Түркия, жөөт түзүмү жана Сириядагы базалар тууралуу

34
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Суроо-жооп.

Түркия, жөөт түзүмү жана Сириядагы базалар тууралуу

Суроо: “Түрк пресс” 2025-жылдын 14-апрелинде жөөт вужудунун Сирия аймагындагы “Т4” аэропортунда түрк аба базасын курууга каршылык билдиргенин жарыялады. Анда келишинче, каршылык себептеринин бири аскерий себеп. Түркиянын Сирияда болушу “Израил” аба күчтөрүнүн Сириянын үстүндө жүрүү эркиндигин чектейт жана Тель-Авив учурда каалабаган коопсуздук координациясын таңуулайт. “The Wall Street Journal” 2025-жылдын 12-апрелинде өзүнүн веб-сайтында Трамп өткөн аптада Нетаньяху менен жолугушуусунда ортомчулук кылууга даяр экенин билдиргенин кабарлады. Ал эки тарап тең акыл-эстүү болсо, талаш-тартыштарды чече аларына ишенерин баса белгиледи. Бул жөөт мамлекети Түркия-Сирия келишимине карабастан Түркиянын Сирияда аскерий барлыгына тоскоол боло алат дегенди билдиреби? Американын бул маселеде Трамптын ортомчулукка даярдыгын түшүндүргөн ролу барбы?

Жооп: Жооп ачык болушу үчүн бир аз артка кайрылып, төмөнкү маселелерди карап чыгабыз:

Биринчиси: Нетаньяхунун Венгрияга сапары учурунда Трамп аны Америкага келүүгө чакырды. Бул өзгөчө чакыруу болду:

  1. Нетаньяху Венгрияга 2025-жылдын 2-апрелинен баштап төрт күнгө созулган иш сапары менен болду. Бул анын өткөн жылы Эл аралык кылмыш соту аны камакка алуу ордерин чыгаргандан берки Европа өлкөсүнө жасаган биринчи сапары.
  2. АКШнын президенти Трамп Будапешттеги жолугушуусунда Нетаньяху менен Орбанга (Венгрия премьер-министри) адаттан тыш телефон чалып, Нетаньяхуга Ак үйгө чакыруу жөнөттү. Трамп “Air Force One” бортундагы журналисттер менен болгон сүйлөшүүсүндө бейшемби күнү Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөшүп, алар эл аралык саясий маселелерди талкуулашканын. Ошондой эле, “Израил”дин премьер-министри жакында АКШга барышы мүмкүндүгүн билдирди. “Израил”дин расмий өкүлү Axios басылмасына Трамптын Нетаньяхуга Ак үйгө расмий чакыруу жибергенин тастыктады. Бирок жолугушуунун датасы азырынча белгилене элек. Ал эми америкалык расмий өкүл визит жакынкы бир нече жуманын ичинде болушу мүмкүн экенин билдирди. (Каир жаңылыктары, 04. 4.2025).
  3. Бул шашылыш чакыруу яхудий вужудун таң калтырды, өзгөчө Ак үй жөөттөрдүн майрамдарынан кийин чакыруудан баш тарткандан кийин: “Израил”дин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси АКШ президенти Дональд Трамп менен Нетаньяхунун жолугушуусу эки жумадан кийин жөөттөрдүн майрамынан кийин эмес, эртең, дүйшөмбү күнү болушун талап кылганына тынчсызданууда. Кечээ Нетаньяхунун кеңсеси тарабынан жасалган билдирүүдө АКШнын президенти Дональд Трамптын чакыруусу менен Вашингтонго бара турганы айтылды. Анда бажы, барымтага алынган аскерлерди кайтаруу аракеттери, “Израил”-Түркия алакалары, Иран коркунучу жана Эл аралык кылмыш сотуна каршы күрөш маселелери талкууланат. Нетаньяхунун кеңсесинде Ак үй жыйынды эртең өткөрүүнү талап кылганына тынчсыздануу күч алууда. Бүгүн, жекшемби күнү 12 каналы кабарлагандай, Трамп “Израил” күтпөгөн тема же темалар менен Нетаньяхуну таң калтырышы мүмкүн. (Араб 48, 06.4.2025).
  4. Нетаньяху Венгриядан чыгып, “Израил”ге кайтпай түз Вашингтонго багыт алышы дагы мунун бир белгиси!

