Газадагы акыйкат бир күндүк нааразылыктан чоңураак

44
0

Бисмиллахир рахманир рахим

Газадагы акыйкат бир күндүк нааразылыктан чоңураак

Бардык жердеги мусулмандарга:

Силердин көчөлөргө чыгышыңар, жүрүштөрүңөрдү өткөрүшүңөр, иш таштоо жана жарандык баш ийбестикке чакырыгыңар Газаны унутпаганыңардын, анын азабына көнбөгөнүңөрдүн, душман барган сайын жырткычтык кылып жатканда кадимкидей жашоого макул эместигиңердин далили. Бул ошондой эле, өмүр менен өлүмдүн ортосунда турган Газаны таштап, саткынчылык менен кылмышка шерик болгон башкаруучулардын позициясына макул эместигиңерди билдирет.

Көчөлөрдө нааразы болуп жаткан мусулмандар:

Газага болгон акыңар бир гана бир күндүк демонстрация менен же иш таштоо менен чектелбеши керек. Газа үстүндөгү милдетиңер жөн гана агрессияны айыптап, токтотууну талап кылуудан да чоң. Бул курчоону алып салуудан жана тамак-аш, дары-дармек же өлүк орогон кепин жеткирүүдөн да жогору турат.

Газа эли астындагы чыныгы милдетиңер алардын душманын алардан алыстатуу, аларга кол салган кандуу колдорду токтотуу жана мусулман өлкөлөрүнөн өтүп жаткан өлтүрүүчү жолдорду үзүү. Аллах ыраазы болуучу талап, жоокерлериңер ыймандуу мужахиддер катары азаттыка карай жылып, Ал-Акса мечитине багыт алгыдай көтөрүлүшү. Силердин милдетиңер армиялардын казармалары бошоп, аскерлер Куддуска карай бет алгандан кийин гана тынчтануусу мүмкүн. Алар Аллахты эстеп, куралдары жана учактары менен душмандын жайларын талкалаганга чейин бул аракет токтобошу керек.

Силердин милдетиңер бир туугандарыңарды өлтүрүүгө көмөк көрсөткөн, яхудийлердин Шам жана Йемендеги баскынчылыгына аба мейкиндигин ачып берген саткын режимдерди кулатмайынча, артка кайтпоо. Бул кыянатчы башкаруучулар Аллах жолунда жихад кылууга армияларды тыйып, аларды бир туугандарына жардам берүүдөн жана биринчи кыбыласын бошотуудан тосуп турушту. Алар мурда да силерди ачарчылык жана коркунуч менен басынтып, душманыңарга жерлериңерди ачып беришкен. Алар силер менен диниңерде да, дүйнөлүк турмушуңарда да күрөшүп келишти.

Газага болгон акыйкат милдет Палестина маселесинде “азаттык” дегенден башка бардык “чечимдерди” четке кагуу, саткын башкаруучулардын бардык сунуштарын жана демилгелерин айыптоо, Аллах жолунда жихадды жана чыныгы жардамды чакыруу. Булар яхудийлердин түзүмүн түп-тамыры менен жулуп салууга багытталган аракеттер болушу керек.

Үммөттүн жоокерлери! Ал Аксо мечитине “Аллаху Акбар!” деп кириш үчүн, Газа силерди чакырууда. Газадагы кан үчүн өч алуу ушул жол менен гана мүмкүн. Эгер силер бул милдетти аткарсаңар, анда силер Аллахтын жоокерлери болосуңар, Аллах өз жардамы менен дал ошол жоокерлердин колу менен жеңиш берет. Аллах Таала мындай дейт:

 ﴿فَلْيُقَاتِلْ فِي سَبِيلِ اللهِ الَّذِينَ يَشْرُونَ الْحَيَاةَ الدُّنْيَا بِالْآخِرَةِ وَمَنْ يُقَاتِلْ فِي سَبِيلِ اللهِ فَيُقْتَلْ أَوْ يَغْلِبْ فَسَوْفَ نُؤْتِيهِ أَجْراً عَظِيماً (74) وَمَا لَكُمْ لَا تُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللهِ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الرِّجَالِ وَالنِّسَاءِ وَالْوِلْدَانِ الَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا أَخْرِجْنَا مِنْ هَذِهِ الْقَرْيَةِ الظَّالِمِ أَهْلُهَا وَاجْعَلْ لَنَا مِنْ لَدُنْكَ وَلِيّاً وَاجْعَلْ لَنَا مِنْ لَدُنْكَ نَصِيراً (75) الَّذِينَ آمَنُوا يُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللهِ وَالَّذِينَ كَفَرُوا يُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ الطَّاغُوتِ فَقَاتِلُوا أَوْلِيَاءَ الشَّيْطَانِ إِنَّ كَيْدَ الشَّيْطَانِ كَانَ ضَعِيفاً﴾.

“Алла жолунда бул дүйнөнүн ордуна Акыретти сатып ала турган заттар согуш кылышсын. Ким Алла жолунда согушуп курман болсо, же жеңип чыкса, ага чоң сыйлык беребиз. (Эй момундар), силерге эмне болду, Алла жолунда жана: «Раббибиз, бизди тургундары заалым болгон бул шаардан азат кыл жана бизге Өз алдыңдан бир дос бергин, бизге Өз алдыңдан бир жардамчы жибергин»,- деп жаткан эркектер, аялдар ошондой эле балдардан турган бечаралар (ды азат кылуу) жолунда согуш кылбай жатасыңар?!” (Ниса сүрөсү, 74-75-аяттар)

Берекелүү Палестина жери

Хизб-ут-Тахрир

9-Шавваль, 1446-х,

07.04.2025-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here