билдирүү болду. Бул ыйык жерде зулум тарткан туугандарыбызды жалгыз калтыргандык.

Бул өкмөттүн позициясы Газадагы туугандарыбызды колдоо эмес, тескерисинче, мусулман өлкөлөрүндө өкүм сүрүп жаткан саткын режимдер менен бир катарда тургандыгын далилдейт. Ал тургай, исламга тиешеси жок Бразилия менен Боливиянын позициясынан да алсыз турат.

Бангладештин чыныгы күчүн билбеген айрым байкоочулар, балким, аны өзүн да коргой албаган алсыз өлкө деп ойлошу мүмкүн. Бул болсо чындыктан алыс. Бангладеш дүйнө боюнча БУУнун тынчтыкты сактоо күчтөрүнө эң көп салым кошкон үч өлкөнүн бири болуп саналат. Ал Индия жана Пакистандын катарында. Ар биринен болжол менен 8000дей аскер ар кайсы континенттеги БУУ миссияларына жиберилген. Ошондой эле, Бангладеш “Тынчтыкты колдоо операцияларын даярдоо институту” (BIPSOT) деген борбор түзгөн. Бул борбор аскерлерди тынчтык сактоо тапшырмаларына машыктырат жана бул жаатта эл аралык деңгээлде таанылган мекеме болуп эсептелет.

Бангладеш Ливандагы “ЮНИФИЛ” миссиясына да салым кошуп, анда болжол менен 120дай аскер кызмат өтөп келет. Ошону менен катар, 2010-жылдан бери Бангладештин аскер-деңиз күчтөрү да ушул миссияга тартылган. Алардын катарында BNS Осман фрегаты, BNS Мадумати чоң күзөт кемеси, BNS Али Хайдар фрегаты, BNS Нирмол, BNS Бижой кемелери жана 2020-жылдын сентябрында жиберилген BNS Санграм корвети бар.

Булардын баары Бангладештин аскер-деңиз күчтөрү Газадагы туугандарыбызга жардам бере алат дегенди тастыктайт. Себеби, алардын кемелери ошол аймакка жакын жайгашкан. Бирок тилекке каршы, бул күчтөр Газадагы мусулмандарды коргоо үчүн эмес, тескерисинче, жасалма яхудий мамлекетинин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн колдонулууда.

Мындан сырткары, дүйнөлүк зулум күчтөр бул аскерлерди өздөрү жасоого батына албаган же өз аскерлерин жиберүүдөн чоочулап жаткан кара иштерди жасатуу үчүн колдонушат. Маселен, яхудий мамлекети менен Ливандын ортосундагы чек араны мусулмандардын кол салууларынан “коргоо” алардын жоопкерчилигинде.

Юнус өкмөтү жана анын армиясы үчүн жоопкерчилик болгону паспорттон “израилден башка бардык өлкөлөргө жарактуу” деген жазууну алып салуу эмес. Яхудий мамлекетин жер жүзүнөн жок кылуу жана Бангладеш армиясынын кемелерине, танктарына жана мусулман жоокерлеринин чекелерине “Байтул-Макдис бошотулмайынча токтобойбуз” деген ураанды жазуу болчу.

Бул Байтул-Макдисти азат кылууну эңсеген жана Куддуска багыт алып, биринчи кыбыла болгон аль-Акса мечитинде намаз окууну самаган армия үчүн милдет болуп, музаффар Салахуддин Аййубийдин жолун жолдоо дегенди билдирет. Бирок, ачык көрүнүп тургандай, бул өкмөт мурдагы залим Хасина өкмөтүнөн калышпаган саткындыкты, коркоктук менен чыккынчылыкты көрсөтүүдө. Ошондуктан бүгүнкү күндө Дакка көчөлөрүн толтурган элдик нааразычылыкка карабастан, Палестинаны колдоого эң чоң тоскоолдук бул өлкөнүн алсыздыгы эмес, армиянын күчсүздүгү эмес, ушул өкмөттүн өзү болуп калды.

Ошондуктан шарияттагы “важипти аткаруу үчүн зарыл болгон нерсе да важип” деген негизге таянып, азыр ар бир ишенимдүү мусулман жоокер үчүн бул саткын Юнус өкмөтүн кулатып, анын ордуна ыймандуу жана туура жолдогу саясий жетекчиликти алып келүү шарт. Анткени дал ушундай жетекчилик Бангладеш армиясын ыйык жерлерди азат кылып, шейиттикке тете улуу жолго баштай алат. Бул болсо армия ичиндеги чынчыл офицерлердин көтөрүлүшү менен, Юнус өкмөтүнө каршы куралдуу аскерий төңкөрүш жасап, Хизб ут-Тахрирге нусрат берүү жана Халифалыкты пайгамбарлык жолунда кайра тикелөө аркылуу гана ишке ашат. Ал Халифалык армияны жетектеп, Палестинадагы зулумга туш болгон үммөттү коргойт жана аларга жеңиш алып келет.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا مَا لَكُمْ إِذَا قِيلَ لَكُمُ انْفِرُوا فِي سَبِيلِ اللهِ اثَّاقَلْتُمْ إِلَى الْأَرْضِ أَرَضِيتُمْ بِالْحَيَاةِ الدُّنْيَا مِنَ الْآخِرَةِ فَمَا مَتَاعُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا فِي الْآخِرَةِ إِلَّا قَلِيلٌ﴾

«Эй момундар, силерге эмне болду, Алла жолуна (согушка) чыккыла, делинсе өз жериңерге (тактап айтканда, журтуңарга) жабышып алдынар?! Акырет (нематтары)нан жүз үйрүп, дүйнө турмушунун (жыргалдарына) ыраазы болосуңарбы?! Акырет алдында бул дунүйө нерселери абдан аз нерсе го?!» (Тообо, сүрөсү, 38-аят)

Хизб-ут-Тахрирдин Бангладеш вилаятындагы Маалымат бөлүмү

17.04.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here