Экинчиси: Бул токтоосуз чаранын баары иштин шашылыш экенин көрсөтүп турат. Жолугушуу үчүн  жарыяланган талкуу темаларды карап чыксак, кеминде бир нерсе бул шашылыш чакыруунун негизги себеби болгонун көрсөтөт. Бул Сириядагы кырдаал, ал төмөнкү себептерден улам болушу мүмкүн:

  1. АКШ президенти Трамптын Нетаньяху менен 2025-жылдын 7-апрелиндеги жолугушуудан кийин өткөрүлүшү пландалган пресс-конференцияны Ак үй жокко чыгарды. Кийин аз сандагы журналисттердин алдында жасаган билдирүүлөрүн карап чыксак, Трапмтын Сирия майданы жана Түркия менен болгон карым-катнаштары тууралуу билдирүүлөрү жана Түркиянын президенти Эрдоган менен болгон мамилеси абдан позитивдүү болгонун көрөбүз. Ал мындай деди: “Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга куттуктоомду жеткирдим. Башкалар эки миң жылдан бери жасай албаган нерсени жасадың. Сен Сирияны, анын тарыхый аттары кандай болсо да… өз агенттериң аркылуу алдың”. Трамп сөзүн мындай деп улантты: “Эрдоган жок, жок, жок. Сирияны алган мен эмесмин”, – деди. Мен ага: “Бул сен болчусуң, бирок, муну моюнга алышың шарт эмес”,- дедим. Ал: “Ооба, балким, мен алгандырмын” деди. Трамп: “Эрдоган абдан катаал жана акылдуу адам жана буга чейин эч ким жасай албаган нерсени ишке ашырды. Анын жеңишин кабыл алыш керек”,- деп кошумчалады. Трамп коногу Беньямин Нетаньяхуга кайрылып: “Түркия менен кандайдыр бир көйгөйүңүз болсо, өтүнүчүңүздө акылга сыярлык болсоңуз, мен аны чече алам деп ойлойм. Акылдуу болушуңуз керек… Баарыбыз эстүү болушубуз керек”,- деди. (Turk Press, 8-апрель, 2025-жыл). Трамп жөөт вужудун Түркиянын Сириядагы маселелеринде акылга сыярлык болууга чакырды.
  2. Яхудий вужудунун Американын бул талабына моюн сунуудан башка аргасы жок. Израил”дин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Тель-Авив Сириянын ага каршы чабуул жасоо үчүн база катары колдонулушуна уруксат бербестигин баса белгилеп, Түркия менен мамилеси достук мамиледе болгонун, бирок акыркы кездери начарлап кеткенин белгиледи. АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушкандан кийин ал: “Биз Сириядагы абалды да талкууладык. Түркия менен достук мамилебиз бар болчу, начарлап кетти”,- деди. Ал кошумчалап, “Биз башкалардын, анын ичинде Түркиянын Сирияны “Израил”ге кол салуу үчүн база катары колдонушун көргүбүз келбейт. Биз бул чыр-чатакты кантип болтурбоо керектиги жөнүндө сүйлөштүк, менимче, бул үчүн Америка Кошмо Штаттарынын президентинен башка жакшы борбор жок” (Аль-Кудс Аль-Араби 08.04.2025).
  3. Яхудий вужуду Сириянын аэропортторуна катуу абадан соккуларды урду, RTV телеканалы 2025-жылдын 4-февралында Сириянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнөн мындай деп кабарлады: ““Израил” күчтөрү 30 мүнөттүн ичинде өлкө боюнча беш башка аймакка абадан сокку урду. Натыйжада Хама аскердик аэропорту дээрлик толугу менен талкаланып, ондогон карапайым адамдар жана аскерлер жараат алды. Сириянын Тышкы иштер министрлиги “бул негизсиз эскалация Сирияны туруксуздаштыруу жана анын элинин азап-кайгысын узартуу үчүн атайын жасалган аракет” деп эсептейт. Сириянын борбордук бөлүгүндө жайгашкан бул аэропорттор Түркия Сириянын жаңы өкмөтү менен келишимдин алкагында базаларды түзүүнү пландап жаткан жерлер. “Израил”дин тышкы иштер министри Түркияны Сирияда “терс ролду” ойноп жатат деп айыптап, Сириядагы өткөөл мезгилдин башчысын эскертти. Ахмед Аль-Шаръа анын өлкөсүнө “ким душмандык күчтөрдүн” киришине уруксат берсе, “өтө оор бааны” төлөй турганын айтты. Анкара учурда Шаръа өкмөтү менен биргелешкен коргонуу келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Маалыматтарда Түркия Сириянын Т4 жана Алеппо аба базаларына учак жана абадан коргонуу системаларын жайгаштырууга даярданып жатканы белгиленди. Кээ бир талдоочулар “Израил”дин Хама аэропортуна ушул аптада урган катуу соккуларын жана Т4 базасынын чет жакаларын бутага алган анча күчтүү эмес рейддерин буга байланыштырышты. Бул Түркия өзүнүн жабдыктарынын бир бөлүгүн ал жакка көчүргөн болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат. (BBC, 05.4.2025). Хама аэропортуна жөөт вужудунун соккусунун натыйжасында 3 түрк инженеринин өлгөнү тууралуу кабар тарады. Сириянын аскерий булактары өткөн шаршемби күнү “Израил”дин Хама аскердик аэропортун бомбалоосунан үч түрк инженери каза болгонун ачыкка чыгарды. Инженерлердин Хама аэропортуна Түркия тарабынан алып келинген абадан коргонуу системалары менен катар техникалык жабдууларды орнотуу үстүндө иштеп жатканын белгиледи. (Erem News, 4.04.2025).
  4. Түркия жөөт вужудунун акыркы кездеги соккуларынан улам, өзгөчө Сириянын аэропортторуна карата соккусуна катуу кыжырданганы көрүнүп турат. Ал шашылыш түрдө Сирияда жөөт вужудун чектеп коюу үчүн Америка менен байланышты. Өзгөчө Түркия Сирияда Америка менен макулдашылган миссияны аткарып жатат. Ошондуктан, Трамп жөөт вужудунун премьер-министрин Вашингтонго шашылыш түрдө чакырып, Түркия менен болгон маселелерди акыл эстүү чечүүнү талап кылды.

