Бакара сүрөөсү

159
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Бакара сүрөөсү

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Жамиъ ат-Тирмизиге Тухфат аль-Ахвадий шарх берип, “Бакара сүрөсү” бабында мындай деп айтат:

حدثنا هناد حدثنا وكيع عن إسرائيل عن أبي إسحق عن البراء بن عازب قال: لما قدم رسول الله صلى الله عليه وسلم المدينة صلى نحو بيت المقدس ستة أو سبعة عشر شهرا، وكان رسول الله صلى الله عليه وسلم  يحب أن يوجه إلى الكعبة فأنزل الله: ” قدْ نَرَى تَقَلُّبَ وَجْهِكَ فِي السَّمَاء فَلَنُوَلِّيَنَّكَ قِبْلَةً تَرْضَاهَا فَوَلِّ وَجْهَكَ شَطْرَ الْمَسْجِد الْحَرَامِ”، فوجه نحو الكعبة وكان يحب ذلك فصلى رجل معه العصر قال” ثم مر على قوم من الأنصار وهم ركوع في صلاة العصر نحو بيت المقدس فقال: هو يشهد أنه صلى مع رسول الله صلى الله عليه وسلم وأنه قد وجه إلى الكعبة قال: فانحرفوا وهم ركوع قال أبو عيسى هذا حديث حسن صحيح وقد رواه سفيان الثوري عن أبي إسحق.

Бизге Ханад Аль-Бара бин Аазибден риваят кылат. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) Мадинага келгенде, он алты же он жети ай Кудусту карап намаз окуду. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) Каабага караганды жакшы көрчү. Ошондуктан Аллах мындай деп вахий кылды: “Биз сенин жүзүңдүн асманга бурулганын көрдүк, албетте, сени ыраазы боло турган кыбылага бурабыз. Жүзүңдү каьбага бур”. Ал жүзүн Каабага бурду, ал муну  жакшы көрчү, бир киши аны менен бирге аср намазын окуду, (ал киши) ансарлардын кээ бирлери аср намазында Байтул-Макдис тарапка карап  рүкү кылып жатышканда, жанынан өтүп баратып,  Ал (Аллахтын Элчиси саллаллаху алейхи уа саллам менен бирге намаз окуганына жана ал жүзүн Кааба тарапка бурганына күбөлүк берип) айтты. Ал айтты: Алар рүкү кылган боюнча, каьбага жүз бурушту”. Абу Иса айтты: Бул хасан жана сахих хадис, аны Суфйан Саври Абу Исхактан риваят кылган.

Сүйүктүү бир туугандар!

Бул хадисте кыбыланын багытын өзгөртүү жөнүндө айтылгандан тышкары өкүмдөрдү дароо ишке ашыруу тууралуу да айтылып жатат. Ансарлар рүкү абалында аср намазында бир тараптан экинчи тарапка, Куддустан Каабага бурулушту. Эмне үчүн намазды хушуу менен окуп жатып мындай кылышты? Алар Аллахтын алдында турушканда эмнеге ушундай кылышты? Алар намаздарын хушуу менен окушкан жок деп ойлойсуңарбы? Же азыркы кээ бир мусулмандар сыяктуу намазга киргенде, банк эсептери жана дүнүйө иштери кошо кирет деп ойлойсуңарбы? Жок, ант болсун! Алар  жети кабат асмандын үстүндөгү Аллах мактаган ансарлар. Алар шарьий өкүмдөрдү кийинкиге калтырууга болбостугун жана талкуусуз тез арада аткарылышы керектигин түшүнгөн ансарлар.

Тилекке каршы, бүгүнкү күндө кээ бир мусулмандар ушундай абалга келишти. Кыз бала өзү канаатанган нерсени кылганга акысы бар дешип, жилбаб өкүмүн талкуулашат. Ал тургай кээ бирлери: “Эгер мага аял берсең, намаз окуйм”, деп Кудайга шарт коё турган болуп калышты.

Эй мусулмандар!

Раббибиздин өкүмдөрүнө дароо жооп берүүдө ылдам аткарууну бүгүн кайда калтырдык? Аллах Таала бизден Куранды жашообузда колдонууну талап кылат. Жүз жылдан ашык убакыттан бери биз Аллах уруксат бербеген залим мыйзамдар менен жашап келе жатабыз. Ансарлар кыбылаларын Куддустан Ыйык Каабага алмаштырган сыяктуу, мусулмандар да куфрдан Исламды колдонууга өтүшү керек. Бул үчүн мусулмандар кемчиликтерин түшүнүп, Раббинин Китебин ишке ашыруу үчүн кайдыгерлик уйкусунан эмнеге ойгонбой жатышат? Улуу Арштын Раббиси болгон Аллах Тааладан бизди сөздү угуп, анын эң жакшысына ээрчигендерден кылуусун тилейбиз.

