Текебердик менен бейишке кире албайсың

26
0

بسم الله الرحمن الرحيم

Текебердик менен бейишке кире албайсың

Текебердик – акыйкатты моюнга албоо жана башкаларды теңсинбөө. Текебердик кылган адам мутакаббир (башкаларды теңсинбөөчү, өзүн жогору сезүүчү) делет. Абдуллах ибн Масъуд (р.а.) Расулуллахтан (соллалаху алайхи ва саллам) мындай хадисти риваят кылат:

لا يدخلُ الجنَّةَ من كانَ في قلبِه مثقالُ ذرَّةٍ مِن كِبْرِ، ولا يدخلُ النَّارَ مَن كانَ في قلبِه مثقالُ ذرَّةٍ من إيمانٍ. فقال رجلٌ: يا رسولَ اللَّهِ، الرَّجلُ يحبُّ أن يَكونَ ثوبُه حسنًا، ونعلُه حسنةً، فقال رسولُ اللَّهِ صلَّى اللَّهُ عليهِ وسلَّمَ: إنَّ اللَّهَ جميلٌ يحبُّ الجمالَ، إنَّ الكِبْرَ مَن بطِرَ الحقَّ وغمَصَ النَّاسَ

«Кимдин жүрөгүндө кымындай текебердик болсо бейишке кирбейт. Кимдин жүрөгүндө кымындай ыймандан болсо тозокко кирбейт». Ошондо бир киши: «Я, Расулуллах, инсан кийими, бут кийими кооз болушун каалайт го?», – деп сурады. Расулуллах соллалаху алайхи ва саллам: «Албетте, Аллах – Кооз, кооздукту жакшы көрөт, албетте, текебердик – бул акыйкатты моюнга албоо жана адамдарды теңсинбөө», – деп жооп берди». (Муслим риваяты).

Текебердик себептүү шайтан Аллах Тааланын рахматынан куулуп, кафирлерден болду, каргышка калды:

وَإِذۡ قُلۡنَا لِلۡمَلَـٰۤىِٕكَةِ ٱسۡجُدُوا۟ لِـَٔادَمَ فَسَجَدُوۤا۟ إِلَّاۤ إِبۡلِیسَ أَبَىٰ وَٱسۡتَكۡبَرَ وَكَانَ مِنَ ٱلۡكَـٰفِرِینَ

“Эстегин Биз периштелерге: “Адамга сажда кылгыла!” дешибиз менен алар сажда кылышты. Иблис гана текебердик менен баш тартып, кафирлерден болду”. [2:34].

لَّعَنَهُ ٱللَّهُۘ

“Аллах аны наалаттады”.  [4:118].

قَالَ مَا مَنَعَكَ أَلَّا تَسۡجُدَ إِذۡ أَمَرۡتُكَۖ قَالَ أَنَا۠ خَیۡرࣱ مِّنۡهُ خَلَقۡتَنِی مِن نَّارࣲ وَخَلَقۡتَهُۥ مِن طِینࣲ

“Ал айтты: «Сага буюрган чагымда сени сажда кылуудан эмне тосту?». «Мен андан (Адамдан) жакшыраакмын. Мени жалын-оттон жараткансың. Аны болсо ылайдан жараттың», – деди”. [7:12].

Куръан Каримде белгилүү мутакаббирлерге мисалдар бар, маселен, Фиръавндын Мусаны (а.с.) теңсинбегендиги жөнүндө минтип келет:

أَمۡ أَنَا۠ خَیۡرࣱ مِّنۡ هَـٰذَا ٱلَّذِی هُوَ مَهِینࣱ وَلَا یَكَادُ یُبِینُ

“Акыры, мен мына бул кор болгон жана (өз максатын) ачык баян кыла албаган адамдан (Мусадан) жакшыраактырмын?!”. [43:52].