Үчүнчүсү: Бул жолугушууда маселенин эң актуалдуу болгондугун көрсөтүп турган башка да көптөгөн билдирүүлөр бар:

  1. Түркиянын Тышкы иштер министри мындай деди: “Кошмо Штаттар “Израил”дин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну кайра калыбына келтирип, ал үчүн структура иштеп чыгышы керек”. ( Anadolu агенттиги, 9-апрель, 2025-жыл.)
  2. Жөөт вужуду менен Түркиянын ортосунда дароо түз сүйлөшүүлөр жарыяланды. 2025-жылдын 9-апрелинде RT каналы Түркиянын Тышкы иштер министринин сөзүн келтирди: “Хакан Фидан өз билдирүүлөрүндө Сириядагы “түшүнбөстүктөрдүн” алдын алуу үчүн “Израил” менен түз байланыш түзүп жатканын айтты. Фидан “Израил” Сириядагы жаңы башкаруу үчүн “эч нерсе калтырбоо” стратегиясын иштеп чыкканын белгиледи. Түркиянын Тышкы иштер министри “Израил”дин Сириянын аймагын оккупациялоосун жана анын инфраструктурасын бомбалоону токтотуу зарылдыгын белгиледи. Ал Түркияга коңшу мамлекеттеги туруксуздуктун ага таасир этээрин жана зыянын тийгизээрине көңүл буруп, Анкара “бул тууралуу унчукпай тура албасын” эскертти. Региондогу эч бир өлкө менен, анын ичинде “Израил” менен да эч кандай кагылышууга же тирешүүгө барууга ниетибиз жок. Биз Сириянын жаңы администрациясы менен коопсуздук тармагында жана терроризм менен күрөшүүдө кызматташып жатабыз”.
  3. Reuters агенттиги өткөн аптада “Израил” аба соккулары менен объекттерди бутага алганга чейин Түркиянын аскерий топтору пландалган биргелешкен коргонуу келишиминин алкагында түрк күчтөрүн жайгаштыруу үчүн Сириядагы кеминде үч аба базасын текшергенин кабарлады. Фидан шаршемби күнү CNN Turk телеканалына берген маегинде: «Сирияда белгилүү операцияларды аткарып жатканыбызда, учактары ошол аймакта учуп жаткан “Израил” менен кагылышууну болтурбоо үчүн механизм болушу керек. Америка Кошмо Штаттары менен Орусиянын механизмдерине окшош. (Аль Арабия, 10. 04. 2025).
  4. Сириялык булак “Көз карандысыз Арабияга” берген билдирүүсүндө: “Чындыгында келишим тууралуу сөз болуп жатат. Бул келишим жаңжалсыз келишим, жаңжалдашуу келишими эмес. Анткени, Сирияда Түркия менен “Израил”дин ортосунда кагылышуу жок. Башкача айтканда, келишим Сириянын аба мейкиндигинде израилдик учак бар болсо, анын бет алган багыты кабарланууга тийиш. (Көз карандысыз Арабия, 09.4.2025). Сирияда алардын ортосунда кагылышууларды болтурбоо үчүн Орусия менен Түркиянын мурунку келишимине окшош нерсе керек!
  5. Булардын баары түрк расмий өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнөн көрүнүп турат, 2025-жылдын 13-апрелинде “Аш-шаркул-Авсат” кабарлагандай, Түркия чыңалууну басаңдатуу механизмине жетишүү жана Сирия аймагында инциденттерди же кагылышууларды болтурбоо үчүн “Израил” менен техникалык сүйлөшүүлөрүн улантарын ырастады. Түркиянын Тышкы иштер министри анын өлкөсү Сирияда стабилдүүлүккө жетишүүгө, ар кандай провокацияларга жол бербөөгө умтулуп жатканын жана Сириянын ичиндеги кайсы бир өлкө менен эч кандай чыр-чатакка барбоого аракет кылып жатканын айтты. Өткөн шаршемби күнү Азербайжандын борбору Бакуда эки делегация (түрк жана Израил) Сирияда акыркы эки жумада курчуп кеткен чыңалуудан кийин инциденттерди же кагылышууларды болтурбоо жолдорун талкуулоо үчүн жыйын өткөрдү. (Аш-шаркул-Авсат 13. 04. 2025).
  6. “Al Jazeera” өзүнүн веб-сайтында 2025-жылдын 14-апрелинде италиялык “Inside Over” сайты тарабынан жарыяланган жазуучу Андреа Мураторенин отчетун билдирди. Түркия мурунку бийлик менен көп жылдык тирешүүдөн кийин.. АКШнын жаңы администрациясы үчүн Жакынкы Чыгыштагы жана дүйнөдөгү көптөгөн ысык маселелерди чечүү үчүн көпүрө катары чечүүчү ролду ойнойт. Жазуучу өз баяндамасында, АКШ президенти Дональд Трамп Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын инсандыгына жана саясий кыраакылыгына суктанаарын бир нече жолу ырастаганын айтты. Трамп экинчи мөөнөтүнүн башталышынан бери, ал бир катар маселелерди чечүү үчүн анын жардамын сурагысы келгендигин көрсөтүп, ачык сүйлөшүү сигналдарын жөнөттү… (Al Jazeera 14. 4. 2025).