Жамиъ ат-Тирмизиде дагы айтылат:

حَدَّثَنَا هَنَّادٌ حَدَّثَنَا أَبُو الْأَحْوَصِ عَنْ عَطَاءِ بْنِ السَّائِبِ عَنْ مُرَّةَ الْهَمْدَانِيِّ عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ مَسْعُودٍ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِنَّ لِلشَّيْطَانِ لَمَّةً بِابْنِ آدَمَ وَلِلْمَلَكِ لَمَّةً، فَأَمَّا لَمَّةُ الشَّيْطَانِ فَإِيعَادٌ بِالشَّرِّ وَتَكْذِيبٌ بِالْحَقِّ، وَأَمَّا لَمَّةُ الْمَلَكِ فَإِيعَادٌ بِالْخَيْرِ وَتَصْدِيقٌ بِالْحَقِّ، فَمَنْ وَجَدَ ذَلِكَ فَلْيَعْلَمْ أَنَّهُ مِنْ اللَّهِ فَلْيَحْمَدْ اللَّهَ، وَمَنْ وَجَدَ الْأُخْرَى فَلْيَتَعَوَّذْ بِاللَّهِ مِنْ الشَّيْطَانِ الرَّجِيمِ، ثُمَّ قَرَأَ “الشَّيْطَانُ يَعِدُكُمْ الْفَقْرَ وَيَأْمُرُكُمْ بِالْفَحْشَاءِ” الْآيَةَ.

Бизге Ханнад Абдулла бин Масъуддан риваят кылды. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Адам баласына шайтандын васвасасы (ой салуусу) жана периштенин васвасасы болот. Шайтандын васвасасы жамандыкты убада кылуу жана чындыкты жалганга чыгаруу. Ал эми периштенин васвасасы жакшылыкты убада кылуу жана чындыкты тастыктоо. Ким муну тапса, Аллахтан экенин билсин, Аллахка мактоолор айтсын. Ким башканы тапса, каргышка калган шайтандан Аллахтан коргоо тилесин. Анан: “Шайтан силерди кедейлик менен коркутат жана бузукулукка буюрат” деген аятты окуду.

“Ким муну тапса” т.а периштенин ой салуусун түшүнүп, билсе “ал Аллахтан экенин билсин” мааниси чоң бир жакшылык. Бул жакшылык ага жеткен жана ага түшкөн, анткени Алла периштеге аны ага илхам кылууну буйруган.

“Ал Аллахты мактасын” бул улуу немат үчүн шүгүр кылсын. Анткени Алла периштени аны туура жолго салууга жана аны ошол жакшылыкка багыттоого жөндөмдүү кылган.

“Ким башкасын тапса” т.а. шайтандын васвасасын тапса Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) окуган “ويأمركم بالفحشاء”، الشيطان يعدكم الفقر” “Шайтан силерге жакырчылыкты убада кылат (аны  менен коркутат) жана бузукулукка буюрат”. Тактап айтканда, шайтан силерди мал-мүлкүңөрдү кайрымдуулук иштерине сарптооңордон тосуу үчүн келечекте силер же балдарыңар муктаж болуп каласыңар деген ой салуу менен силерди жакырчылык менен коркутат. Айрыкча жаш өтүп бала-чака көбөйгөн сайын бул күчөйт. Силерди бузукулукка б.а. күнөө кылууга буйруйт. Каргышка калган шайтандын бул убадасы жана буйругу хадисте айтылган жамандык.

Сүйүктүү бир туугандар!

Бул хадис адамды эскертүү жана анын шайтан менен бүтпөс согушун эске салуу үчүн айтылды. Анткени адам бар болгон соң, анын жанында шайтан алейхи лаана бар. Ага кызмат кылуу үчүн эмес, тескерисинче, аны баш ийбөөгө чакырып, жаман иштерге үндөө үчүн жанында жүрөт. Ар дайым ага оңунан да, солунан да, артынан да, алдынан да келет жана аны эч качан таштабаган көлөкөсү сыяктуу жанында жүрөт. Бул абал адамга жакшылык, ыйман жана салих амалдарды убада кылган, адамга өкүл кылып дайындалган периштенин абалынан айырмаланат. Ошентип, адам өзүнө тарткан эки күчтүн ортосунда жашайт. Ошондуктан адам кээде жүрөгүндө аны адашууга түртүп, бузукулукка, күнөөлөргө түрткөн бир нерсени табат. Кээде тескерисинче, жакшылыкка, күнөөлөрдөн жана бузукулуктардан алыс болууга бир нерсе түрткү бергендей нерсени табат.

Эй мусулмандар!

Адам көтөрүп жүргөн туура исламий түшүнүктөр гана периште чакырган нерсеге жооп бере алуучу жана каргышка калган шайтандын чакырыгынан алыстата турган кепилдик боло алат. Бул туура түшүнүктөр мусулмандардын жашоосунан узак убакыт бою акимдердин начар камкордугунан улам жок болсо да, Аллахка шүгүр, үммөт өзү жашап жаткан жаман вакыйды түшүнүү менен бул туура түшүнүктөр кайтып келе баштаганын көрүп жатабыз.

