Стамбул мэринин кармалышы жана анын жергиликтүү жана эл аралык күрөш менен байланышы

47
0

Стамбул мэринин кармалышы жана анын жергиликтүү жана эл аралык күрөш менен байланышы

2025-жылдын 19-март күнү түрк полициясы Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглунун үйүнө басып кирип, ага каршы козголгон коррупция, паракорчулук, алдамчылык, кылмыштуу уюмду башкаруу жана террористтик уюм менен кызматташуу боюнча айыптап, иликтөө иштерин жүргүздү. Стамбул университети анын жогорку билим тууралуу дипломун жокко чыгарды. Ал эми бул диплом президенттикке талапкер болуу үчүн негизги шарттардын бири болуп саналат. Аны менен катар 100дөй шектүү адам, анын ичинде саясатчылар, журналисттер жана ишкерлер кеңири масштабдагы тергөө иштеринин алкагында кармалды.

Бул окуя Имамоглу 2028-жылы Түркияда өтө турган президенттик шайлоого катышуу ниетин расмий жарыялаганга бир нече күн калганда болуп өттү. Имамоглу өткөн жылы Стамбул мэрлигине шайлоодо Эрдогандын Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын талапкерин эки жолу жеңип, чоң айырма менен утуп чыккан. Анын бийликке келиши Эрдогандын саясий карьерасын элестетет. Ал да эки жолу Стамбул мэри болуп, андан соң өкмөт башына жана кийинчерээк мамлекет башчылык кызматка жеткен.

Имамоглу мүчө болгон Республикалык элдик партия (CHP) анын кармалышын төңкөрүшкө тете окуя деп атап, бийлик оппозицияны коркутуу максатында камакка алуу ыкмасын колдонуп жатканын билдирди. Муну менен катар миңдеген тарапташтары көчөгө чыгып, бул операцияларга каршы нааразылык акцияларын өткөрүштү.

Бул окуянын артында Имамоглунун президенттикке талапкер болушуна тоскоолдук жаратуу аракети турат деген ой күчөп жатат. Ал эми Эрдоган үчүнчү мөөнөткө талапкер болууга мыйзамдык жол издеп жаткандай. Анткени, учурдагы Конституция ага мындай мүмкүнчүлүк бербейт. Бул Эрдоган үчүн негизги саясий максатка айланып, анын айрым тарапташтары да бул идеяны жайылтууда. Анын башкы юридикалык кеңешчиси Мехмет Учум 2024-жылдын 28-ноябрында билдиргендей, Эрдоган 2028-жылдын 7-майында парламенттин өзгөчө чечими менен үчүнчү жолу президенттикке талапкерлигин коё алат. Белгилей кетсек, Эрдоган экинчи мөөнөткө шайланганда, бул анын акыркы шайлоосу болорун айткан. Бирок алардын мыйзамдары адамдардын каалоосуна жараша өзгөрүлүп, ар кандай шарттарга ылайыкташтырылгандыктан, алар үчүн мындай өзгөрүүлөр көнүмүш адатка айланган.

Эрдоган жана анын партиясы Түркияда популярдуулугун жоготуп, анын негизги себеби капиталисттик- секуляристтик системага негизделген ийгиликсиз экономикалык саясаты болду. Улуттук валютанын куну тынымсыз түшүп, баалар өтө жогорулап, инфляция кескин өсүүдө. Борбордук банк үстөк пайызды 50%га чейин көтөрүп, коммерциялык банктар андан да жогору пайыз менен кредит берип, өлкө мусулмандарын арам баткагына батырды.

Ошондой эле, ал Газа элине жардам бербей, алардын бир жарым жылдан бери кыргынга учурашын үнсүз көрүп отурду. Ал Палестинанын маселесин коргой тургандай көрүнгөнү менен, бул жөн гана элди алдоо үчүн таттуу сөздөр болгон. Чындыгында болсо, ал яхудийлердин мамлекети менен байланышын үзбөстөн, соода алакасын улантып, Палестина элине каршы жардам берген.

Эрдоган АКШнын саясий көрсөтмөсү менен жүрүп, анын саясатын аткарып келет. АКШ ага яхудийлердин мамлекети үчүн коркунуч жаратууга жол бербейт жана ага кээ бир формалдуу сындарына гана уруксат берилет. Ал Ливия, Сирия жана Азербайжан маселесинде да АКШнын саясатын ишке ашырды, анткени бул анын бийликте калуусуна жардам берет. Чындыгында, эгер АКШ карыз берген өлкөлөргө Түркиядан тышкы карызын талап кылууга уруксат берсе, аны кулатуу оңой болмок. Анткени, Түркия бул карыздарды бир жыл ичинде төлөй албайт жана алар улам өсүп отуруп, 2025-жылдын биринчи айындагы маалымат боюнча, 515,5 миллиард долларга жеткен. Ал эми 2024-жылдын 30-сентябрында Түркиянын жалпы тышкы карызы 525,8 миллиард долларга жеткени жарыяланган.

Мунун айынан Эрдогандын популярдуулугу төмөндөп, анын партиясы 2024-жылдын 31-мартында өткөн жергиликтүү шайлоолордо жеңилип, айрыкча Стамбул сыяктуу ири шаарларды уттурду. Ал эми Стамбул боюнча «ким бул шаарда шайлоодо жеңсе, ал өлкөнү башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот» деп өзү айткан.