Булардын баары Американын душман яхудий вужудуна жана түрк режимине союздаш катары мамиле кылып, алардын ортосундагы абалды өз кызыкчылыгына кызмат кыла тургандай башкарып жатканын көрсөтүүдө!

Төртүнчүсү: Америка Кошмо Штаттары мусулман өлкөлөрүн каалагандай башкара баштаганы өкүнүчтүү. Мубарек жерди, Исра жана Мираж жерин, Палестинаны басып алган яхудий вужудуна аймакта артыкчылык берилүүдө. Мусулман өлкөлөрүнүн башкаруучулары толугу менен Америкага көз каранды. Жада калса Халифалыктын акыркы мезгилинде Усманий мамлекет алсырап калган учурунда да жөөттөр миллиондогон алтын акчаны төлөп, куттуу жерде бир орунга ээ болгусу келгенде, Халифа ага катуу жооп кайтарып мындай деген: “Палестина менин мүлкүм эмес,  ал Ислам үммөттүнө таандык. Элим бул жер үчүн күрөшүп, каны менен сугарган. Демек, яхудийлер миллиондорун сактап калсын, эгер Халифалык бир күнү ыдырап кетсе, анда алар Палестинаны бекер эле алышат”. Иш чындыгында ушундай болду!

Усманий Халифалык кулагандыктан, Сирия режими макул болгондугуна карабай яхудий вужуду Түикиянын Сирияда аскерий базасы болушуна тоскоол болууда..! Халифалык кулагандан кийинки мусулмандардын абалы ушундай…  Бул өтө оор иш!

Мусулмандардын күчү жана даңкы алардын Халифалыгында. Калкка калп айтпаган Хизб-ут-Тахрир, мусулман өлкөлөрүндөгү күч-кубат ээлерин Халифалыкты тикелөө менен жер жүзүндөгү исламий жашоону кайра баштоодо ага колдоо көрсөтүүгө чакырат. Ошондо гана мусулмандардын даңкы кайтып келет.

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾.

“Ошол күнү момундар Аллахтын нусраты менен кубанышат. Ал кимди кааласа жеңишке жеткирет жана Ал Улуу, Мээримдүү”.

1446 хижрий, 18-Шаввал, 2025-ж, 16-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here