Орозо жана бейиштин эшиктери

31
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Орозо жана бейиштин эшиктери

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

حَدَّثَنِي يَحْيَى بْنُ بُكَيْرٍ، قَالَ حَدَّثَنِي اللَّيْثُ، عَنْ عُقَيْلٍ، عَنِ ابْنِ شِهَابٍ، قَالَ أَخْبَرَنِي ابْنُ أَبِي أَنَسٍ، مَوْلَى التَّيْمِيِّينَ أَنَّ أَبَاهُ، حَدَّثَهُ أَنَّهُ، سَمِعَ أَبَا هُرَيْرَةَ ـ رضي الله عنه ـ يَقُولُ قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم: “إِذَا دَخَلَ شَهْرُ رَمَضَانَ فُتِّحَتْ أَبْوَابُ السَّمَاءِ، وَغُلِّقَتْ أَبْوَابُ جَهَنَّمَ، وَسُلْسِلَتِ الشَّيَاطِينُ ” سنن ابن ماجه

Яхья ибн Букайр Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат. Пагамбар (с.а.в) айтты: “Рамазан айы киргенде, бейиштин эшиктери ачылат, тозоктун эшиктери жабылат жана шайтандар кишенделет”. (Сунан ибн Маажа).

Урматтуу бир туугандар!

Сөздөрдүн эң жакшысы – Аллах Тааланын сөзү, ал эми туура жолдун эң жакшысы – Анын Пайгамбары Мухаммад (с.а.в)дын жолу.

Бул асыл хадисте Аллах Тааланын пенделерине болгон рахматы жана ырайымына үмүт жараткан нерселер камтылган. Бул ыйык ай бизге кандай жакшылыктарды жана берешендикти алып келерин Азирети Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кабарлап жатат. Бул айда дубаларыбыз кабыл болуп, амалдарыбыз анын алдына көтөрүлүшү үчүн Аллах Таала бизге бейиштин эшигин ачат. Бул ай башка айлардан башкача жана өзгөчө экенин билебиз. Андагы жакшылык башка айларга жана жылдын калган күндөрүнө караганда он эсе көп. Бул орозо кармоочуларды Рамазан айында жакшы амалдарды көбөйтүүгө үндөйт. Анын сообу азыр чоңураак жана эки эсе көбөйгөндүктөн, алсыздыкты, кудуретисиздикти, суу менен тамак-аштын жетишсиздигин шылтоо кылбашыбыз керек. Бул мүмкүнчүлүк жылына бир гана жолу келет.

Хадисте өтө маанилүү нерсе кошулган. Бул айда Аллах тозоктун эшиктерин жаап салат. Кимде-ким бул айда орозо кармап, намаз окуса жана бардык иш-аракеттеринде Аллахтын буйруктарына жана тыюуларына бекем карманса, ага кирбейт.

Бул хадис Аллах Таала бул ыйык айда шайтандарды чынжырга кишендеп койгондугу менен аяктайт. Демек, шайтан жеңип кетти, напси алсыз деп жалкоолук кылып актанган адамга эч кандай шылтоо калбайт. Кимде-ким Аллахка напсисинде жана иш-аракеттеринде чынчыл болсо, анда ката кетирүү менен гана Аллахка баш ийбей калбаса, аны эч бир шайтан азгыра албайт жана адаштырбайт. Ал эми күнөөгө көнүп калгандар бул айда Аллахка кайрылып, Ага тообо кылышы керек. Анткени бул ай тооболорду кабыл кылуу жана кечиримдүүлүк айы. Ал эми Аллахка атайылап жана өжөрлүк менен баш ийбегендерге келсек, адамдар аны билбейт деп ойлогон ар бир мунафыкты, анын кылган иштерин Аллах билет жана ачыкка чыгарат.

Аллах пенделерин жакшы билерин, пенделерине ырайымдуу экенин жана катасын түшүнүп тообо кылгандардын тообосун кабыл алаарына толук ишенишибиз керек. Бул берекелүү айдан кийин да туура жолдо калышы үчүн анын иштерине жардам берет.

Аллахтан күнөөлөрүбүздү кечирип, жакшы амалдарыбызды көбөйтүшүн тилейбиз. Амалдарыбызды кабыл кылып, Анын ыраазылыгы үчүн гана амал кылууну насип  кылсын. Арабызда эч бир мунафыкты ашкере кылбай калтырбасын, эч бир адашканды туура жолго салбай калтырбасын, Аамиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 12-рамазан.

2025-ж, 12-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here