Анын бийликте калышына анын тарапташтарынын шылтоолору жана жалган дин аалымдарынын ага күнөөлөрдү адалдап берген фатвалары жардам берүүдө. Алар анын арам иштерин, куфр мыйзамдарды колдонуп жатышын актап, элди «Эрдоган акырындык менен Исламды орнотууга аракет кылууда» деп алдап келишет. Бирок ал 23 жылдан бери бийликте болсо да, Исламды эмес, тескерисинче, секуляризмди жана демократияны жайылтууда.

Экрем Имамоглу да Эрдоган сыяктуу динди саясий курал катары колдонуп, өзүнүн жана Республикалык элдик партиянын (CHP) тарапкерлерин көбөйтүүгө аракет кылууда. Бул партия тарыхый жактан динге каршы туруму менен белгилүү жана аны халифалыкты кулатып, шариатты жок кылган, бардык арам нерселерди адалдап, дин менен анын элине каршы күрөшкөн Мустафа Кемал түзгөн. Бул партиянын тамыры Британияга барып такалат, анткени Мустафа Кемалды өлкө башына Британия алып келип, аны жасалма баатырга айландырган.

Ошентип, бул партия Британияга болгон баш ийүүсүн улантууда. Ал эми элдин талабына карабай, өз каалаган мыйзамдарын орноткон диктаторлор бардык мусулман өлкөлөрүндө кездешет. Алар элге куткаруучу катары көрүнүп, элдин күрөшүн өзүнө ыйгарып, чет элдик күчтөр менен байланышты күчөтүп, жалган баатырдыкты жайылтышат.

Ушул окуянын артында Батыштагы, айрыкча АКШ менен Европанын (анын ичинде Британиянын) ортосундагы күрөштүн издери байкалат. Европалык маалымат каражаттары Эрдоганга каршы, ал эми Имамоглуга колдоо көрсөткөн позицияны ээлеп, бул тирешүүнү дагы даана көрсөттү. Бул эл аралык күрөш Түркияда жергиликтүү деңгээлде саясий партиялар аркылуу да көрүнүп турат. Алардын лидерлери батыштык колдоочуларынын кызыкчылыгы үчүн бийлик жана жеке кызыкчылыктар үчүн күрөшүүдө.

Мындан тышкары, Түркиянын аймагында АКШнын ири аскердик күчтөрү жайгашкан. Ал НАТОнун мүчөсү болуп, бул уюм АКШ тарабынан жетектелет. Ошол эле учурда Британия жана Европа өлкөлөрү да НАТОнун мүчөсү, бирок алардын ортосунда карама-каршылыктар бар. Британиянын Түркиядагы мурдагы союздары, мисалы, Мустафа Кемал тарабынан колдоого алынган Саад Абад пактысы ураган. Анын ордуна Багдад пактысы түзүлүп, Түркия ага мүчө болгон. Бирок бул да кыйрагандан кийин, анын ордуна борбору Анкарада жайгашкан СЕНТО (Cento) пактысы түзүлгөн, бирок ал да кийинчерээк жоюлган. Бул альянстардын кыйрашына АКШнын Британияга каршы жүргүзгөн саясаты себеп болгон. АКШ Британиянын Түркиядагы таасирин жок кылып, анын ордуна өзүнүн үстөмдүгүн орнотууну максат кылган. Бирок ошого карабастан, АКШ Түркиядагы таасирин жоготуп коюудан кооптонууда. Анткени Британиянын бул өлкөдө Республикалык элдик партия (CHP) жана башка майда партиялар аркылуу дагы эле олуттуу таасири бар. Ошондуктан, Британия оппозициялык күчтөрдү бириктирип, алдыдагы шайлоодо Эрдоганга каршы күчтүү альянсты түзүүгө аракет кылышы мүмкүн. Бул 2024-жылдагы жергиликтүү шайлоолордо байкалгандай, оппозициялык партиялар, анын ичинде күрт партиялары да Эрдоганга каршы биригиши мүмкүн.

Мунун алдын алуу үчүн Эрдоган жана анын союздаштары, Улуттук кыймыл партиясынын (MHP) лидери Девлет Бахчели аркылуу күрт лидери Абдуллах Өжаланды абактан чыгаруу демилгесин көтөрүштү. Алар анын жетекчилигиндеги Күрт жумушчу партиясын (PKK) жоюп, анын мүчөлөрүн курал таштап, Түркиянын саясий жараянына кирүүгө үндөөнү көздөшүүдө. Эрдоган муну менен өзүнүн саясий упайын көтөрүүгө аракет кылууда.

Бирок мусулмандар Түркияда жана башка өлкөлөрдө Батыштын таасиринен толугу менен кутулмайынча, чыныгы боштондукка жетише алышпайт. Бул үчүн алар Батыштын идеяларын, системасын жана саткын лидерлерин таштап, анын мыйзамдарын жана Конституциясын четке кагышы керек. Алар Аллахтын жибине бекем жармашып, Ислам акыйдасын العروة الوثقى бекем кармануусу зарыл. Бул болсо тогутту (капыр системаларды) четке кагуу, Аллахка бекем ишенүү жана Ислам негизинде өз партияларын жана мамлекетин куруу менен ишке ашат.

Роя гезити

Асад Мансур

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here