Кайра камакка алынган 12 туткунду бошотуу талабы

24
0

Басма сөз баянаты

Кайра камакка алынган 12 туткунду бошотуу талабы

Хизб ут-Тахрирдин Танзания вилаяты 2025-жылдын 4-мартында он жылдык камактан бошотулган 12 жигиттин кайра камакка алынышын кескин айыптайт. Камакка алынгандар төмөнкүлөр:

  • Али Мохамед Олатули (70 жаш)
  • Хамиси Мохамед Олатули
  • Насору Сулейман Олатули
  • Ражаб Али Мохамед Олатули
  • Рамадани Хамиси Мохамед Олатули
  • Саиди Абдулла Шембита
  • Фазли Шабани Лукуимби
  • Мниму Касим Мватумбо
  • Абдулла Бушири Калокола
  • Хамиси Али Масамба
  • Умари Абдулла Макута
  • Мохамед Хасан Унгандо

Өткөн жумада Башкы прокуратура айыптоону улантуу каалоосу жок экенин мойнуна алгандан кийин, жогорудагы бардык туткундар бошотулган. Бирок мамлекеттик органдар аларды Рамазан айында кайрадан мыкаачылык менен камакка алып, уялбастан кайра кармап турат!

Өзгөчө өкүнүчтүү жагдай, мамлекеттик органдар алардын күнөөсүз экенин билип туруп, эч кандай адамгерчилик сезими жок кайрадан камакка алышты. Алар жылдар бою «иликтөө жүрүп жатат» деген шылтоо менен мыйзамсыз түрмөдө кармалды. Камалгандардын кээ бирлери улгайган кишилер, башкалары болсо үй-бүлөлүүлөр. Алгач алардын саны жети эле болсо, тилекке каршы, экөө түрмөдө каза болду. Буга кошумча, аларга эч кандай компенсация берилбейт.

Хизб ут-Тахрир Танзания бир нече жолу «терроризмге каршы күрөшүү мыйзамы» – бул колониалдык жана жикчил мыйзам экенин, айрыкча Танзаниядагы жана башка өлкөлөрдөгү мусулмандарга карата катаал мамилени шарттай турганын белгилеп келген. Бул мыйзам боюнча бир топ суроолор жаралат:

Эмне үчүн далилдер сотко жеткирилбейт? Эмне үчүн кармалган адамдарга адилеттүү сот процесси жүргүзүлбөйт? Эмне үчүн аларды күрөө (гарантия) менен бошотууга уруксат берилбейт? Эмне үчүн алар бошотулгандан кийин кайрадан камакка алынат?

Жалгыз жыйынтык – «терроризмге каршы күрөш» деген шылтоо менен жүргүзүлгөн репрессиялык саясат бар экендиги. Хизб ут-Тахрир / Танзания бардык мусулмандарды жана адилеттүүлүккө умтулган адамдарды бул мыйзамсыздыкка каршы чыгууга чакырат. Ошондой эле, бардык сот мекемелерин Башкы прокуратуранын позициясын эске алып, 12 туткунду дароо бошотууга үндөйт.

Масуд Муслим

Хизб ут-Тахрирдин Танзаниядагы маалымат бөлүмүнүн өкүлү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here