Ал-Мезуна институтундагы трагедия учурдагы мамлекет башкаруучулардын кайдыгерлиги

26
0

Басма сөз баянаты

Ал-Мезуна институтундагы трагедия учурдагы мамлекет башкаруучулардын кайдыгерлиги

Учурдагы мектептер менен институттар жаштар үчүн коркунучтуу жарылуучу заттай болуп калды. Анткени, башкаруучулардын кайдыгерлиги жана камкордуктун жоктугунан улам аларда балдарыбыздын өмүрү кыйылууда. Мезуна шаарчасындагы институттун дубалы урап түшүп, үч окуучунун каза болушу (Аллах аларга ырайым кылсын) жана башкаларынын жаракат алышы башкаруучулардын элин алдаган, милдеттерин аткарбаган жана Аллах алдындагы жоопкерчилигин сезбеген жетекчи экенин ачык көрсөтөт. Хадисте Пайгамбарыбыз ﷺ  мындай деген:

«مَا مِنْ عَبْدٍ يَسْتَرْعِيهِ اللهُ رَعِيَّةً، يَمُوتُ يَوْمَ يَمُوتُ وَهُوَ غَاشٌّ لِرَعِيَّتِهِ، إِلَّا حَرَّمَ اللهُ عَلَيْهِ الْجَنَّةَ».

«Аллах бир пендеге калкты башкарууну тапшырса жана калкына кыянат кылып өлсө, Аллах ага бейишти арам кылат» (Бухари жана Муслимден риваят кылынган).

Жүрөктү канатып, жанды өкүнткөн нерсе, көз карандылык доорунан кийинки башкаруучулар миллиондогон акчаны сууга түшүүчү бассейндерди, стадиондорду оңдоого, элди алаксытуучу саясаттарга жана жасалма кризистерди жаратууга жумшап жатканы. Элдин жашоосу үчүн чыныгы мааниге ээ болгон жолдорду, ооруканаларды жана билим берүү мекемелерин оңдоого көңүл бурушпайт. Убакыт өткөн сайын бул мекемелер коркунучтуу абалга келип, күнөөсүз адамдардын өмүрүн алган кырсыктарга себеп болууда. Коопсуздук жок жерде билим берүүнүн кандай баасы бар?! Китеп менен кан аралашканда билимдин эмне кереги бар?!

Оо Тунистеги туугандар!

Тунистин бүгүнкү аянычтуу абалы “көз карандысыздыкка” жеткенден кийинки 68 жылдык башкаруунун табигый жыйынтыгы. Бул кырдаал элге таңууланган республикачыл түзүлүштөрдүн жараткан натыйжасы. Мусулмандарды Исламдын өкүмдөрү менен башкаруу гана чыныгы жана туура саясат болуп эсептелет. Бул саясат башка бардык түзүлүштөрдөн уникалдуу. Анткени Ислам адамдын жүрөгүнө Аллахтан коркууну сиңирет. Мусулмандардын халифасы Умар ибн ал-Хаттаб (р.а)  өзүнүн бийликтеги жоопкерчилигин абдан терең сезген. Ал эгер жолдо качыр баса албай калса, анын да жоопкерчилиги өзүнө жүктөлүшүнөн коркуп амал кылган. Эл үчүн жолдорду оңдоону, андан да зарыл эсептеген!

Ал эми бузук, адам ойлоп тапкан системалар болсо, адамдардын жүрөгүнө кайдыгерликти, Аллах Субханаху ва Таала алдындагы жоопкерчиликти сезбөөнү сиңирет. Мындай башкаруунун натыйжасында кайдыгерлик орун алып, бул болсо бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган каргашалуу кырсыктарга алып келүүдө.

Оо Тунистеги бир туугандар!

Элин карап, багууга кайдыгер мамиле кылган, жасаган иштеринин оор кесепетин түшүнбөгөн, жамандыктын жоопкерчилигин сезбеген башкаруучуларды чоң азап күтүп турат. Силердин мойнуңарда турган милдет коомдогу бул светтик мыйзамдарга баш ийген башкаруу формаларынын бузуктугун ашкерелеп, бузуучулардын колун токтотуу жана элдин аң-сезимин туура багытка буруу. Силер, ошондой эле, ушул бузук түзүлүштөрдү кулатып, алардын ордуна пайгамбарлык жолундагы Рошид Халифалыкты орнотуу үчүн аракеттенишиңер керек. Анткени ошол гана мусулмандарды коргой турган, элге керек болгон бардык кызматтарды камсыз кыла турган, чыныгы камкор мамлекет. Аллах Таала мындай дейт:

﴿أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللهِ حُكْماً لِقَوْمٍ يُوْقِنُونَ﴾

“Динсиздик үстөмдүк кылуусун каалашабы?! Ыйманы толо болгон коом үчүн Алладан да чырайлуураак, адилирээк өкүм кылуучуким бар?!” (Маида сүрөсү, 50-аят)

Хизб-ут-Тахрирдин Тунис вилаятындагы Маалымат бөлүмү

18.04.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here