Куттуктоо
Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, Аллаху Акбар! Лаа илааха иллаллах, Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, ва лиллахил-хамд!
Бисмиллахир-Рахмаанир-Рахиим.
Бүткүл ааламдардын Роббиси Аллах Таалага мактоолор болсун. Мухаммад ﷺга, ал кишинин үй-бүлөсүнө жана сахабаларына саламдар болсун.
Бухарий өзүнүн сахихинде Мухаммад ибн Зияд аркылуу ушул хадисти келтирди. Мухаммад ибн Зияд айтат: Мен Абу Хурайра розияллоху анхунун мындай дегенин укканмын: Набий ﷺ же Абу Касим ﷺ айтты:
«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»
«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер, асман булуттуу болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла».
Бүгүн, 2025-жылдын 30-марты, ишембиден жекшембиге өткөн түнү шаввал хилалы (жаңырган айы) күзөтүлгөндөн кийин хилалдын шаръий түрдө көрүлгөнү айрым исламий өлкөлөрдө өз тастыгын тапты. Ушуга ылайык, эртең, жекшемби күнү – Рамазан Айтынын биринчи күнү.
Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Хизб ут-Тахрир бүткүл ислам үммөтүн Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт. Аллахтан бул майрамды келе жаткан жылы Ислам мамлекети тикеленген, дини бекемделген жана үммөт Ислам менен улуу даражага жеткен абалда кайтарышын тилейбиз.
Ошондой эле, мен жеке өз атымдан жана Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн атынан Хизб ут-Тахрирдин амири, улуу аалым Ата бин Халил Абу ар-Раштага (Аллах аны сактап, коргосун) өзгөчө куттуктоомду жолдойм. Аллах аны пайгамбарыбыз ﷺ сүйүнчүлөгөн пайгамбарлык минхажындагы экинчи рошид халифалыкты тикелөө менен ийгиликке жеткирсин!
Үммөт азыркы реалдуулуктун жийиркеничтүү экенин мурдагыдан да катуу сезип, андан кутулуу үчүн жан үрөп, Исламга мурдагыдан да көбүрөөк жакындады. Ошондуктан, ал зулум режимдерге каршы күрөштө мурдагыдан да бекем жана эрктүү болуп, бийлигин кайра кайтарып алуу үчүн аракет кылууда.
Үммөт бул башкаруу системаларынын астында калуунун оор кесепеттерин башынан өткөрүп, алардын Ислам үммөтүнүн байлыктарын батыштагы каапыр колонизаторлорго тартуулап жатканын, үммөттүн көйгөйлөрүнө чыккынчылык кылып, аскерлерди Палестинаны яхудий кылмышкерлеринин тырмагынан куткарууга тоскоолдук кылганын өз көзү менен көрдү. Ошондой эле, ал Батыштын Ислам динине жана анын баалуулуктарына ачкөздүк менен кийлигишүүсүн, яхудий мамлекетинин алдында баш ийүүгө мажбурлоосун, үммөттү же нормалдашууга же жок болууга мажбурлоо аракеттерин да ачык байкады.
Бул окуялар жана көрүнүштөр үммөттү Исламий башкаруусуз ал дайыма колония бойдон калат деген түшүнүккө бекем ишендирди. Ошентип, ал халифалык мамлекетинин зарылдыгына болгон ишенимин күчөттү. Чынында, халифалык азыр анын талабы болуп калды. Аллахтын жардамы менен үммөт туура жолду издеп жатат жана Исламды жашоо системасы катары колдонууну кечиктирүүгө мындан ары макул эмес. Ал секуляризмди даана жана ачык түрдө четке кагууда.
Шам жеринде үммөт жаңы башкаруучуларынан өлкөнү Аллахка гана таандык кылууну талап кылууда, ал эми башка өлкөлөрдө алардын башкаруусун зиректик менен көзөмөлдөп, Аллахтан алар үчүн туура жолду жана жакшылыкты сурап жатат.
Ал эми Батыш үммөттү башкарып турууда эң алсыз баскычында турат. Ошондуктан, ал мусулмандарды жана алардын жерлерин бекем көзөмөлдөөгө жан үрөп жатат. Биз муну анын түз жана кыйыр согуштары аркылуу Ислам үммөтүнө карата өрт сыяктуу куюлуп жатканын, бүтүндөй өлкөлөрдү талкалап, кыйратып жатканын көрүп турабыз. Ошондой эле, үммөттүн байлыктарын талап-тоноо үчүн бүткүл күчүн жумшап жатканын да байкап жатабыз. Ошого карабастан, Батыш өзүнүн бул аракеттери анын акыркы үмүтү экенин түшүнүп турат. Анткени, ал жакында эле таасирин жана мусулман өлкөлөрүндөгү кызматкерлерин биротоло жоготот. Ооба, кээ бирөөлөр: “Батыштын колунда күчтүү согуш куралдары бар, ал мусулмандардын башына отурган саткын кызматкерлерге ээ, дүйнөнүн негизги инфраструктураларын көзөмөлдөйт жана мусулман өлкөлөрүн тыкыр аңдып, алардын ар бир кыймылын санап турат”, – деп айтышы мүмкүн. Бирок Батыш да биз сыяктуу эле макулук адамзаттан турат, Аллах аларды өздөрү менен алек кылды. Биз буга алардын бүгүнкү абалынан күбө болуудабыз – алардын жүрөктөрү бири-бирине карама-каршы келип, ынтымагы бузулуп калды.
