Газа мусулмандарын коргоого чакырган кеңири элдик нааразылык акциялары биздин армия үчүн кызыл сызык болуп саналат

38
0

Басма сөз баянаты

Газа мусулмандарын коргоого чакырган кеңири элдик нааразылык акциялары биздин армия үчүн кызыл сызык болуп саналат

          Аллах Таала айтат:

﴿وَإِنِ اسْتَنْصَرُوكُمْ فِي الدِّينِ فَعَلَيْكُمُ النَّصْرُ﴾

«Эгер алар дин жолунда силерден жардам сурашса жардам кылуу силердин мойнуңарда». (Анфал сүрөсү, 72-аят).

Доорубуздун фирауну Трамптын буйругу менен Газа мусулмандарына каршы болуп көрбөгөндөй ырайымсыз чабуул дүйнөнүн жүрөгүн солкулдатты. Ал эми, Газа шейиттери да жанын берип жатып “жеңиш белгиcин” көтөрүп, ислам өлкөлөрүнө: «Биз Бейишке баратабыз. Же силер кыймылга келгиле, же силерге биздин каргыш тийсин», деп айткан сөздөрү үммөттү түп ордунан козгоду.

Газадан болгон жардам чакырыктарына жооп кылып, Бангладештеги мусулмандар дүйнө жүзүндөгү ислам үммөтү менен бирге көчөлөргө чыгып, «Лива» жана «Роя» желектерин көтөрүшүп, «Аллаху Акбар!», «Палестинаны бошоткула!», «Аскерлер, кыймылга келгиле!» деген ураандарды кыйкырышты. Алар ошондой эле АКШ элчилигинин алдына чогулуп, яхудий түзүмүн колдогон Америка саясатына каршы экенин билдиришти.

Мусулмандар ислам өлкөлөрүндөгү башкаруучу катмарлар капыр колонизатор державалардын, башында Америка турган күчтөрдүн куралы экенин жакшы түшүнүштү. Бул саткын режимдер кыймылга келбестен, армияларды казармаларда кармап, кожоюндарына болгон берилгендигин далилдеп жатышат.

Үммөт болсо бул саткын башкаруучуларды артта калтырып, түз эле армиядагы уулдарына кайрылып, Палестинаны азат кылуу үчүн аскерий операцияларды баштоого жашыл жарык жана элдик колдоо берди.

Эй мусулман армияларындагы ыкластуу офицерлер!

Газадан келген жардам чакырыктары жана бул элдик көтөрүлүштөр силер үчүн кызыл сызык болуп саналат. Аллах Таала мындай дейт:

﴿إِلَّا تَنفِرُوا يُعَذِّبْكُمْ عَذَاباً أَلِيماً وَيَسْتَبْدِلْ قَوْماً غَيْرَكُمْ وَلَا تَضُرُّوهُ شَيْئاً وَاللَّهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ﴾

«Эгер (согушка) чькпасаңар, (Алла) силерди жан чыдагыс азап менен азаптайт жана ордуңарга башка бир коомду келтирет. Силер болсо Ал Затка бир да зыян жеткизе албайсьңар. Алла бардык нерсеге кудуретгүү». (Тообо сүрөсү, 39-аят).

Эгерде силер унчукпай, ушул саткын башкаруучуларга баш ийсеңер, анда анын жыйынтыгы оор азап жана ордуңарга башкалардын келиши болот. Өзүңөрдү куткарып калгыла! Ишиңерди оңдоого шашылгыла!

Салахуддин Айюбиге окшоп, ишке киришкиле! Ал саткын жана коркок башкаруучулардын уруксатын күтпөстөн, аларды бийликтен кулатып, ислам армияларын бириктирип, берекелүү Палестина жерин бошотууга киришкен! Бүгүн силердин жолуңардагы жалгыз тоскоолдук режимдердин башындагы саткын башкаруучулар. Алар шылтоо жана алдоо менен убакытты өткөрө беришет, ошол эле учурда Газадагы мусулмандар кырылып жатышат.

Силердин шаръий жоопкерчилигиңер үммөттүн колунан тартып алынган бийликтин ордуна Халифалыкты орнотуу. Халифалыктын бир эле армиясынын күркүрөгөн үнү бул жапайы баскынчылыкты токтотууга жетет!

Ошондой эле, бүгүн силерди Халифалыкты орнотуу үчүн “Хизб ут-Тахрирге” нусрат берүүгө чакырабыз. Бул ишти кечиктирбей бүтүргүлө! Анткени халифа, мусулмандардын шаръий башчысы катары, яхудий түзүмүнө жана анын кожоюну болгон каапыр Американы жазасыз калтырбай турганын алар жакшы билишет!

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا مَا لَكُمْ إِذَا قِيلَ لَكُمُ انْفِرُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ اثَّاقَلْتُمْ إِلَى الْأَرْضِ أَرَضِيتُمْ بِالْحَيَاةِ الدُّنْيَا مِنَ الْآخِرَةِ فَمَا مَتَاعُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا فِي الْآخِرَةِ إِلَّا قَلِيلٌ﴾

“Эй момундар, силерге эмне болду, Алла жолуна (согушка) чыккыла, делинсе өз жериңерге (тактап айтканда, журтуңарга) жабышып алдынар?! Акырет (нематтары)нан жүз үйрүп, дүйнө турмушунун (жыргалдарына) ыраазы болосуңарбы?! Акырет алдында бул дунүйө нерселери абдан аз нерсе го?!” (Тообо сүрөсү, 38-аят)

Хизб-ут-Тахрирдин Бангладеш вилаятындагы маалымат бөлүмү

08.04.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here