Текебердиктин негизги себептери:

1). Илим. Илимдүү адам бардык нерсени мен жакшы билемин деп, айтылган сындарга көңүл бурбайт. Натыйжада өзү билбеген абалда акыйкаттан жүз үйрүйт. Ошондуктан ким болушуна карабастан, адам ага айтылган сынга жакшы маани бериши керек, амру-маруф жана нахий-мункар кылган инсанга кулак салышы зарыл. Ошондо адам акыйкатты туура түшүнүп, текебердиктен сактанып, шайтандын тузагына түшпөйт.

2). Мансап. Жогору мансаптагы инсандар өз мансаптарына мас болуп, башкаларга кулак салбай коёт, теңсинбейт. Алар сен мага акыл үйрөтүп жатасыңбы деген ой менен текебердикке барышат, акыйкаттан жүз үйрүшөт. Натыйжада тозоку болушат, Аллах сактасын.

3). Мал-дүйнө да инсанды акыйкатты көрө албай турган сокур кылат. Ал ээ болгон мал-мүлкү менен башкаларды теңине албайт, айтылган насихат акыйкат болсо да кабыл алгысы келбейт.

4). Таасирлүү болуу. Андай адамга көпчүлүк кишилер кайрылгандыктан, башкалардын көзүнө даанышман болуп көрүнүп калгандыктан, ал акыйкатка кайтсам таасиримден айрыламын, сөзүм өтпөй калат деп, катасын моюнга алуудан уялат же сен мага акыл үйрөтпө деп теңсинбейт. Андай адам акыйкатты кабыл алууну кыйроо деп билет. Натыйжада ал акыйкаттан жүз үйрүп, Акыретин өткүнчү дүйнөгө сатат, текебердиги себептүү тозоку болот, Аллах сактасын.

Текебердиктен качуунун оңой жолу бар, ал үчүн адам оболу Аллах Таалага кулдук кылууну жакшылап чечип алуусу керек. Ошондо ал ким болушуна карабастан акыйкатты айткан инсанга кулак салат, шарият боюнча өзүн да, аны тергеп-тескегендерди да текшерет. Анткени, ага башкалардын ким болушунун же өзү кандай инсан экендигинин мааниси жок, анын Аллахка кулдук кыламын деген сөзү аны катасынан кайтарып, акыйкатты кабыл алууга жетектейт, текебердик балээсинен кутулат. Адам Аллахка кулдук кылууда олуттуу болуп, ар дайым дуа кылып Аллах Тааладан акыйкат жолго хидаяттоону суроосу керек. Аллах Таала айтат:

وَقَالَ رَبُّكُمُ ٱدۡعُونِیۤ أَسۡتَجِبۡ لَكُمۡۚ إِنَّ ٱلَّذِینَ یَسۡتَكۡبِرُونَ عَنۡ عِبَادَتِی سَیَدۡخُلُونَ جَهَنَّمَ دَاخِرِینَ

«Роббиңер: «Мага дуа кылып сурангыла. Мен силердин (суранган дуаңарды) кабыл аламын», деди. Албетте, Мага ибадат кылуудан текебердик кылган кимселер жакында моюндарын ийген абалдарында жаханнамга киришет». [40:60].

Ал эми, өзүнүн жасаган ишинин, сөзүнүн, айрыкча кабыл алган диний чечимдеринин акыйкат экендиги туурасында эч кандай далили жок талашып-тартышкандарды Аллах Таала жүрөгүндө текебердик оорусу бар деп сыпаттаган.

إِنَّ ٱلَّذِینَ یُجَـٰدِلُونَ فِیۤ ءَایَـٰتِ ٱللَّهِ بِغَیۡرِ سُلۡطَـٰنٍ أَتَىٰهُمۡ إِن فِی صُدُورِهِمۡ إِلَّا كِبۡرࣱ مَّا هُم بِبَـٰلِغِیهِۚ فَٱسۡتَعِذۡ بِٱللَّهِۖ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِیعُ ٱلۡبَصِیرُ

«Албетте Аллахтын аяттары тууралуу өздөрүнө келген эч бир далилсиз талашып-тартышкан кимселер, анык алардын көңүлдөрүндө шексиз бир текебердик бар. Алар ошого (өздөрү арзуу кылган улуулукка) жете алышпайт. Ал эми сен Аллахтан баанек сурагын. Албетте, Анын Өзү гана угуучу жана көрүп туруучу». [40:56].