Биз – ушул жерлердин ээлери, ал эми Батыш бул жерлер үчүн жат. Ошондуктан, биз бул жерде андан күчтүүбүз. Мындан тышкары, Ислам үммөтү Иракта, Ооганстанда, Палестинада, Сирияда жана башка жерлерде Батыш менен түздөн-түз күрөш жүргүздү. Натыйжада, качан гана аракеттер таза жана бирдиктүү болсо, Батыш талкаланып, таасирин жоготконун көрдүк. Бирок анын кайра кайтып келиши – башкаруучулардын кыянаттык кылып, үммөттү кайрадан сатканынан улам болду. Алар Батышка үммөттүн артын ачып беришти, ошентип ал аны дагы бир жолу миздүү кылычы менен сайып өттү.
Бул бизди жалгыз жана четке кагууга болбой турган чындыкка алып келет: Батыш Ислам үммөтүнө чыккынчы башкаруучулардын колдоосу болбосо, каршы тура албайт. Бул нерсе халифалык кыйратылган күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин ушундай болуп келген. Ошондуктан, Ислам үммөтү ушул саткын башкаруучулардан арылышы жана бирдиктүү, таза аракеттерди көрүү менен кайрадан күчүн калыбына келтириши керек. Халифалыкты тикелөө жана үммөттүн күч-кубатын калыбына келтирүү үчүн Хизб ут-Тахрир сыяктуу чын ыклас менен иштеген уюмдар менен биргеликте аракеттениши зарыл. Анткени, жеңиш менен үммөттү бөлүп турган нерсе – жука жип сыяктуу гана.
Эй мусулмандар!
Кутулуу каалаган убакта ишке ашуусу мүмкүн. Силер Аллахтын силерге ар кандай учурларда жардам бергенин жана үстөмдүк кылганыңарды көрдүңөр. Бул – силер жалгыз гана Аллах үчүн таза амал кылганыңарда жүзөгө ашкан. Аллах Таала мындай деген:
﴿يَا أَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِن تَنصُرُوا۟ ٱللَّهَ يَنصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾
“Эй момундар, эгер силер Аллага жардам берсеңер (тактап айтканда Анын жолунда жихад кылсаңар), Ал Зат да силерге жардам берет жана согуш майданында кадамдарыңарды бекем, туруктуу кылат”. (Мухаммад, 7).
Аллахтын кең пейилдиги жана мусулмандардын кайраттуулугу менен силер Шам жеринде, Ооганстанда жана Палестинада Батышты жаңы чындыкка мажбурладыңар. Батыш каапырлары сыртынан күчтүү көрүнгөнү менен, чындыгында алар абдан алсыз!
Эй коомдук пикирди жаратуучулар!
Үммөттү тар жана майда талкуулар менен алаксытпагыла, анын күчүн бөлүп-жарып, аракеттерди текке кетирбегиле! Бардык аракеттериңерди Ислам шариатын толук жана кемчиликсиз жашоо тутуму катары ишке ашырууга багыттагыла.
Үммөт Сайкс-Пико келишими аркылуу бөлүнүп-жарылуунун азабынан кутулуп, өзүн бир бүтүн үммөт катары ойлонуп, аракеттенүүгө кайтып келиши үчүн күч-аракет жумшагыла! Ошондо Батыш аны жеңе албай калат.
Эй, күч-кубатка ээ болгон мусулмандар! Бул – силердин үммөткө улуулук жана үстөмдүк алып келүү үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүгүңөр! Үммөттү кылмышкер башкаруучулардан жана каапыр колонизаторлордун эзүүсүнөн куткаргыла!
Силер Батыштын ызы-чуу жана кылмышкерлик менен үммөттү эзип жатканын көрүп турасыңар. Ошондуктан, Са‘д ибн Му‘аз, Ас‘ад ибн Зурара жана Усейд ибн Худейр сыяктуу болуп, үммөттүн келечегин нур менен жазгыла, тагыраагы, силерден мурдагы Аллахтын элчисинин ﷺ ансарлары сыяктуу болгула!
Эй, мусулман армиясынын офицерлери жана командачылары! Жардамга шашылгыла! Шашылгыла! Аллахтан башка эч кимден коркпогула! Аллах – пенделерин үстөмдүк менен башкаруучу жана бардык нерсеге кудуреттүү! Аллах Таала мындай деп айткан:
﴿إِن يَنصُرْكُمُ ٱللَّهُ فَلَا غَالِبَ لَكُمْ وَإِن يَخْذُلْكُمْ فَمَن ذَا ٱلَّذِى يَنصُرُكُم مِّنۢ بَعْدِهِۦۗ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ ٱلْمُؤْمِنُونَ﴾
“Эгер силерге Алла жар болсо эч ким силерди жеңе албайт. Эгер Ал силерди жардамсыз койсо, Андан Өзгө эч бир зат жардамчы боло албайт. Ыйман келтирген заттар Алланын Өзүнө гана сүйөнүшсүн!” (Али Имран, 160).
Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Лаа илааха иллаллах, Аллаху Акбар! Аллаху Акбар, ва лиллахил-хамд!
Аллах силердин ибадаттарыңарды кабыл кылсын! Айт күнүңөр куттуу болсун!
1446-хижрий жылдын Шаввал айынын биринчи күнү – 2025-жылдын 30-марты, жекшемби күнү!
Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн жетекчиси
Салахуддин Азаза