Жамиъ ат-Тирмизинин “Бакара сүрөсү” бабында дагы мындай деп айтылат:

حَدَّثَنَا هَنَّادٌ حَدَّثَنَا أَبُو مُعَاوِيَةَ عَنْ الْأَعْمَشِ عَنْ ذَرٍّ عَنْ يُسَيِّعٍ الْكِنْدِيِّ عَنْ النُّعْمَانِ بْنِ بَشِيرٍ عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِي قَوْلِهِ: “وَقَالَ رَبُّكُمْ ادْعُونِي أَسْتَجِبْ لَكُمْ” قَالَ: الدُّعَاءُ هُوَ الْعِبَادَةُ، وَقَرَأَ “وَقَالَ رَبُّكُمْ ادْعُونِي أَسْتَجِبْ لَكُمْ” إِلَى قَوْلِهِ تعالى: دَاخِرِينَ

Бизге Ханнад Нуъман бин Баширден риваят кылды. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты. Раббиңер айтат: “Мага дуба кылгыла, Мен силерге жооп берем”. Ал айтты: “Дуба – бул ибадат”. Анан “Мага дуба кылгыла, Мен силерге жооп берем” деген аятты аягына чейин окуду.

“Дуба – бул ибадат”. Анткени, дуба ибадат деп аталууга татыктуу болгон чыныгы ибадат. Дуба кылууда Аллахка гана кайрылууга жана башка бардык нерселерден баш тартылат. Башкача айтканда бир гана Аллахтан үммүт кылып андан гана коркууну билдирет. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) Раббиңер айтты: {وَقَالَ رَبُّكُمُ ادْعُونِي أَسْتَجِبْ لَكُمْ إِنَّ الَّذِينَ يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِي سَيَدْخُلُونَ جَهَنَّمَ دَاخِرِينَ} “Мага  дуба кылгыла, мен силерге жооп берем, мага ибадат кылуудан текебер болгондор тозокко кор болгон абалда киришет” – деген аятты окуду.

Урматтуу бир туугандар!

Дуба – бул ибадат. Балким ал ибадаттын өзөгү жана бул пенденин Раббисинен суроосу. Бирок, мусулмандарда туура ибадат жок болгондуктан дуба өзүнүн маңызын жоготкон. Мечиттеги хутба кылуучулар мечиттин эң сыйлуу жана ыйык минбарлардан душмандарын жеңип чыгууга Аллахка дуба кылып жаткандыктарын көрөбүз. Бирок алардын көбү Аллах түшүргөндөн башка нерсе менен өкүм кылуу жөнүндө унчугушпагандыгы үчүн Раббисине баш ийбеген асийлер болушту. Алар Аллахка дуба кылышат жана Андан жардам сурашат, бирок алар ошол эле учурда Аллахтын жолунан өтө узак. Алар Аллах түшүргөндөн башка менен өкүм кылган акимдердин жолунда жүрүшөт. Жүз жылдан бери алар Раббисине дуба кылышат, жүз жылдан бери аалымдар Раббисине дуба кылышат, жүз жылдан бери үммөт Раббисине өзүнүн абалын өзгөртүүгө жана аны душмандарынын үстүнөн жеңишке жеткирүүгө, жерлерди азат кылып Халифалыктын тикеленүүсүнө дуба кылат. Бирок абал өзгөргөн жок. Мусулмандар эмне үчүн деп өздөрүнө суроо беришпейби? Аллах бардык нерсеге кудуреттүү “Бол” деген сөзү менен убада кылганын аткарууга кудуреттүү. Ал пенденин колун куру кайтаргандан уялат. Эмнеге ошондой болсо да үммөттүн абалы өзгөрбөй жатат?

Мүмкүн жооп Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) хадисинде абдан ачык айтылса керек:

 صلى الله عليه وسلم- حيث قال: ” لتأمرن بالمعروف ولتنهون عن المنكر، أو ليوشكن الله أن يبعث عليكم عقاباً منه، ثم تدعونه فلا يستجاب لكم

 “Жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарасыңар, болбосо (андай кылбасаңар) Аллах тез арада силерге Өз тарабынан бир азап жиберет, анан Ага дуба кыласыңар, ал силерге жооп бербейт”.

Кээ бир адамдар адилетсиз заалим, бузуку же каапыр акимди жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтаруунун ордуна аны даңазалоо менен Раббисине дуба кылышат. Ал бул абалда өзү аткарышы керек болгон “амалды” аны жакшылыкка буйруу жана жамандыктан кайтаруу, Аллахтын жеринде Аллахтын мыйзамын ишке ашырууга чакыруу экенин унуткан. Ага кошомат кылуу же мактоо үчүн дуба кылат. Бул жагдайда ал Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) хадисине амал кылуусу керек:

صلى الله عليه وسلم- ” سيد الشهداء حمزة ورجل قام إلى إمام جائر فمره أأأ  أمره ونهاه فقتله

 “Шейиттердин төрөсү Хамза жана адилетсиз акимге каршы туруп, аны жакшылыка буйруп жамандыктан кайтарагандыгы себептүү өлтүрүлгөн адам”.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 24-ражаб.

2025-ж, 24-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here