Басма сөз баянаты
“Вала жана бара” Исламдын так өкүмү жана өзгөрүлгүс диний принцибин улуттук кызыкчылыктар үчүн курмандыкка чалууга болбойт
Дональд Трамптын туткундар боюнча өкүлү, сионист Адам Бойлер жана АКШнын мурдагы Афганистандагы тынчтык боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад Кабулдагы бийлик тарабынан Тышкы иштер министри болуп дайындалган Амир Хан Муттаки менен жолугушту. Бул жолугушуудан кийин, режим «жакшы ниет» көрсөтүү максатында бир америкалык туткунду бошотту. Амир Хан Муттаки АКШ менен «саясий жана экономикалык оң мамилелерди» түзүүгө чакырды. Бойлер бул кадамды «ишенимди бекемдөөгө карай кадам» деп баалады, ал эми Халилзад болсо «Жорж Глизмандын бошотулушу Талибандын жакшы ниетинин далили» деп билдирди.
Хизб-ут-Тахрирдин Афганистан вилаятындагы маалымат бөлүмү афган режими тарабынан АКШ менен алака түзүү аракеттерин – учурда Ислам үммөтү менен түз согушуп жаткан өлкө менен кызматташуу катары – катуу айыптайт жана бул аракеттер Исламдын “вала жана бара” принцибине каршы келээрин эскертет. Ошого байланыштуу, мусулмандарга төмөнкү маанилүү маселелерди эске салабыз:
- АКШ ондогон жылдардан бери Ислам үммөтүнө түз согуш ачып келет. Ал кандуу колонизатордук согуштардан тышкары, яхудий вужудуна Газага жасаган зулумдук жана геноцид үчүн ар тараптуу – аскерий, экономикалык, саясий колдоо көрсөтүп жатат. АКШ яхудий вужудун колдоп, аны Ливан жана Сирияга каршы такай чабуул уюштурууга шыкактоодо. Мындан тышкары, АКШнын өзү Йеменге күчтүү аба соккуларын уруп, көптөгөн мусулмандардын шахид болушуна себеп болууда. Демек, мусулмандардын жеке адам же мамлекет болсун Исламга ачык душман болгон өлкө менен байланыш түзүүсү эч качан адал эмес.
- Өзүн «Ислам мамлекети» деп атаган афган режими, бул даражага Афганистандын жана дүйнөнүн ар тарабынан келген мужахиддердин курмандыктары менен жетишкенин унутуп, азыр чет мамлекеттер менен болгон алакаларында Исламдын негизги принциптеринен алыстап кетүүдө. “Вала жана бара” принциби – так жана милдеттүү Ислам өкүмдөрүнүн бири. Ислам шариаты мусулмандардын согушу жана тынчтыгы бир экендигин так белгилеп койгон. Бирок, Афганистандагы бийлик “вала жана бара” принцибин улуттук кызыкчылыктар үчүн курмандыкка чалып, шариаттын так өкүмдөрүнөн баш тартууда.
- Эң өкүнүчтүүсү АКШнын бир жаранын «жакшы ниет» шылтоосу менен бошотуп жатып, ошол эле учурда Халифалыкты тикелөөгө чакырып жаткан ондогон ыкластуу мусулмандар түрмөдө оор шарттарда кармалып, узак мөөнөттөргө кесилген. Бул кош стандарттуу саясат Ислам өкүмдөрүнө каршы келүү менен гана чектелбестен, Аллахтын буйруктарына жана Расулуллахтын ﷺ бекем сүннөтүнө да каршы келет. Себеби, Ислам кафирлерге карата катуулукту, мусулмандарга карата болсо мээримдүүлүктү буюрат. Өткөн кылымда улуттук кызыкчылыктарга негизделген тышкы саясат Ислам үммөтүнө оор зыян алып келип, аны саясий башаламандыктын жана алсыздыктын сазына батырып салганын тарых далилдеди. Ошондуктан, Исламды өкүлдүк кылууга умтулган ар кандай бийлик өзүнүн тышкы саясатын даъват жана жихад негизинде жүргүзүүсү керек. Бул максатка жетүүнүн жалгыз жолу – улуттук идеялардан жана прагматикалык саясаттан баш тартуу жана Ислам үммөтүнүн өмүр-өлүм маселеси болгон пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылуу.
. ﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِن دُونِ الْمُؤْمِنِينَ أَتُرِيدُونَ أَن تَجْعَلُوا لِلَّهِ عَلَيْكُمْ سُلْطَاناً مُّبِينا﴾
“Эй момундар, момундарды коюп, каапырларды дос тутпагыла! Алла үчүн өзүңөргө каршы ачык далил берүүнү каалайсыңарбы?”. (Ниса, 144).
Хизб-ут-Тахрирдин Афганстан вилаятындагы маалымат бөлүмү