Кимге бейиш керек болсо эч болбогондо адамдар көрүп, аңдап турган акыйкаттарды моюнга алгыла, маселен:

1). Россия, АКШ, Кытай сыяктуу чоң мамлекеттер бизге кулдардай, айбандардай мамиле кылышууда.

2). Бүткүл куфр дүйнөсүндө жана аларга малайлык кылып жаткан режимдерде адамгерчилик да, абийир да жок, ар кандай жырткыч иштерди жасоо алар үчүн “мыйзамдуу”, адамдардын өлүшү, кыйналышы алар үчүн таптакыр мааниси жок, алардын планы талап кылса алар бизди кыргын кылуудан да кайра тартышпайт, бизди алардан коргогон күч жок.

3). Демократия себептүү коомдо бизге жат болгон көрүнүштөр жайылууда. Маселен: бузукулук, баңгилик, бачабаздык, үй-бүлөлөрдүн бузулушу, кароосуз калган балдар, акча үчүн ар кандай ыплас иштерди кылуу, азык-түлүккө ишенимдин жоголушу, ар түркүн дабасы жок оорулар, айрыкча жаштардын оор ооруларга чалдыгышы…

4). Исламга каршы бүткүл куфр дүйнөсү баш болуп, аларга малай режимдер тарабынан болгон жапырт каршылык. Түпкүлүгүндө, Ислам коомду да, инсандарды да бардык жамандыктардан сактоону ичкериден адмадардын ыйманына таянып, тышкарыдан “ыйманий чөйрө”, Ислам өкүмдөрүн колдонгон мамлекет менен сактап калат, коомду бакубат кылат, инсандардын эки дүйнө бактылуу болушун кепилдейт.

Куфр дүйнөсүн түшүнсө болот, алар илгертен мусулмандарга көрө албастык кылып, акыйкатты моюнга алышпайт, мусулмандарга душман. Бирок мусулмандарга эмне болду, ушунчалык кор кылышып, каалаганда улуттук, расалык, мекенчилдик жаңжалдарды чыгарып, канчадан-канча бейкүнөө инсандардын өлгөнүнө карабастан, өзүлөрүнүн таасирин кармап туруу үчүн жасалма согуштарды чыгарышууда, кыргындарды жасашууда. Ушундай жырткычтыктардан кийин да, кордуктардан кийин да алардын максаттарын түшүнбөйбүзбү?! Ушунчалык коркок болуп, ар кандай кордукка өз позициябызды билдирбестен макул болуп кала беребизби?!

Ислам бизди бириктирет, күчтүү кылат, караңгылыктан нурга, залимдердин кулдугунан эки дүйнө бакытына жетектейт. Эми сизге суроо: эмнеге Исламга каршы болуп жатасыз же эмнеге Исламдын жашообузга кайтышына салымыңызды кошпой жатасыз? Бул дүйнө жана акырет азиздиги керек эмеспи? Бейиш керек эмеспи?! Имам-дамлалар, аксакалдар, таасирдүү инсандар жаштарга өрнөк болбойсуңарбы?!

Акыйкатты моюнга албоо, акыйкатка чакырып жаткандарды, даъватчыларды теңсинбестик текебердик болуп эсептелет. Жүрөгүндө кымындай текебердиги бар инсан бейишке кирбейт, бул Аллах Тааланын элчиси Расулуллахтын (саллалаху алайхи ва саллам) эскертүүсү!

Абдуллах ибн Мухаммад

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here